Добавить новость
Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026
1 2 3 4 5 6 7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Партиялардын курултайы, оппозициянын айбаты

0 228
Жогорку Кеңешке 28-ноябрда белгиленген шайлоого аттанган партиялар курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекитүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык 9-октябрга карата төрт саясий партия курултай өткөрдү.


9-октябрда “Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман Нуру”, “Күчтүү регион” партиялары курултай өткөрдү. Алгачкылардан болуп тизмесин бекиткен "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары бийликти сындап, азыркы саясат менен макул эместигин билдиришүүдө.


Текебаев тизмени баштайт


"Ата Мекен" партиясын бул жолку парламенттик шайлоого партия лидери Өмүрбек Текебаев өзү баштап барат. Бул тууралуу Бишкектеги Максим Горький аянтында өткөн курултайда белгилүү болду.


Бирок курултай талапкерлердин тизмесин бекиткен жок. Партиянын басма сөз кызматы муну саясий биригүүлөр уланып жаткандыгы менен түшүндүрүп, тизме 11-октябрда бекитилерин билдирди.




Курултайда тизменин сап башындагы беш талапкердин ысымдары аталды.


Алар: “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова, мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев, иликтөөчү журналист Али Токтакунов жана депутат Наталья Никитенко.


Негизги баяндаманы партия лидери Өмүрбек Текебаев жасады.


“Биздин тизмеде бийликтин камчысын чаап, кызматын кылып, элге жаман көрүнгөн партиялардын лидерлери жок. Былтыр революцияга себеп болгон партиялардын өкүлдөрү, лидерлери бүгүнкү бийликтин партияларында. Алардын жүзүн жакында ачабыз”, - деди Текебаев.


Буга чейин "Ата Мекен", "Реформа" партиялары биригип, "Эгемен" аттуу коалиция түзгөнүн жарыялашкан. Кийин ага "Туран", "Ак калпак", "Эгемен Кыргызстан" партиялары, "Каныкей" коомдук кыймылы кошулганы белгилүү болгон.


"Ата Мекен" партиясы 2020-жылкы парламенттик шайлоого "Жаңы Дем" деген платформанын астында барган. Ал шайлоодо "Ата Мекен" 80 279 (4,10%) добуш алган.


“Бүтүн Кыргызстан” бийликти сындады


Ушул эле күнү оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” партиясы курултайын өткөрүп, 54 талапкердин тизмесин бекитти. Андан тышкары бир мандаттуу №2 Баткен шайлоо округунан талапкер көргөздү.


Партия лидери Адахан Мадумаров курултайда сүйлөп жатып “Бүтүн Кыргызстан" 2020-жылы парламенттик шайлоодо 7% босого чектен өткөн жалгыз бийликчил эмес партия болгонун белгиледи.


Мадумаров 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин бийликке келген саясий күчтүн констититуциялык реформасын, жүргүзгөн саясатын кескин сындады.


“Биз менен бир дагы өлкө алака кургусу келбей жатат. Бир жылдан ашык убакыт өтсө да Кыргызстанга бир дагы расмий мамлекеттик делегация келген жок, келиши дагы күмөн. Биздин салттуу, эң ынтымактуу жашаган кошуналардын чек арасы азыркы убакка чейин жабык турганын жакшы билесиздер”.




"Бүтүн Кыргызстанды" шайлоого партия лидери Адахан Мадумаров баштап барат. Алдыңкы бештикте “Кыргызстан коммунисттер” партиясынын лидери Исхак Масалиев, акыйкатчы Токон Мамытов, активист Орозайым Нарматова, Жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси Темирлан Сманбеков бар.


Андан тышкары “Бүтүн Кыргызстандын” тизмеси менен бул жолу Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев ("Ата Мекен" фракциясы), Аккулу Бердиев ("Бир Бол" фракциясы) бара турганы белгилүү болду.


"Ыйман Нуру" ортодо болгусу келет


9-октябрда "Ыйман Нуру" партиясы дагы курултай өткөрүп, тизмесин бекитти. Партия лидери Нуржигит Кадырбековдун айтуусунда "Ыйман Нуру" центристтик партия катары шайлоого катышат.




Тизме башында партия лидери Нуржигит Кадырбеков өзү турат. Алдыңкы бештикте Кара-Балта шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Алмаз Аалыев, "Тынчтык" партиясынын лидери Чынара Мамажакыпова, партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Динара Ашимова, Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Аскарбек Күрүчбеков бар.


"Ыйман Нуру" партиясы 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого катышкан. Анда 66 747 (3,41%) добуш алган.


Оппозициянын шайы кандай?


Курултайын өткөргөн “Ата Мекен” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясы оппозиция экенин жарыялашты. Булардан тышкары шайлоого катышчу Социал-демократтар, "Альянс" сыяктуу дагы башка оппозициялык маанайдагы партиялар бар.


Саясат талдоочу Азим Азимов бул жолу оппозициялык партиялардын шайлоого даярдыгы былтыркыга салыштырмалуу алсыз экенин айтты:




“Оппозициялык риториканы колдонгон саясий партиялардын көбү өткөн жылдагы шайлоого аттанып жаткан убактан бери идеологиялык өзгөрүү болгон жок. Ошол эле маалда уюштуруучулук жагы төмөндөдү десек болот. Азыр бул партиялардын тизмелери өзгөрдү. Былтыр күчтүүрөөк талапкерлер болсо, бул жолу ал жагынан дагы алсырады. Азыр бир нече партия өзүн оппозиция катары көрсөтүп жатат. Алардын электораты, сүйлөгөнү, идеялары окшош. Бир канча партияга бөлүнүп алып алсыз талапкерлер менен шайлоого чыкканы жатат. Логика менен караганда бул партиялар күчүн, талапкерлерин бириктирип чыкса, шайлоо жыйынтыгына таасир этмек”.


Саясий серепчи Эмилбек Жороев парламенттик шайлоого саясий күчтөрдүн даярдыгы тууралуу буларга токтолду.


“Бүгүнкү бийликте аларга жакын же алар уюштурган, түптөгөн партиялар болуп жатат. Оппозициялык партиялар мобилизация болуп, биригүү аракеттери болууда. Бирок алардын мүмкүнчүлүгү мурдагыдай чектелүү бойдон калууда. Мындан сырткары жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык өзгөчөлүктөр бар. 90 гана мандат болсо анын 36сы бир мандаттуу болуп калды. Демек партиялар ортосунда гана эмес, партия тизмесиндеги талапкерлер ортосунда дагы атаандаштык болот".


Ошол эле маалда бийликчил деп саналган партиялар да атала баштады. Бирок парламенттик шайлоону уюштуруу, таза өткөрүү маселеси боюнча республикалык шайлоо штабынын жетекчиси болуп дайындалган, коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов буга чейин "президенттики" деген партиялар болбой турганын билдирген.


"Президент элдин талабын билет, сезип турат. Ошондуктан элдин талабын аткаруу үчүн тапшырма берди. Таза, ачык, мыйзамдуу шайлоону өткөрүп берели деп жатабыз. Президенттин, бийликтин партиясы, талапкери деген жок. Бардык талапкерге жана партияга бирдей мамиле кылабыз".




Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондор Бишкекте митингге чыгып, бийлик алмашкан.


Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат.


Боршайкомго 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес. Бир мандаттуу округдан шайлоодо ат салышам дегендер 9-октябрга карата 170тен ашты. Алардын ондон ашууну талапкер болуп расмий катталды.




 




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

Новости Тувы



Глава Тувы Владислав Ховалыг

Частные объявления в Туране



Загрузка...
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Туран на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.