Жогорку сот Казыбек казалчыны актаган чечим чыгарды
0
100
Өткөн кылымдын башында Казыбек казалчы деген ат менен таанылган акын Казыбек Мамбетимин уулу реабилитация болду. Тарыхый инсанга реабилитация укугун берүү тууралуу чечим Жогорку Сотто бүгүн 16-февралда чыкты.
Мекеменин маалыматына караганда, Казыбек Мамбетимин уулунун ишин жаңы жагдайларга байланыштуу кайра кароо тууралуу өтүнүч менен Башкы прокуратура кайрылган.
Натыйжада өтүнүч канааттандырылып, СССРдин Аскердик трибуналынын жана Жогорку сотунун өкүмдөрү жокко чыгарылды.
Реабилитациялоо маселесин дээрлик он жылдан бери көтөрүп келген демилгечи топтун жетекчиси Токтобек Асаналиев “Азаттыкка” төмөнкүлөрдү билдирди:
“Жалпы маданият чөйрөсүнүн, Ат-Башы элинин ар бир айыл аксакалынын атынан, манасчы-акындардан кол топтоп, колдоп жазып беришкен. Быйыл Казыбек казалчынын 120 жылдыгы. Бул датаны мамлекеттик деңгээлде өткөрүү үчүн реабилитация болсун, акталып берсин жана ал тууралуу материалдардан “купуялык грифи” алынсын деп арыз жазып кайрылганбыз. Кийинки аракетибиз да жакшы болоруна ишенебиз, себеби ал кишинин сүрөтү да жок, сүрөтүн алыш керек, чыгармачылыгын, агартуу жана илим чөйрөсүндөгү эмгегин Кыргызстанга жайылтуу зарыл, айтыш өткөрөлү деген планыбыз да бар”.
Казалчы Казыбек Мамбетемин уулу, жазма материалдарга таянсак, 1901-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Четкелтебек жайлоосунда туулган, каза болгон жылы белгисиз. Жаш кезинде молдодон окуп, жаза билген. 1929-жылы бай-манаптын өкүлү катары кулакка тартылып (атасы менен бирге), Орусиянын Оренбург шаарына айдалган. 1931-жылы бошотулган. Ошол эле жылы Кытай тарапка качкан. 1934-жылы Кытайдан кайра Кыргызстанга өтүп келе жатканда кармалып, атууга өкүм кылынган, бирок өкүм 10 жылдык түрмө менен алмаштырылган. 1936-жылга чейин түрмөдө болгон.
Казыбек Мамбетемин уулунун казалдарынын көркөмдүгү жана тарбиялык мааниси жогору болуп, ошол учурдагы элдин турмушун таасын чагылдырган. Айрыкча анын сүргүндө жүргөндөгү «Орунбордон каты» элге кеңири тараган.
Казалдары 1990-жылдан кийин гана жарык көрө баштаган. Кол жазмалары сакталбай калган.
Казыбек Мамбетемин уулунун ысымы өзү туулган айылга жана Ат-Башы айылындагы орто мектепке берилген. (RK)