Мы в Telegram
Добавить новость
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено
Бабаево Бабушкин Бавлы Багратионовск Байкальск Баймак Бакал Баксан Балабаново Балаково Балахна Балашиха Балашов Балей Балтийск Барабинск Барнаул Барыш Батайск Бахчисарай Бежецк Белая Калитва Белая Холуница Белгород Белебей Белёв Белинский Белово БелогорскАмурская область БелогорскКрым Белозерск Белокуриха Беломорск Белорецк Белореченск Белоусово Белоярский Белый Бердск Березники БерёзовскийКемеровская область БерёзовскийСвердловская область Беслан Бийск Бикин Билибино Биробиджан Бирск Бирюсинск Бирюч БлаговещенскАмурская область БлаговещенскБашкортостан Благодарный Бобров Богданович Богородицк Богородск Боготол Богучар Бодайбо Бокситогорск Болгар Бологое Болотное Болохово Болхов Большой Камень Бор Борзя Борисоглебск Боровичи Боровск Бородино Братск Бронницы Брянск Бугульма Бугуруслан Будённовск Бузулук Буинск Буй Буйнакск Бутурлиновка
Кадников Казань Калач Калач-на-Дону Калачинск Калининград Калининск Калтан Калуга Калязин Камбарка Каменка Каменногорск Каменск-Уральский Каменск-Шахтинский Камень-на-Оби Камешково Камызяк Камышин Камышлов Канаш Кандалакша Канск Карабаново Карабаш Карабулак Карасук Карачаевск Карачев Каргат Каргополь Карпинск Карталы Касимов Касли Каспийск Катав-Ивановск Катайск Качканар Кашин Кашира Кедровый Кемерово Кемь Керчь Кизел Кизилюрт Кизляр Кимовск Кимры Кингисепп Кинель Кинешма Киреевск Киренск Киржач Кириллов Кириши КировКалужская область КировКировская область Кировград Кирово-Чепецк КировскЛенинградская область КировскМурманская область Кирс Кирсанов Киселёвск Кисловодск Климовск Клин Клинцы Княгинино Ковдор Ковров Ковылкино Когалым Кодинск Козельск Козловка Козьмодемьянск Кола Кологрив Коломна Колпашево Колпино Кольчугино Коммунар Комсомольск Комсомольск-на-Амуре Конаково Кондопога Кондрово Константиновск Копейск Кораблино Кореновск Коркино Королёв Короча Корсаков Коряжма Костерёво Костомукша Кострома Котельники Котельниково Котельнич Котлас Котово Котовск Кохма Красавино КрасноармейскМосковская область КрасноармейскСаратовская область Красновишерск Красногорск Краснодар Красное Село Краснозаводск КраснознаменскКалининградская область КраснознаменскМосковская область Краснокаменск Краснокамск Красноперекопск КраснослободскВолгоградская область КраснослободскМордовия Краснотурьинск Красноуральск Красноуфимск Красноярск Красный Кут Красный Сулин Красный Холм Кремёнки Кронштадт Кропоткин Крымск Кстово Кубинка Кувандык Кувшиново Кудымкар Кузнецк Куйбышев Кулебаки Кумертау Кунгур Купино Курган Курганинск Курильск Курлово Куровское Курск Куртамыш Курчатов Куса Кушва Кызыл Кыштым Кяхта
Набережные Челны Навашино Наволоки Надым Назарово Назрань Называевск Нальчик Нариманов Наро-Фоминск Нарткала Нарьян-Мар Находка Невель Невельск Невинномысск Невьянск Нелидово Неман Нерехта Нерчинск Нерюнгри Нестеров Нефтегорск Нефтекамск Нефтекумск Нефтеюганск Нея Нижневартовск Нижнекамск Нижнеудинск Нижние Серги Нижний Ломов Нижний Новгород Нижний Тагил Нижняя Салда Нижняя Тура Николаевск Николаевск-на-Амуре НикольскВологодская область НикольскПензенская область Никольское Новая Ладога Новая Ляля Новоалександровск Новоалтайск Новоаннинский Нововоронеж Новодвинск Новозыбков Новокубанск Новокузнецк Новокуйбышевск Новомичуринск Новомосковск Новопавловск Новоржев Новороссийск Новосибирск Новосиль Новосокольники Новотроицк Новоузенск Новоульяновск Новоуральск Новохопёрск Новочебоксарск Новочеркасск Новошахтинск Новый Оскол Новый Уренгой Ногинск Нолинск Норильск Ноябрьск Нурлат Нытва Нюрба Нягань Нязепетровск Няндома
Саки Салават Салаир Салехард Сальск Самара Санкт-Петербург Саранск Сарапул Саратов Саров Сасово Сатка Сафоново Саяногорск Саянск Светлогорск Светлоград Светлый Светогорск Свирск Свободный Себеж Севастополь Северо-Курильск Северобайкальск Северодвинск Североморск Североуральск Северск Севск Сегежа Сельцо Семёнов Семикаракорск Семилуки Сенгилей Серафимович Сергач Сергиев Посад Сердобск Серов Серпухов Сертолово Сестрорецк Сибай Сим Симферополь Сковородино Скопин Славгород Славск Славянск-на-Кубани Сланцы Слободской Слюдянка Смоленск Снежинск Снежногорск Собинка СоветскКалининградская область СоветскКировская область СоветскТульская область Советская Гавань Советский Сокол Солигалич Соликамск Солнечногорск Соль-Илецк Сольвычегодск Сольцы Сорочинск Сорск Сортавала Сосенский Сосновка Сосновоборск Сосновый Бор Сосногорск Сочи Спас-Деменск Спас-Клепики Спасск Спасск-Дальний Спасск-Рязанский Среднеколымск Среднеуральск Сретенск Ставрополь Старая Купавна Старая Русса Старица Стародуб Старый Крым Старый Оскол Стерлитамак Стрежевой Строитель Струнино Ступино Суворов Судак Суджа Судогда Суздаль Суоярви Сураж Сургут Суровикино Сурск Сусуман Сухиничи Сухой Лог Сызрань Сыктывкар Сысерть Сычёвка Сясьстрой

Сириядагы лагерлерде азап тарткан аялдар

0 97
Сириядагы лагерлерде азап тарткан аялдар
Мындан тогуз жыл мурун Жогорку Кеңеште Кыргызстандын бир нече жараны Сириядагы согушка азгырылып кеткени тууралуу маселе көтөрүлгөн. Ушундан тартып кыргыз коому диний экстремизмдин жаңы коркунучтарына туш келди. Башында 7-20 деп айтылып жаткан сандар кийин улам өсүп отурду. Соңку расмий маалыматтарга таянсак, жихаддык топтордун азгырыгы менен Сирия менен Ирактагы согушка аралашкан кыргызстандыктардын саны миңге чамалайт. Арасында аялдар жана балдар бар.  Сириядагы жихаддык топтордун катарына кошулгандардын бир тобу согушта набыт болгон. Кыргызстанга ар кандай жол менен кайтып келгендери да болду. Тогуз жылда эмне өзгөрдү? Сириянын лагерлеринде отурган кыргызстандык кыз-келиндер менен балдар кандай күн көрүп жатышат? Аларды өз мекенине кайтаруу үчүн эмне аракет көрүлүүдө? "Азаттык" ушул суроолорго жооп издейт. "Сирия тууралуу маалыматыбыз жок эле" Аида Жумагулованын сиңдиси Зарема Жумагулова Сирияга 2014-жылы күйөөсү, эки баласы менен кеткен. Ошол кезде балдарынын улуусу төрт, кичүүсү бир жашта эле. Алар Сирияга Түркия аркылуу жол тарткан. Күйөөсү көп өтпөй каза болуп, ал жактын мыйзамы менен бир айдан кийин башын башкага байлап, күйөөгө бериптир. Андан дагы эки балалуу болот. Экинчи күйөөсү дагы согушта өлгөн. Андан төрөгөн балдары азыр 7-4 жашта экен. Зарема учурда төрт баласы менен Сириянын түндүк-чыгышындагы Ал-Хасака аймагындагы күрттөр көзөмөлдөгөн "Ал-Хол" лагеринде. "Ошол кезде бизде Сирия тууралуу бизде такыр маалымат жок болчу. Кыргыздын жарандары азгырылып кетип жатканда эмнеге чек арадан коё бердиңер деген суроо болгон бизде. Ал бизге иштеп келебиз деп айткан. Башында баарыбызга, бир туугандарына, ал тургай энесине дагы айтпай кеткен. Эч ким билбей калган. Көрсө, ушундай жолго кеткен экен. Жакшына эле кыргыздын жигиттери кыздарды азгырып ушундай жактарга алып кетип жатат. Канчалаган кыздар ошол жакта кор болуп жүрөт. Күйөөсүнүн сөзүнөн чыкпаш керек, сөзүн угуш керек деп жатып бардыгы күйөөсүнүн азабынан болуп жатат", - деди Сирияга кеткен Зареманын эжеси. Сириядагы жарандык согуш Жарандык согуш 2011-жылдын 15-мартында сириялыктар президент Башар Асаддын өкмөтүнө каршы көтөрүлүп, нааразылыгын билдирип чыкканда башталган. Бийлик ал нааразылык акцияларын аёосуз баскан. Ошондон кийин катаал репрессия жүргүзүлүп, аягы кандуу согушка айланган. Согуштан 370 миңден ашык адам өлүп, миллиондогон кишилер качкын болуп, жер которууга аргасыз болушту. Байкоочулар согуш дүйнөлүк державалар ортосунда гана болуп жатканын айтышууда. Москва менен Тегеран Башар Асадды колдосо, АКШ жана Түркия козголоңчулардын таламын талашып келет. Өзүн “Ислам мамлекети” (ИМ) деп атап алган террордук топ согушка аралашып, ага бардык тараптар каршы турушкан. ИМ тобу жалпысынан талкаланганы менен, айрым мүчөлөрү ушул тапта Сириянын түндүк-батышындагы Идлибде кармалып турат. “Ислам мамлекети” террордук тобу 2014-2015 жылдары Ирак менен Сириянын көпчүлүк аймагын басып алган. Аталган топ Сирия менен Иракта үрөй учурган кылмыштары жана дүйнөнүн булуң-бурчунда бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган террордук чабуулдары менен белгилүү. Сирия менен Иракта бул уюм көзөмөлдөп келген акыркы аймак 2019-жылдын мартында бошотулган. Андан бери уюмдун согушкерлери көбүнесе Сириянын чөлдүү аймактарында баш калкалап жүргөнү кабарланып келет.   Зарема бүлөөнүн кичүү кызы. Мектепти кызыл аттестат менен бүтүп, кийин Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин (КГУСТА) мыкты бүтүргөн Зареманын качан, кантип радикал идеологияга азгырылып кеткенин ата-энеси, бир туугандары билген эмес. Алар кызы күйөөсүнүн таасиринен улам ушундай тагдырга туш болгонун айтышат. Кыргызстан көзүнөн учкан Зарема атасын да, энесин да акыркы сапарга узата албай калды. "Күйөөсүнүн азабынан бир тууганыбызды көрө албай жүрөбүз. Көкүрөк күчүгүбүз болчу. Кызын күтүп жүрүп, жакында эле энем каза болду. Апамды көрбөй калды. 2015-жылы атам каза болгон. Мектепти, окуу жайды эң сонун бүткөн, андан эч нерсе калган жок. Күйөөсүнүн азабынан ушундай болуп атат. Апам көзү өтөрдө чалды, энеңден кечирим сура дедик. Апам өлүм алдында жатып кечирдим деди. Кызынын азабынан ооруга чалдыгып, көзү өтүп кетти". Аиданын сөзүнө караганда, сиңдиси Зарема Сирияга барганда жашоодон жаңылганын мойнуна алган. "Ал-Хол" лагериндеги оор турмушту баштан өткөрүп жаткан төрт баланын энеси Кыргызстанга кайта турган күндү күтөт. "Сирияда жүргөнүн көпкө чейин билбедик" Көз жашын тыя албаган 70 жаштагы Манзуракан Ташматованын уулу 2016-жылы Сирияда каза болгон. Анын эки баласы менен келинчеги мекенине жете албай жатат. Энеси уулунун набыт болгонуна ишенбейт. Уулу үй-бүлөсү менен 2014-жылы Орусияга мигрант болуп барып, андан ары 2015-жылы Сирияга өтүп кеткен. Азыр неберелери менен келининин кайда жүргөнү так белгисиз. “2014-жылы уулум Мансур балдары жана келинчеги менен Орусияга иштегени кеткен. Бир күнү мага тааныштар айтып калды, уулуңуз Сирияга кетип жатат экен деп. Ошондо мен телефондон сүйлөшүп, Сирияга кетсең мен ыраазы эмесмин, үйүңө кайтып кел дедим эле. Көп өтпөй мага кайра чалып апа, ыраазы болуңуз, мен кетип жатам деди. Мен кайра эле макул эместигимди айтып, мусулманчылыкты өлкөңдө эле кылса болорун, эч ким тоскоолдук кылбай турганын айткан элем. Бирок ошол бойдон жок болуп кетип, бир күнү келиним мага чалып, "балаңыз шахид болду, биз неберелериңиз менен калдык" деп айтты. Ошондон баштап баламдын сөөгүн көрбөгөнүмөбү тирүүдөй сезилип, үйгө кирип келет деп ишенип отурам. Неберелеримди сагындым, алардын сүрөтүн карап эле отурам айлам калбай калганда милициядан жана өлө жетекчилигинен жардам сурап, өлкөгө кайтарып келүүсүн өтүнүп жатам”. Сиряда каза тапканы айтылып жаткан Мансур үй-бүлөдөгү үчүнчү уул. Ал мектепти жакшы окуп, кийин курулушта иштеген. Үй-бүлө кургандан кийин Орусияга миграцияга кеткен. Мансурдун атасы Саипжан Ташматов уулунун бул жолго түшүп кеткенине азыр да ишене албайт. Ал неберелерин Кыргызстанга кайтаруу үчүн бийликке көп ирет кайрылып, жардам сураган. Сирияга үй-бүлөсү менен кеткендердин дагы бири - 36 жаштагы Хасанбай. Ал учурда төрт баласы менен Сирияда жүрөт. Ал да 2015-жылы Орусиядан Түркия аркылуу Сирияга кеткен. 2019-жылы Сирияда Хасанбайдын аялы төрөп, акча керек болот. Ошондо Орусиядагы бир тууганына акча сурап чалат. Бир тууганы терроризмди каржылаган деген айып менен тогуз жылга эркинен ажыратылган. Бир уулу Сирияда, экинчиси түрмөдө жаткан Абдыкахар Хамрабаев мындай оор сыноону эч кимге ыраа көрбөйт. “Баламдын төрт баласы бар эле, экөөнү алып Орусияга иштегени кетип кийин, Түркияга кетип калганын кабарлаган. Биз ал Сирияда экенин көпкө чейин билбедик. Уулумдун айтышы боюнча араб тилинен окуп жатканын жана балдары да мектепке кирип окуп, жөлөк пул да алып турганын айткан. Бизге балдары ойноп жүргөн видеолорду жөнөткөндөн кийин, жакшы эле жер экен деп жүргөнбүз. Мен кийин кичине уулум камалгандан кийин чоң уулум Сирияда экенин билдим. Биз уулумду жана неберелеримди кайтарып келүүнү эңсейт элек”. "Алданганын барганда билип..." Кыргызстандыктар Сирия менен Иракка ар кандай топторго кошулуп кетип жатканы тууралуу маалымат мындан тогуз жыл мурда айтыла баштаган. 2013 - жылы күзүндө Кызыл-Кыядан Сирияга согушка кетти деп айтылган балдардын бири каза болгондугу кабарланып, кыргыз коомчулугун катуу дүрбөттү. Жакынкы Чыгышка "жихадга" кеткендердин көбү ушул 2013-2015-жылдарга туура келет. Ысык-Көлдүн тургуну Асылбек Ошурбаевдин карачечекей карындашы Махабат дагы чиедей баласын жетелеп, ошол маалда Сирияга кеткендердин катарын толуктаган. Азыр агасы алыстагы азаптуу турмушка өткөрүп жаткан карындашын балдары менен кантип кайтарсам деп арга издеп жүргөн чагы. "Карындашым менен байланыш начар эле. Жашоо-шарты дагы аябай эле кыйын, сөз менен айтып жеткире албайм, ачарчылык. Кандай азгырыктар менен кеткенин эч ким билбейт. Баары эле адашып кеткенин билебиз. Келгенде эле кеңири айтып бербесе, алданып, адашып кетиптирбиз дегенден башка эмне айта алышат азыр. Кеңири сүйлөшкөнгө деле шарт жок. Кээде эле жазып калбаса, такыр эле сүйлөшө албайбыз. Азыр төрт баласы бар. Бизге Түркияга эс алганы баратабыз деп кетишкен. Кийин байланышка чыкпай калышты. Андан кийин эле Сирияга кетиптир деп угуп калдык. Карындашымдын кайын-журту жагынан Сирияга көп кеткен. Ошолор менен чогуу кетип жатышпайбы. Алдаган кишилер ушунчалык күчтүү психолог болушат экен. Ошого берилип кетишкендери өкүнүчтүү болуп жатпайбы. Алданганын барганда анан билип жатышат да", - деди Ошурбаев. Сириядагы калабадан качкандардын көпчүлүгү өлкөнүн түндүк-чыгышында күрттөр көзөмөлдөгөн Аль-Хол жана Рож лагерине жайгашкан. Кыргызстандык келиндер менен балдардын көбү Аль-Холдо экени айтылат. Лагерде кыргызстандыктардан башка да бир канча мамлекеттин жарандары бар. Атайын лагерде кармалгандар 90% аялдар жана балдар отурарын, темирдей тартип орногонун, эреже бузгандарга күч колдонуу дайым болуп турарын жакындарына билдирген. Лагерлерде азык-түлүк, кийим-кече тартыш. 2021-жылы кыргыз бийлиги Ирактагы качкындар лагеринен "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында 79 кыргызстандык баланы алып келген. Алар Кыргызстанда реабилитациядан өтүп, бул жактагы туугандарына кайтарылган. Учурда алардын көбү мектепке барып калды. Бирок Сириядагы лагерлерде отургандарды чыгарып кетүү азырынча мүмкүн эмес. Буга дипломатиялык жана башка байланыштардын татаалдыгы себеп экени айтылып келет. Жакынын күткөндөр Сириядагы сиңдисин зарыгып күткөн Аида Жумагулова бир тууганын көрөм деп үмүтүн үзбөй жүрөт. "Чоңдордун бардыгына эле кайрылып катабыз. Бирок эч кандай жыйынтык болбой жатпайбы. Карап атабыз, иштеп атабыз эле дешет. Бир аз жылыштар бар салыштырмалуу, бирок жыйынтык жок. Кошуна өлкөлөр жарандарын алып келип жатпайбы. Биздин бир дагы жараныбыз алынып келине элек". Жакындарын күткөндөрдүн бири Асылбек Ошурбаев президент Садыр Жапаров бул аймактагы жарандарын алып келүү боюнча документке кол койгону тууралуу маалымат угушканын айтты. "Коопсуздук кеңешинен жооп алдык. Президент алып келүү боюнча чечимге кол койду деп айтышты. Эми Сирияда коопсуздук боюнча кепилдик берилсе барабыз дешкен. Буга чейин бир дагы президент мындай чечим чыгарган эмес. Атамбаев, Жээнбековго дагы кайрылганбыз. Алар жооп дагы берген эмес да". Жакында кыз-келиндери, неберелери Сириядан кайта албай жаткан кыргызстандыктардын ата-эне, туугандары Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, өлкө жетекчилигинен жардам сурашты. Алар кыз-келиндерин жана алардын балдарын мекенге кайтарууга жардам сурап, президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловго кайрылуу жолдошкон. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топтун мүчөлөрүнүн Сирияда жана Иракта атайын лагерлерде кармалып турган аялдары менен балдарын мекенине кайтарууга жардам көрсөтүү үчүн атайын фонд түзгөн. Ал аталган аймактардан өз жарандарын алып кетүүнү каалаган өлкөлөргө каражат берет. "Кайсы өлкө соттошу керек? Кайсы сот карайт?" Бул маселени изилдеп жүргөн Женевада жайгашкан "Булан" институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекованын айтымында, учурда Европа өлкөлөрү да балдарды репатриация кыла баштады. Изилдөөлөргө караганда, лагерде болжол менен 43 миңдей бала бар, алардын басымдуу бөлүгү 12 жашка чейинкилер. Мындан сырткары түрмөдөгүлөрдүн маселеси дагы эл аралык эсепттерди ойлонтуп жатат. “Азыр Сирияда 70 миңдей аял жана бала чөлдө чатырларда, аскерлердин кайтаруусунда жашап жатат. Алардын 8% Сириядан жана Ирактан келгендер. 20% же 15 миңдейи 60тан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү. Анын ичинде Кыргызстандын дагы жарандары бар. Кыргызстандан 300гө жакын аял "Аль-Хол" жана "Рож" лагерлеринде жашап жатат. Ушул кырдаал пайда болгондон кийин буларды эмне кылабыз деген маселе эл аралык эксперттерди, юристтерди ойлонтуп келатат. Буга чейин бир нече варианттар каралды. Күрд аскерлери кайтарып турган түрмөлөрдө кармалып турган 12 миңден ашуун эркектерди, согушкерлерди кандай кылып соттойбуз, жоопко тартуу маселеси, кайсы өлкө соттошу керек, кайсы сот карайт деген маселени анализдеп жатышат. Анын бири эл аралык трибунал түзөлү деген маселе болду. Муну 10дон ашуун Европа өлкөлөрү эки жыл мурда талкуулап көрүшүп, ишке ашпай калды. Анын бир нече себептери бар, кайсы аймакта трибунал болот, түрмө кайсы өлкөдө болот, аны ким аны каржылайт деген маселелери чыгып, ишке ашпай калды. Кийинки талкууда согушчан эркектерди Ирактын түрмөлөрүнө которуп, ошолор соттосун деген маселе болгон. Бул багытта Европа өлкөлөрү, өзгөчө Франция катуу аракет кылды. Бирок бул дагы ишке ашкан жок. Анткени эл аралы коомчулук муну сындап чыкты. Анткени Ирактын сот системасында дагы кемчиликтер көп, өлүм жазасы бар. Эл аралык нормаларга туура келбегендиктен ал сунуштар да ишке ашпай калды". Орозобекованын айтымында, соңку чечим ар бир өлкө өзүнүн жарандарын алып кетип, күнөөсү аныкталса өз өлкөсүндө соттолушу керек, аялдар менен балдар репатриация, реабилитация болушу керек деген маселе каралып жатат. "Лагерлерде акыбал абдан оор. Аялдар, балдар ооруп жатат. Тамак-аш жетишпейт. Ошондуктан БУУ өлкөлөрдү өз жарандарын алып кетүүгө үндөп жатат. Айрыкча балдарды алып кетип реинтеграция, реабилитация кылууга үндөп жатат", - деди Орозобекова. "Аларга иш козголот, тергөө жүрөт" Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2010-жылдан бери Сирияга кеткен кыргызстандыктардын саны миңге жакын. Алардын 100дөн ашууну каза болгон. Сирияга кеткендердин 572си эркек, 231и аял, 150дөн ашууну өспүрүмдөр экени айтылат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков 9-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттарга жооп берип жатып Сириядагы кыргызстандыктардын 500дөн ашууну аялдар экенин айтты. Алардын арасында Сирия, Ирактын түрмөлөрүндө кармалып тургандары дагы бар. "Бул аябай көйгөйлүү маселелердин бири. Маалымат каражаттарынан дагы чыгып жатат, күн сайын арыздар түшүүдө. Былтыр алып келинген 79 бала реабилитация болгондон кийин туугандарына бөлүнүп берилген. Биздин көптөгөн жарандар, алардын ичинде 500дөн ашуун аялдар Сирия, Иракта түрмөдө дагы балдары менен кармалып турат. Анын үстүнөн дагы ТИМ жана УКМК иштерди жүргүзүүдө. Алардын бардыгы репатриация болуп келет", - деди атайын кызматтын жетекчи орун басары. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы, коопсуздук маселелери боюнча эксперт Орозбек Молдалиев Сирияга кеткендерди кайтарууга мамлекет көп деле кызыкдар эмес деп эсептейт. Аларды алып келүүдөн мурда дерадикализация программасын даярдаш керек деген оюн ортого салды. "Чынын айтканда, биз жакта аларды кабыл алгандай шарт жок. Алып келип эле аларды туугандарына кое бербейт эч ким. Аларга иш козголот, тергөө жүрөт, ал жакта эмне кылдганын аныкташ керек. Көп убакыт талап кыла турган маселе. Булар дерадикализация программасынын өтүш керек. Булар согуш болуп жаткан аймакка барышты. Булар жөнүндө маалыматтар дээрлик жок да. Кандай болгон күндө да буларды экстремисттик идеологиядан кайтара тургандай кылыш керек. Алар өз ыктыяры менен кеткен да, эч ким жиберген жок да. "Жихадга" кеттик дегендер кетти да. Албетте, арасында башка идеологиянын таасирине, үгүтүнө кирип кетип адашкандар дагы бар. Кандай болсо дагы аны далилдеш керек да. Бул жерде идеологиялык, материалдык мотив дагы болгон". Молдалиев Кыргызстанда азыр деле ушул сяктуу азгырыктар бар экенин белгилеп, мамлекетте радикалдык топтор баш көтөрүп жатканын айтууда. "Радикал топтор баш көтөрүп, топтошуп, кээ бирөөлөр мечиттерди ээлеп алганга аракет кылгандар бар. Кээ бир мечиттерге башка агымдарды киргизбей, ушул жылдын башында бир аз чыр чыгып барып бийлик өкүлдөрү, муфтият кийлигишип аларды жай жайына койду. Ошондуктан бул жакта мамлекет иштиктүү саясат жүргүзбөсө ушуну менен токтоду дегенге эрте. Диний саясат калыптанбай жатпайбы". 2013-2017-жылдар аралыгында Сириядагы согуштук аракеттерге катышып, кайра келгендери да бар. Азыр эркиндикте жүргөн адамдар да күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат. Башкы прокуратуранын буга чейинки берген маалыматына караганда, 2018-жылы Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга кеткен кыргызстандыктар боюнча укук коргоо органдары 110 кылмыш ишин козгогон. Чогултулган далил материалдардын негизинде 111 кишиге айып коюлган. 110 кылмыш ишинин 55и сотко өткөрүлүп, 41 адам кесилген. Сирия жана Ирактан Казакстан 600дөн ашуун, Өзбекстан 200дөй жаранын (аялдар жана балдар), Тажикстан Ирактан 84 баласын кайтарган.У Кечээ күнү, 27-апрелде Сириянын түндүгүндөгү “Рож” лагерине Тажикстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана дипломаттардан турган делегация барганы айтылды. Алар бир нече жылдан бери бул лагерде кармалып турган тажик аялдары менен жолуккан. “Озоди” радиосунун булактары тажик бийлиги 20га жакын аялдар менен балдардын мекенине кайтарууга аракет кылып жатканын жазды. “Ал-Хол” жана “Рож” лагеринде 600дөй тажик аялдары жана балдар бар экени маалымдалган. Сириядагы тажикстандык аялдарды жана балдарды мекенине кайтаруу боюнча иш алып барган Тажикстандын Кувейттеги элчиси Зубайдулло Зубайдзода тажик делегациясынын “Рож” лагерине барганын ырастаган. Тажик бийлиги бул аялдар менен балдарды өлкөгө кайтарыш үчүн сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүп жатканын айтып келет. БУУнун эсебинде, он жыл мурда башталган Сирия жаңжалында 350 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылган. Алардын 2011-2021-жылдагы изилдөөгө ылайык каза болгондордун 27 миңден ашуун бала, дээрлик ушунча аял бар. Укук коргоочулар өлгөндөрдүн саны 388 мидей, алардын 117 миңдейи жайкын тургундар экенин айтышкан.



Кызыл

В День Победы телебашня в самарском регионе озарится праздничными огнями


Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

В Бурятии в Бурдраме директор награждена медалью «За заслуги» - концерт, культура, Россия

В День Победы телебашня в самарском регионе озарится праздничными огнями

На телебашне в Тамбове включат тематическую подсветку в честь Дня Победы

Салюты и Вечный огонь будут сиять на телебашне Благовещенска в День Победы

Новости Кызыла

Салюты и Вечный огонь будут сиять на телебашне Благовещенска в День Победы

В Кызыл-Кие задержаны две 42-летние женщины, подозреваемые в проституции

Кызылские росгвардейцы участвуют в патриотической акции «Бессмертный автополк»

"Елимай" и "Кызыл-Жар" выявили полуфиналиста Кубка Казахстана в матче с одним голом


Жаркие противостояния фаворитов: прямая трансляция всех матчей 1/4 финала Кубка Казахстана

Предприниматели Тувы увеличили налоговые перечисления в бюджет республики на 40%

В Москве прозвучит песня «День Победы» на тувинском языке

В День Победы телебашня в самарском регионе озарится праздничными огнями


МЧС Тувы назвало районы республики, где в эти дни высокая пожарная опасность

Кызылские росгвардейцы задержали вора, укравшего дорогую технику

ГКНБ задержал капитана таможенной службы за вымогательство

В Москве прозвучит песня «День Победы» на тувинском языке


Глава Тувы Владислав Ховалыг
Тува

Владислав Ховалыг возглавил делегацию Тувы на церемонии инаугурации Владимира Путина


Частные объявления в Кызыле



Загрузка...
Ria.city
Персональные новости
Анастасия Волочкова

Начала тонуть: Волочкову за ноги вытащили из воды после новости о родах Николаевой



Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Кызыл на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.


© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 123ru.net в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, "My Love", Ru24.pro, Russia24.pro и др.

Прослушивание Песни исполнителя. Обсуждение таланта и творческих перспектив Артиста.

Военкор Котенок о Шевчуке: "И у этого дед - петлюровец"

Певец Юрий Лоза обвинил в убийстве Владислава Листьева «финансовых воротил»

Жена бывшего супруга Волочковой выписалась из роддома и рассекретила имя сына


Казахстан узнал еще одну печальную новость после сюрприза Рыбакиной

Потапова проиграла Остапенко во втором круге турнира WTA 1000

Соболенко испытала проблемы после снятия Рыбакиной с турнира в Риме

Азаренко вышла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Риме


PFL MENA 1: Best photos from Riyadh

My journey into the dark heart of modern chess

Mastering the Art of Automotive Enhancement

Evolution of Humans in 20 Minutes