Мы в Telegram
Добавить новость
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено
Бабаево Бабушкин Бавлы Багратионовск Байкальск Баймак Бакал Баксан Балабаново Балаково Балахна Балашиха Балашов Балей Балтийск Барабинск Барнаул Барыш Батайск Бахчисарай Бежецк Белая Калитва Белая Холуница Белгород Белебей Белёв Белинский Белово БелогорскАмурская область БелогорскКрым Белозерск Белокуриха Беломорск Белорецк Белореченск Белоусово Белоярский Белый Бердск Березники БерёзовскийКемеровская область БерёзовскийСвердловская область Беслан Бийск Бикин Билибино Биробиджан Бирск Бирюсинск Бирюч БлаговещенскАмурская область БлаговещенскБашкортостан Благодарный Бобров Богданович Богородицк Богородск Боготол Богучар Бодайбо Бокситогорск Болгар Бологое Болотное Болохово Болхов Большой Камень Бор Борзя Борисоглебск Боровичи Боровск Бородино Братск Бронницы Брянск Бугульма Бугуруслан Будённовск Бузулук Буинск Буй Буйнакск Бутурлиновка
Кадников Казань Калач Калач-на-Дону Калачинск Калининград Калининск Калтан Калуга Калязин Камбарка Каменка Каменногорск Каменск-Уральский Каменск-Шахтинский Камень-на-Оби Камешково Камызяк Камышин Камышлов Канаш Кандалакша Канск Карабаново Карабаш Карабулак Карасук Карачаевск Карачев Каргат Каргополь Карпинск Карталы Касимов Касли Каспийск Катав-Ивановск Катайск Качканар Кашин Кашира Кедровый Кемерово Кемь Керчь Кизел Кизилюрт Кизляр Кимовск Кимры Кингисепп Кинель Кинешма Киреевск Киренск Киржач Кириллов Кириши КировКалужская область КировКировская область Кировград Кирово-Чепецк КировскЛенинградская область КировскМурманская область Кирс Кирсанов Киселёвск Кисловодск Климовск Клин Клинцы Княгинино Ковдор Ковров Ковылкино Когалым Кодинск Козельск Козловка Козьмодемьянск Кола Кологрив Коломна Колпашево Колпино Кольчугино Коммунар Комсомольск Комсомольск-на-Амуре Конаково Кондопога Кондрово Константиновск Копейск Кораблино Кореновск Коркино Королёв Короча Корсаков Коряжма Костерёво Костомукша Кострома Котельники Котельниково Котельнич Котлас Котово Котовск Кохма Красавино КрасноармейскМосковская область КрасноармейскСаратовская область Красновишерск Красногорск Краснодар Красное Село Краснозаводск КраснознаменскКалининградская область КраснознаменскМосковская область Краснокаменск Краснокамск Красноперекопск КраснослободскВолгоградская область КраснослободскМордовия Краснотурьинск Красноуральск Красноуфимск Красноярск Красный Кут Красный Сулин Красный Холм Кремёнки Кронштадт Кропоткин Крымск Кстово Кубинка Кувандык Кувшиново Кудымкар Кузнецк Куйбышев Кулебаки Кумертау Кунгур Купино Курган Курганинск Курильск Курлово Куровское Курск Куртамыш Курчатов Куса Кушва Кызыл Кыштым Кяхта
Набережные Челны Навашино Наволоки Надым Назарово Назрань Называевск Нальчик Нариманов Наро-Фоминск Нарткала Нарьян-Мар Находка Невель Невельск Невинномысск Невьянск Нелидово Неман Нерехта Нерчинск Нерюнгри Нестеров Нефтегорск Нефтекамск Нефтекумск Нефтеюганск Нея Нижневартовск Нижнекамск Нижнеудинск Нижние Серги Нижний Ломов Нижний Новгород Нижний Тагил Нижняя Салда Нижняя Тура Николаевск Николаевск-на-Амуре НикольскВологодская область НикольскПензенская область Никольское Новая Ладога Новая Ляля Новоалександровск Новоалтайск Новоаннинский Нововоронеж Новодвинск Новозыбков Новокубанск Новокузнецк Новокуйбышевск Новомичуринск Новомосковск Новопавловск Новоржев Новороссийск Новосибирск Новосиль Новосокольники Новотроицк Новоузенск Новоульяновск Новоуральск Новохопёрск Новочебоксарск Новочеркасск Новошахтинск Новый Оскол Новый Уренгой Ногинск Нолинск Норильск Ноябрьск Нурлат Нытва Нюрба Нягань Нязепетровск Няндома
Саки Салават Салаир Салехард Сальск Самара Санкт-Петербург Саранск Сарапул Саратов Саров Сасово Сатка Сафоново Саяногорск Саянск Светлогорск Светлоград Светлый Светогорск Свирск Свободный Себеж Севастополь Северо-Курильск Северобайкальск Северодвинск Североморск Североуральск Северск Севск Сегежа Сельцо Семёнов Семикаракорск Семилуки Сенгилей Серафимович Сергач Сергиев Посад Сердобск Серов Серпухов Сертолово Сестрорецк Сибай Сим Симферополь Сковородино Скопин Славгород Славск Славянск-на-Кубани Сланцы Слободской Слюдянка Смоленск Снежинск Снежногорск Собинка СоветскКалининградская область СоветскКировская область СоветскТульская область Советская Гавань Советский Сокол Солигалич Соликамск Солнечногорск Соль-Илецк Сольвычегодск Сольцы Сорочинск Сорск Сортавала Сосенский Сосновка Сосновоборск Сосновый Бор Сосногорск Сочи Спас-Деменск Спас-Клепики Спасск Спасск-Дальний Спасск-Рязанский Среднеколымск Среднеуральск Сретенск Ставрополь Старая Купавна Старая Русса Старица Стародуб Старый Крым Старый Оскол Стерлитамак Стрежевой Строитель Струнино Ступино Суворов Судак Суджа Судогда Суздаль Суоярви Сураж Сургут Суровикино Сурск Сусуман Сухиничи Сухой Лог Сызрань Сыктывкар Сысерть Сычёвка Сясьстрой

“Бригадир Кулжанбектин аңгемелери”

0 173
“Бригадир Кулжанбектин аңгемелери”
Кубатбек Жусубалиевдин “Бригадир Кулжанбектин аңгемелери” жазылып жарыялангандан кийин кызык талашка кабылган. Аңгеменин баш каарманы жазуучуга кандай айтып берсе, анысы чыпчыргасы коробой аңгемеге айланып, жалпыга жарыяланып кеткенине нааразы болуп, адабий гезитке арыз менен кайрылган. Бүгүн ошол аңгеме тууралуу кеп кылабыз. Балдакчан козу Кызыктуу баянды жазуучу реалдуу адамдын оозунан угуп аңгемеге айлантканын мага ыраматылык Жолдошбек Зарлыкбеков айтып берди эле. Кубатбек Жусубалиев кино тартмай болуп Кара-Кужурга барып калып, ал жерден бригадир Кулжанбек менен таанышып, экөөнүн аңгемеси түгөнбөй, элеттик сөзмөр бригадир таланттуу жазуучу менен дос болгонуна ыраазы, кыйла күнүн киночулар менен чогуу өткөргөнүнө курсан болуп жүргөн окшобойбу. Жазуучуга көргөн-билгенин куюлуштура айтып берген элеттик ак көңүл адамдын кызык баяндары жакса, аңгемечини китеп жазчу сыйкырдуу адам менен тааныш, туз-даамдаш болуп калганы сүйүнткөн шекилдүү. Ошол аңгеменин кол жазмалары “Кыргызстан маданияты” жумалыгында жарыяланып, анын бар-жогун эсинен чыгарып койгон автор кийин-кийин кесиптеши Олжобай Шакирге: “Мен кембагал эмнем кайда калганын кайдан билем, ошол чыккан бойдон жоголуп кеткен. Кайда жоголгонун бир билсе, Алым Токтомушев билет, ошо балага калтыргамын. Мына мынча…толтура бир колтук кагазымды ошол балага аманат деп кеткем. Элден обочо кеткем, Алайга…”,- деп отурбайбы. Аңгемелерди ошол эле Олжобай Шакир таап келип берсе, автору жаш баладай сүйүнүп: “Эй, сен жаны жок экенсиң”,-деп алкап отурат. "Бригадир Кулжанбектин аңгемелеринде" айыл турмушунун сырт көзгө анча байкала бербеген өңүттөрү, келки-келки турмушу – мозаикасы мыкты сүрөттөлгөн. Аны топтомго кирген баяндардын баарынан байкоого болот. “Коммунизм” заманында жыргап ичип жүргөн койчунун кара жүсак кою кышында талаада тууп, козусунун бутун үшүк алып баса албай калса, ага шак-шак жасап бастырып коюп атпайбы. Кулжанбектин Аалыбек деген досу согуштан сол буту жок келген, ошонун жасалма бутун көргөн соң, козуга деле жасалма бут жасап байлап койсо болот тура деген ой келип, байкуш жаныбар балдакчан жашоого өткөн. Ошол козу көпүрөктөн өтүп келатканда буту тыкылдап алыстан угулат. Байкуштун тыкылдагы угулбай калганда Кулжанбек издеп чыгат. Тентек козу таштан-ташка секирип так ойногондо буттан бут калабы. Жасалма бут козуну көргөндөрдүн баары таң калышып уу-дуу кеп айылга тез эле тарайт. “Жанымда кошунам Жумакадыр деген бар эле, Макиш да жок, сурайын десем, эмнеден сабак бергени эсимде жок, ошонун жолдошу бар экен. Фрунзе колхозунда жашайт экен. Конокко келиптир. Жумакадыр эки музоону кошоктоп алып Кара-Кужурдун боюна аркандап келгени барбайбы, анан козу кошо барат. Бутун байкабайт. Козу жыгач буту менен тыкылдап басып баратат. Конокбай деген мугалим байкабайт… Туура айтасың, Конокбай да, дайрага барганда гана байкаптыр. Эки музоону, кошоктошкон эки музоонун жанында туруп козу оюн салат да, караса, бир буту жыгач! "Ой (Жумакадырды Жорке деп койчубуз), ой, Жорке! Бул эмне?!" дейт. "Бул баягы таякенин кылганы, бир буту үшүп калса, жыгачтан бут салып койду". Ошерден баягы Конокбай козуну көрүп күлүптүр. Күлүп атып эрибейби, үнү чыкпай атат дейт. Таптакыр эрип баратат дейт. Карасам, өлгөнү баратат дейт, мен сага азыр айтып бергендей. Кийин, Жорке мага айтып берип атпайбы. Анан Кара-Кужурдун боюна жетелеп барып, кичинекей суурдун эркегиндей мугалим болчу, шилисинен, бекем кармап туруп башын сууга тыгып-тыгып алганда гана араң эс алды дейт. Аты Конокбай болсо, анан конокто жүрсө, анан күлүп атып өлүп калса, аны кайда көмөм дейт… Убакыт болсо өтө берди. Балдак шыйрак козу эртели-кеч көпүрөктөн өткөндө анын тыкылдагын угуп баары ыраазы, көпүрөк да. Анан бир күнү козунун тыкылдагы угулбай калды. Көрсө, койлорду ит кубалаптыр. Байкуш козунун буту ташка тийип жыгач бут сынып дагы жатып калыптыр. Козунун буту чоңойгуча үч жолу жаңыртылды". Аудиосун бул жерден угуңуз: Чач алуу Кулжанбектин устачылыгы негизи мыкты. Колу бошой калганда бош отургусу келбей эрмекке ээр чабат. Бир жаман жери ал аялын, балтасын, тар бөлмөдөгү аспаптарын мактай берет. Курбулары аны ушул сөзүнөн кармашты, мактаган балтасынын курчтугун сынаш үчүн чачыбызды кырып алып бер деп чыгышты. Түн бир оокумда. “Устакананын ичи тар. "Жүрү" деп үйгө алып кирдим. Чачын жибиттим. Муздак суу менен жибиттимби же жылуу суу менен жибиттимби, ошондо Макиш? Же, кургак эле алып кирдимби? Менин кургак эле алып кирмей адатым бар. Эсимде жок. Макиш билет… Түнкү саат он эки. Айтса, түнү келишкен экен. Балтанын сабы узун. Ээр чапкан, отун жарган орус балта. Анан балтаны дагы оңдоп курчуттум. "Отур" дедим. Отурду. Макиш шыпыргысын алып эле үйүн шыпырып атат. Таза жерди эле шыпыра бериптир. Анан түндөсү да үй шыпырчы беле, качан башын кесет деп коркуп аткан турбайбы, анда жаш кези, анча-мынчадан коркчу, эми балакеттен да коркпойт, а биз бала кезде бизди чоң кишилер короздорчо эле уруштура беришчү: "Эй Кулжанбек!" дешет. "Эмне?" дейм. "Конокбайдан коркосуңбу, же, кудайдан коркосуңбу?" дешет, мисалы да, "кудайдан корком, а Конокбайдан итим да коркпойт" дейм, "анда барып бир муштачы!" дешет, анан мен барып Конокбайды бир муштайм, Конокбай мени бир муштайт. Урушуп кетебиз. Мушташып кетебиз. Чоңдор тамаша кылып турушат”. Оюн-чындап башталган тамаша менен чач алынды. Аябай өскөн, биттеп кеткен чачты башын кеспей алып бүтсө, балтанын мизи кызыл-жаян кан. Бит деле кыйла канды соруп таштайт экен. Алагүү болгондордун жиндилигин уккан үйдөгүлөр “мээң барбы” деп урушту, башка эмне кыла алышат. Кайриет, опуртал тамаша кылган эки дос аман калышты. Мындай тамашалар айылда толтура, Кулжанбек анысын алты ай айтса деле түгөнбөйт. Кара-Кужурда чөптү күзүндө деле чаба беришет. Ошол чөп чабыкта Рай менен Ырысмамбет мелдешип атышпайбы. Ал кезде СССР АКШнын басып өтөт деген дымак күчтүү, Ырысмамбет утат дешип, ортого мыкты байге коюлду, мелдеш башталды. “Анан эмки сапар Ырысмамбет Райды алдыга түшүрдү. Мен түшүрдүм. А байкушума алды да, арты да баары бир. Рай: - Эй, кичине кое тур, эс алып баралы,- дейт. -Атаңдын башы, эс алмай жок, давай кир,-дедим. Эс алдырсам, чыгып кеткени турат. Рай кирди. Солго киргенде эле узады. Рай узап кетти. Ырысмамбет, карыган неме, басып да жете турган эмес, анан дагы айлам кетти… -Айланайын Ырыс, садага болоюн Ырыс, бологөр! Жетегөр эле жетегөр! Жеткениңде толорсукка чабагөр!- деп, алдынан ташын терип, ураан айтып мен баратам, "Рай" деп ураан салып, алдынан ташын терип бу киши баратат, Ырысмамбет келесоо чалыш неме байкушум. -Чап, чап толоорсукка! Чап, сени келесоо деп доктурдан справка алып берип коем, чап, чап, чап, сени келесоо деп доктурдан справка алып берип коем! – деп койсом, Рай артына карап калат. Токтоп калат. Анан кайра баштайт. Ошентип атып, аңгыча Ырысмамбет жетип барды. Рай чалгысын ыргытып ийип, солдон чыга качты. -Эмне? Бул келесоого толоорсугуму чаптырганы жатасың,- дейт. "Жок" дейм. "Чаппайт" дейм. "Түш кайра!" дейм. Болбойт. Таптакыр болбой койду. - Уттурдуңбу? -Уттурдум”. Утулган Рай айылдык дүкөндөн Фидель Кастро атайын Кубадан Кара-Кужурга жөнөтүп ийген ромду сатып алып, Ырысмамбеттин жеңишин жууп киришти. Жумабектин кою   Кара-Кужурдун байы Кулжанбектин жоруктары толтура. Ошо Хрущевдун тушунда малы көптөрдү кысмакка алып өкмөт тартып алып жатканда Кулжанбек күлүк аттарын, жайнаган койлорун кимге каттатыштын амалын таап, айылдык баёолордун баарын макулдатып коюптур. Кара-Кужурга сталиндик жер котортуу маалында “курулуш жок анда, сарайлар жок, осетин, татар, чечен, кавказдын элин – баарын Стакем сүрүп келип Кара-Кужурга тыккан, кыкеңдерге сарай салдырып берейин деп, сарайлары жок экен деп, сарай салып атышат, ар кайсы жерде бир сарай” тоо ичи курулушка толуп кеткен. Байкуш курулушчулар ачка. Жалдырап Жумабектикинен “сүт барбы, апай?” деп сурап келишсе, аялы бар деп куюп бере берет экен. Эки уйдун сүтүн келгиндер ичип, төшү түктүү чоочундардан корккон Жумабектин аялы жок дебей саалган сүтүн бүт эле куюп берет. Кулжанбектин Жумабектен союшка алган коюн кайтаруусу да кызык окуя. Оң айтса тескери жыгылган Жумабекке Кулжанбек сыңар эмчек коюн бөлүп алып башкасын ала бер деп атпаспы. “Атаңдын башы! Мамындай коюмду союп жеп ал ээ!" деп койду. "Башталды" дедим. - Карма ошону! Таалайбек, Ырысбек, Сапарбай, Сагынбек, кайдасыңар?" – деп балдардын баарын чакырып атат, бербегиле, кармагыла ошону деп. Чандайган ак кой болчу. Кармап алышты. "А эми теңтушсуң" дедим. "Мейли" дедим. Кетип калдым. Бир күнү өтүп баратсам Кенжекан каргап калды: - Ой, өлүгүңдү көрөйүн! - дейт. -Эмне болду? -Сыңар эмчек турбайбы?. Чыпый, Асан деген эки аксакал киши бар. Ошондо жаныбызда турушкан. Экөөнү тең күбө кылып койгом. "Ата, күбө болгула, бул койду болбой алып алды". - Анан алба дебедим беле? - дедим. - Аны кайдан билдим, дагы алба дебедим беле деп коет, атаңдын оозун урайын мени алдап!"- дейт. Эми муну эч кимге айтпай жүр дешти. Болуптур дедим. "Ээмп туруп алып жүр" дедим. Муну өзүмө айттым”. Айыл жериндеги аркыл окуялар: тамак жасашты билбеген ашпоз, коңшусунун коюн уурдап союп алган карыя, дагы башка окуялар баяндалат. Уурдалып союлган кой артелдин көмөкчү чарбасынын малы болчу. Кышында артелдин койлору кар тээп оттойт. Анан бир күнү Кулжанбектин койлору коңшусунун койлору менен жанаша оттоп, чоң кара кою тигилердин короосуна кошулуп кетти. Оюнда эч жамандыгы жок жаш бала кечиндеси келип алып кетем деп үйүнө келе берген. Түн кирип, ай чыгып кышкы тынчтыкка көшүлгөн айланадан бала коңшусу тараптан куйкумдун жытын сезди. Кулжанбектин жытчылдыгы укмуш эле, жыт алар замат “өлдү” деп ойлоду. Байкуш чоң кара койду союп салышканын үйгө кире электе эле билди. Кызыл үңкүрдүн үч тарабы аска менен тосулган короодон өтүп боз үйгө кирсе, жети-сегиз жашар кыз очок боюнда отурат. Чала куйкаланган башты чыгдан жакка ката коюп, секелек кыз от жаккан болуп отуруп калган экен. Бала аны билди. Кара койду сураса, чал менен кемпир балага анысы качып кеткенин айтып жакын жуутпады. Бала да көшөрүп кой чыгданда деп туруп алды. Чыгданга тигилер Кулжанбекти өткөрбөй, болбой тырышып туруп алган тестиерди сыртка түртүп чыгарып сабап киришти. “Тышка алып чыгып алып сабады. Өлбөс жериме сабады. Мындай тепти. Андай тепти. Таяк менен чапты. Өзүмүн ыргай таягым. Эки бөлүнүп кетти. Арта сала чапты. "Кетейин" дедим. Оозума ушул келиптир. - Кетесиңби? -Кетем, - дедим. Аткарды. "Бас", "кет" деп артыман кубалап алды. Энемден калган жок. Атамдан калган жок. Тампайган жер туруптур. Карынды төккөн жер экен дептирмин. Сынык таягымын учу менен сайдым. Кум экен. Үйдүн ичинен "хы-хы-хык" деген бир үн чыгып калды. Койду эми мууздап аткан экен дептирмин. Атым өкүм болчу. Айтса, аты – Жинди Кашка. Сынык таягым менен бир чапсам, кыйын ат болчу, жаман боз үйүнө барып бир тийди. Качыр-кучур деп калды. Босогосу кыйшайды. Кайра качтым. Качырбады. Кармап алды. Аттан оодара тартты. Килейген Көк дөбөтү бар. Итин агытты. Абышка мени сабап атат. Көк дөбөт тонумду тытып атат". Көгала койдой сабалган Кулжанбек үйүнө келип, чоң атасына болгон ишти айтты. Ал аябай ачууланып кошунасыныкына кеткен. Чыдай албай артынан баласы барса, тигиниси кошуна чал менен жайма-жай сүйлөшүп отурат. Тигилер өлүп-талып карганып атышат. Бала уурдалган койдун катылган этин короодон таап чыкты. Эки кошуна эч нерсе болбогондой, койдун жарым этин алып ата-бала үйүнө кайтышты. Андан да кызыгы эки чал кийин куда болушуп, Кулжанбектин эжеси тигинин уулуна тийбедиби. Кара кой менен уурулук баары бир баланын эсинде калды.



Кызыл

Мирзоян напомнил Совету Европы о проблеме беженцев и военнопленных, но отметил позитив в переговорах с Азербайджаном


Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Страдания юного Аюша Булчун

Страдания юного Аюша Булчун

Страдания юного Аюша Булчун

Новый спектакль о войне СССР и Монголии с Японией готовят в Буряад театр в Бурятии - Россия, Культура, Победа

Новости Кызыла

В Туве выявили сильнейших среди подразделений Росгвардии по служебному биатлону и легкой атлетике

Предприниматели из Хакасии представили товары и услуги на выставке в Тыве

Подразделения Росгвардии провели тренировку на охраняемом объекте в Туве

Страдания юного Аюша Булчун


Страдания юного Аюша Булчун

В Туве снят режим ЧС, введенный из-за аварии на Шагонарской ТЭЦ

В Туве четырёхлетний мальчик выстрелил себе в лицо из пистолета

Страдания юного Аюша Булчун


Предприниматели из Хакасии представили товары и услуги на выставке в Тыве

Тувинские росгвардейцы обеспечили безопасность во время Радоницы

Электросети дачных посёлков Забайкалья в «ужасном» состоянии

В Туве четырёхлетний мальчик выстрелил себе в лицо из пистолета


Глава Тувы Владислав Ховалыг
Москва

Собянин рассказал о мерах поддержки предпринимательства в Москве


Частные объявления в Кызыле



Загрузка...
Rss.plus
Персональные новости
Певец

Певец Юрий Лоза признался, что получает базовую пенсию в размере 16 тыс. рублей



Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Кызыл на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.


© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 123ru.net в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, "My Love", Ru24.pro, Russia24.pro и др.

Совместная Песня со Звездой.

Игорь Бутман об Ирине Отиевой: “Жаль, что человека нету”

Иван Ургант станцевал в Грузии после отмены выступления на концерте памяти Окуджавы

Улитки на обед, номер за полмиллиона с видом на Эйфелеву башню: отпуск мечты Самойловой и Джигана в Париже


Названный врагом народа Кафельников ответил на призыв не пускать его на турнир

Соболенко вышла в полуфинал турнира WTA в Риме

Теннисист Медведев может спуститься на пятое место в ATP после "Мастерса" в Риме

Азаренко вышла в четвертьфинал турнира WTA-1000 в Риме


Ange Postecoglou in spectacular touchline bust-up with fan before slamming ‘fragile’ Tottenham after Man City loss

Gunmen open fire and kill 4 people, including 3 foreigners, in Afghanistan's central Bamyan province

Glen Powell’s parents crash Texas movie screening to troll him

MTA reveals new electric buses, charging stations in Queens