Башкаруу академиясына Жусуп Абдрахмановдун аты ыйгарылат
0
74
![Башкаруу академиясына Жусуп Абдрахмановдун аты ыйгарылат](https://gdb.rferl.org/08ef0000-0a00-0242-4617-08d9c44f8b6e_cx0_cy0_cw82_w800_h450.jpg)
Бүгүн, 21-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргыз Эл Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Жусуп Абдрахмановдун жакындары катышты.
Жапаров президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына Кыргыз Эл Баатыры, мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымы ыйгарыларын билдирди.
Президенттин айтымында, 9-декабрда Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Министрлер кабинетинин алдындагы комиссиянын отурумунда Мамлекеттик башкаруу академиясына Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу колдоого алынган.
Чолпон-Ата шаарына Жусуп Абдрахманов атындагы парк уюштурулуп, айкелин ачуу пландалууда.
Мамлекет башчысы Орусиядагы жана Казакстандагы архивдерден Абдрахмановго тиешелүү 200 баракка жакын документ табылганын айтты. Анын айрымдары санарип форматка көчүрүлгөн.
“Великий Жусуп Абдрахманов и его эпоха” документалдык жыйнагын басып чыгарууга президентинин резервдик фондунан 390 миң сом бөлүнгөн.
Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 23-декабрда туулган. 17 жашында Кызыл Армиянын катарында согушкан. 1924-жылга чейин Жети-Суу аймагында жооптуу партиялык-советтик кызматтарда иштеген. 1925-жылы Москвага кызматка чакырылып, Бүткүл союздук коммунисттер партиясынын Борбордук Комитетинде жооптуу инструктор болуп эмгектенген. 1927-жылы Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар төрагасы болуп дайындалат.
1933-жылы сентябрда Абдрахманов Кыргызстандын Эл Комиссарлар Кеңешинин (Министрлер кабинетинин) төрагалыгынан алынып, партиядан чыгарылган. 1937-жылы июнда камакка алынып, атууга өкүм чыгарылган. Өкүм 1938-жылы 5-ноябрда Чоң-Таш аймагында ишке ашырылган. Абдрахмановду жарандык реабилитациялоо 1958-жылы, партиялык актоо - 1989-жылы болгон. Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Жусуп Абдрахмановго быйыл "Кыргыз Республикасынын баатыры" жана "Ак Шумкар" ордени ыйгарылган. (МТа, MZh)