Кара-Сууда жана Кербенде шаар депутаттары шайланды
0
222
![Кара-Сууда жана Кербенде шаар депутаттары шайланды](https://gdb.rferl.org/27e395e2-6f4e-4def-9ca7-d993951645a3_w800_h450.jpg)
28-ноябрда парламенттик шайлоо күнү Кыргызстандын айрым жергиликтүү кеңештерине да шайлоо өткөн. БШКнын 5-декабрдагы маалыматы боюнча, Ошто Кара-Суу шаардык кеңешине ат салышкан эки партия тең жети пайыздык чектен өтө алды. Натыйжада 31 мандаттын 20сы «Биздин Кыргызстан», 11и «Эл үмүтү» партияларына тийди.
Ал эми Жалал-Абадда Кербен шаардык кеңешине сегиз партия ат салышты, жети пайыздык чектен алардын бешөө өтө алды. Натыйжада 31 мандаттын тогузу «Ата-Журт Кыргызстан», жетөө «Ынтымак», алтоо «Ишеним», дагы алтоо «Бүтүн Кыргызстан» жана үчөө «Өнүгүү-Прогресс» партияларына тийди.
Ушул эле күнү Жалал-Абадда Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылында жана Чаткал районунун Терек-Сай айылында айыл кеңештерине депутат шайлоо өттү. (RK)