Кыйноого даттанган жаранга экинчи ирет операция жасалмай болду
0
147
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну милициянын кыйноосуна кабылганын айтып арызданды.
Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор 14-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, азыр жазган адам быйыл 24-мартта Кызыл-Кыя шаардык милициясына күбө катары суракка чакырылган. Сурак учурунда милициянын оперкызматкери сөгүнгөн сөздөрдү сүйлөп, башына бир нече жолу чапканын айтып берген. Соккудан мурда операция болгон көз оорусу күчөгөнүн маалымдаган.
Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун билдирүүсүндө, медициналык текшерүүдөн кийин жабыркаган жарандын көзүнө кайра операция жасоо зарыл деген сунуштама берилген. Мекеме бул факты боюнча материалдар тиешелүү органдарга жиберилгенин кабарлады.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кыйноо фактысы тууралуу маалымат бере элек.
Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо фактылары негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда, милиция бөлүмдөрүндө катталат. Ички иштер министрлиги мындай окуялар бар экенин, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп турарын билдирип келет.
2020-жылы аталган борборго 100дөй арыз түшкөн. (NT)