Мы в Telegram
Добавить новость
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17
18
19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено
Бабаево Бабушкин Бавлы Багратионовск Байкальск Баймак Бакал Баксан Балабаново Балаково Балахна Балашиха Балашов Балей Балтийск Барабинск Барнаул Барыш Батайск Бахчисарай Бежецк Белая Калитва Белая Холуница Белгород Белебей Белёв Белинский Белово БелогорскАмурская область БелогорскКрым Белозерск Белокуриха Беломорск Белорецк Белореченск Белоусово Белоярский Белый Бердск Березники БерёзовскийКемеровская область БерёзовскийСвердловская область Беслан Бийск Бикин Билибино Биробиджан Бирск Бирюсинск Бирюч БлаговещенскАмурская область БлаговещенскБашкортостан Благодарный Бобров Богданович Богородицк Богородск Боготол Богучар Бодайбо Бокситогорск Болгар Бологое Болотное Болохово Болхов Большой Камень Бор Борзя Борисоглебск Боровичи Боровск Бородино Братск Бронницы Брянск Бугульма Бугуруслан Будённовск Бузулук Буинск Буй Буйнакск Бутурлиновка
Кадников Казань Калач Калач-на-Дону Калачинск Калининград Калининск Калтан Калуга Калязин Камбарка Каменка Каменногорск Каменск-Уральский Каменск-Шахтинский Камень-на-Оби Камешково Камызяк Камышин Камышлов Канаш Кандалакша Канск Карабаново Карабаш Карабулак Карасук Карачаевск Карачев Каргат Каргополь Карпинск Карталы Касимов Касли Каспийск Катав-Ивановск Катайск Качканар Кашин Кашира Кедровый Кемерово Кемь Керчь Кизел Кизилюрт Кизляр Кимовск Кимры Кингисепп Кинель Кинешма Киреевск Киренск Киржач Кириллов Кириши КировКалужская область КировКировская область Кировград Кирово-Чепецк КировскЛенинградская область КировскМурманская область Кирс Кирсанов Киселёвск Кисловодск Климовск Клин Клинцы Княгинино Ковдор Ковров Ковылкино Когалым Кодинск Козельск Козловка Козьмодемьянск Кола Кологрив Коломна Колпашево Колпино Кольчугино Коммунар Комсомольск Комсомольск-на-Амуре Конаково Кондопога Кондрово Константиновск Копейск Кораблино Кореновск Коркино Королёв Короча Корсаков Коряжма Костерёво Костомукша Кострома Котельники Котельниково Котельнич Котлас Котово Котовск Кохма Красавино КрасноармейскМосковская область КрасноармейскСаратовская область Красновишерск Красногорск Краснодар Красное Село Краснозаводск КраснознаменскКалининградская область КраснознаменскМосковская область Краснокаменск Краснокамск Красноперекопск КраснослободскВолгоградская область КраснослободскМордовия Краснотурьинск Красноуральск Красноуфимск Красноярск Красный Кут Красный Сулин Красный Холм Кремёнки Кронштадт Кропоткин Крымск Кстово Кубинка Кувандык Кувшиново Кудымкар Кузнецк Куйбышев Кулебаки Кумертау Кунгур Купино Курган Курганинск Курильск Курлово Куровское Курск Куртамыш Курчатов Куса Кушва Кызыл Кыштым Кяхта
Набережные Челны Навашино Наволоки Надым Назарово Назрань Называевск Нальчик Нариманов Наро-Фоминск Нарткала Нарьян-Мар Находка Невель Невельск Невинномысск Невьянск Нелидово Неман Нерехта Нерчинск Нерюнгри Нестеров Нефтегорск Нефтекамск Нефтекумск Нефтеюганск Нея Нижневартовск Нижнекамск Нижнеудинск Нижние Серги Нижний Ломов Нижний Новгород Нижний Тагил Нижняя Салда Нижняя Тура Николаевск Николаевск-на-Амуре НикольскВологодская область НикольскПензенская область Никольское Новая Ладога Новая Ляля Новоалександровск Новоалтайск Новоаннинский Нововоронеж Новодвинск Новозыбков Новокубанск Новокузнецк Новокуйбышевск Новомичуринск Новомосковск Новопавловск Новоржев Новороссийск Новосибирск Новосиль Новосокольники Новотроицк Новоузенск Новоульяновск Новоуральск Новохопёрск Новочебоксарск Новочеркасск Новошахтинск Новый Оскол Новый Уренгой Ногинск Нолинск Норильск Ноябрьск Нурлат Нытва Нюрба Нягань Нязепетровск Няндома
Саки Салават Салаир Салехард Сальск Самара Санкт-Петербург Саранск Сарапул Саратов Саров Сасово Сатка Сафоново Саяногорск Саянск Светлогорск Светлоград Светлый Светогорск Свирск Свободный Себеж Севастополь Северо-Курильск Северобайкальск Северодвинск Североморск Североуральск Северск Севск Сегежа Сельцо Семёнов Семикаракорск Семилуки Сенгилей Серафимович Сергач Сергиев Посад Сердобск Серов Серпухов Сертолово Сестрорецк Сибай Сим Симферополь Сковородино Скопин Славгород Славск Славянск-на-Кубани Сланцы Слободской Слюдянка Смоленск Снежинск Снежногорск Собинка СоветскКалининградская область СоветскКировская область СоветскТульская область Советская Гавань Советский Сокол Солигалич Соликамск Солнечногорск Соль-Илецк Сольвычегодск Сольцы Сорочинск Сорск Сортавала Сосенский Сосновка Сосновоборск Сосновый Бор Сосногорск Сочи Спас-Деменск Спас-Клепики Спасск Спасск-Дальний Спасск-Рязанский Среднеколымск Среднеуральск Сретенск Ставрополь Старая Купавна Старая Русса Старица Стародуб Старый Крым Старый Оскол Стерлитамак Стрежевой Строитель Струнино Ступино Суворов Судак Суджа Судогда Суздаль Суоярви Сураж Сургут Суровикино Сурск Сусуман Сухиничи Сухой Лог Сызрань Сыктывкар Сысерть Сычёвка Сясьстрой

СОVID-19: Кыргызстанда эмдөө мартта башталат

0 27
СОVID-19: Кыргызстанда эмдөө мартта башталат
Кыргызстан коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасын тандады. Март айынын башында келчү дары алгач дарыгерлер менен мугалимдерге сайылмакчы. Калкты жапырт эмдөө планга жараша акырындык менен ишке ашышы мүмкүн. Ошол эле маалда дүйнөдө вакцина чыгарган мамлекеттер ортосунда таасир талаш кызыды. Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 илдетине каршы эмдөө жүргүзүүнүн улуттук планын иштеп чыкты. Ага ылайык Кыргызстан Британияда өндүрүлгөн «AstraZeneca» вакцинасын колдонмой болду. SARS-CoV-2 вирусу козгогон коронавирус инфекциясын алдын алуу үчүн бул вакцина колдонууга уруксат берилген дары-дармектердин атайын тизмесине киргизилген. Ошондой эле Кыргызстанды каттоодон өткөрүүгө документтерди даярдоо үчүн «СпутникV» вакцинасынын өндүрүүчүлөрү менен да сүйлөшүү жүрүп жатат. Министрликтин маалыматы боюнча Кыргызстанга «AstraZeneca» вакцинасынын 504 миң дозасы март айынын башында келери пландалууда. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова эмдөөнүн жүрүшү тууралуу буларды айтты: «Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун COVAX механизминин алкагындагы портфелине кирген «AstraZeneca» вакцинасынын 504 миң дозасын алып келүүгө кат жолдонгон. Болжол менен бул вакцина Кыргызстанга март айында эки бөлүк менен келиши күтүлүүдө. Муну менен калктын 20% эмделет. Алгачкы эмдөө иштери Чүй облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында жүрөт. Эмдөө процессинде ыкчам байкоо жүргүзүлөт. Анын натыйжасы менен республиканын бардык аймактарынын жашоочуларын эмдейбиз».   Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, коронавируска каршы акысыз эмдөө үч этап менен жүрөт. Эмдөөнүн 1-этабы: Инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу жогору «Кызыл зонада» жана үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда иштеген медициналык кызматкерлер; Оорулардын оор формасын пайда кылуу же өлүмгө алып келүү тобокелдиги жогору интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнүн жана Тез жардам кызматынын дарыгерлери; Узак мөөнөттөгү кам көрүү мекемелеринин кызматкерлери жана жумушчулары; Оорунун күчөп кетүү тобокелдиги жогору социалдык демографиялык топтор; Билим берүү мекемелеринин мугалимдери; Укук коргоо жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери; Тейлөө чөйрөсүндө жана коомдук тамактануу жайларында иштегендер. 2-этап. Эмдөө жүргүзүүнү пландаштырууда 60 жаштан жогорку курактагы адамдар. Өнөкөт оорусу жана клиникалык тобокел факторлору бар 60 жашка чейинки адамдар. Калктын аялуу катмарлары. Ал эми 3-этап калктын арасында улантылып, мамлекеттин жана донорлордун эсебинен жүрөт. Министрликтин маалыматы боюнча эмдөө иши ыктыярдуу түрдө жүзөгө ашат. Бирок аталган илдетке каршы эмдөөдөн өтүү боюнча элдин пикири бир кылка эмес. Буга чейин Кыргызстанга глобалдык COVAX альянсынын алкагында коронавируска каршы «Pfizer/BioNTech» вакцинасы сунушталган. Бирок кыргыз өкмөтү аны -70 градус температурада cактай турган муздаткыч жок экенин билдирген.   Медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев Кыргызстан тандаган "AstraZeneca" вакцинасы тууралуу буларды айтты: «"СпутникV", "Pfizer", "Moderna" деген үч вакцина эң жакшы деп табылган. Алардын таасири 90% өйдө болот деп табылган. Ал эми "AstraZeneca" вакцинасынын таасири 62% деп изилденген. Башкача айтканда, 10 кишини эмдесе, анын алтоосунда гана иммунитет пайда болот. Бирок бул вакцинаны деле алышыбыз керек. Кыргызстан өз алдынча вакциналарга карата изилдөөлөрдү өткөргөн эмес. Башка өлкөлөрдүн иликтөөсүнө таянып жатабыз. Кытай чыгарган бир-эки вакцина бар. Алардыкы да "AstraZeneca" сыяктуу таасири 60%». Султангазиевдин айтымында, Кыргызстан өз алдынча вакциналарга карата изилдөөлөрдү жүргүзгөн эмес.   Бир апта мурда өкмөт Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну болушу мүмкүн экенин эскерткен. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 3-февралда парламент жыйынында вирустун жаңы штаммына каршы турууга аракет кылып жатканын билдирген. «Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну октябрь-декабрь айларында өтүп кетти. Эми үчүнчү толкунга даярдык көрүп жатабыз. Алгоритм бар. Даярдык жетиштүү». Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы 2020-жылдын март айында башталган. Бул илдет дээрлик 85 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңге жакыны каза болду. Орусия менен Кытайдын вакцинасына кызыгуу күч Ал арада Орусия менен Кытай Евразия өлкөлөрүнө өз вакцинасын сунуштай баштады. Бул тууралуу «Эркин Европа/ Азаттык» радиосунун кабарчысы Рид Стендиш жазган макаланы сунуштайбыз. Жаңы изилдөө коронавируска каршы чукул базарга чыгарылган орустун «СпутникV» вакцинасына карата айтылган сынды азайтты. Ошол эле маалда жаңы дарыны алууга куштар өлкөлөр вакцинага келгенде толгон-токой логистикалык жана саясий проблемаларга кабылды. «СпутникV» вакцинасынын клиникалык сыноолорунун үчүнчү фазасынын ортолук жыйынтыктары эл аралык медициналык "Lancet" журналына 2-февралда жарыяланды. Анда COVID-19 дартына каршы колдонууда натыйжалуулугу 91,6% жетээрин оорунун оор түрүнө, ошондой эле ырааттуу жайылышына жол бербей тургандыгы аныкталганы жазылган. Мындай жыйынтык батыш өндүрүшүнөн чыккан вакциналардын натыйжасына жакын экенин билдирет. Анткен менен изилдөө бир топторду ойлонто турган олуттуу маселеге - орусиялык вакцина вирустун жайылышын толук токтото алабы деген суроого так жооп бере албады. Ошол эле кезде клиникалык сыноолор аягына чыга электе «СпутникV» вакцинасынын базарга чыгарылышынан улам пайда болгон кооптонуулар менен бүдөмүк суроолорго чекит коюлду. «Вакцинаны эрте чыгарып, ыкчам жайылтууга жасалган аракет бир топ суроолорду жараткан, көптөрдү кабатырланткан, анын баарын "Lancet" журналында жарыяланган маалыматтар кооптонууга негиз жок экенин ырастап берүүгө жарайт. Орусия өзү гана чыгарган вакцинага ишенди, андай аракети, менимче, дурус эле акталды окшойт», - деп айтты «Эркин Европа/ Азаттык» радиосундагы маегинде Британиянын Лестер университетинин вирусологу Жулиан Танг. Жаңы изилдөө COVID-19 апаатына каршы турчу жөнөкөй жана натыйжалуу вакцинаны иштеп чыгуу жана таратуу атаандаштыгы жаңы деңгээлге көтөрүлүп калган чакта жарыяланды. "AstraZeneca", "Moderna" менен "Pfizer/BioNTech" сындуу Батыштын фармацевтикалык фирмалары менен удаа чыккан кытайлык "Sinovac" жана "Sinopharm", ошондой эле орусиялык "Спутник V" вакциналары дал ушул маалда кыйла өтүмдүү позицияны ээлеп, чоң базардын өтүмдүү товарына айланышты. Вакцина жана бюрократия Бирок көпчүлүк өкмөттөрдүн көшөгөнүн артындагы аягы билинбеген оюндары даяр дарыларды жеткирүүдөн тартып, толгон-токой мурда-кийин эске алынбаган проблемаларды жаратты. Анын ичинде дарыны чыгарууну токтотуп коюудан баштап жеткирип, бөлүштүрүп берүүгө чейинки тоскоолдуктар бар. Мунун баары чогулуп келип жалпы иште ачык-айкындык болушун, жаап-жашыруулардын кереги жоктугун, анан да кимдир бирөөлөр жок жерден тобокелдиктерди жаратып жатканын айгинелеп койду. Алдагыдай абал орусиялык жана кытайлык вакциналардын глобалдык масштабда ыкчам таралышына шарт түзүүдө, эмдөөдө аларды колдонуунун залакасы кандай болот суроосуна карабай, ал дарылар көп жерлерге тарап жатат. «Кытай менен Орусия вакцинаны колдонууга уруксат берүүнү маалынан эрте жасашты. Алар жагдайдын татаалдыгынан улам келип чыккан боштукту ээлеп калгылары келди. Батышта эмдөөнү ыкчам киргизүүгө шашылбай, улуттук өзүмчүлдүк үстөмдүк кылып кетти», - дейт "Эркин Европа/ Азаттык" радиосунун кабарчысына берген интервьюсунда Виржиния биримдиги университетинин Глобалдык коомдун саламаттык сактоо маселелери боюнча эксперти Жуди Твигг. Бюрократиялык тоскоолдуктар айынан Европа Биримдиги рыногуна вакцина ыкчам кире албай калды. Анын үстүнө так ошол маалда Брюссель менен "AstraZeneca" компаниясынын аягы көрүнбөгөн талашы чыгып, фармацевтикалык гигант өндүрүштүк проблемалардан улам дарыларды ташып жеткирүүнү азайта турганын билдирип отуруп алды. Европа Биримдиги дарыларды чыгарчу компания макулдашууда көрсөтүлгөн милдетин так аткарышы керектигин талап кылып, биримдик ичинде чыкчу дарыларды сыртка чыгарууну өзү көзөмөлгө аларын ырастоодо. Ал арада өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн керектүү дарыны маалында алуу жөндөм, мүмкүнчүлүгү суроо жаратууда. Ага карабай Чыгыш Европа, Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азиянын бир топ өлкөлөрү эмдөө программаларын даярдап, даяр вакциналар келип калабы деп үмүт артып отурушат. Бирок жагдай алар ойлогондой жеңил эмес. Алдыда кыйла сыноолор күтүп турат. Бул өлкөлөрдүн көбү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) COVAX деген программасына катышууда, ага ылайык жакыр өлкөлөргө вакцина сатып алууга 2 миллиард доллар акча бөлүнгөн. Бирок ал өлкөлөрдүн калкына жетиштүү дарыларды чыгарып, толук камсыз кылууга бир топ жылдар кетет. "Economist Intelligence Unit" аналитикалык тобунун быйыл январдын этегинде жарыялаган документинде бул чөлкөмдөрдү вакцина менен толук камсыз кылуу, эмдөөнү өткөрүү иштери бери дегенде 2023-жылдан тарта башталышы ыктымал. «Коомдук саламаттык сактоо көз карашынан, саясий жагынан алганда деле вакцина жетишпестиги деген бар. Орусия менен Кытай ошол боштукту ээлеп алабыз деп өрөпкүп турушат», - дейт Твигг. Боштукту толтуруу Башында бир топ бүдөмүк суроолор болгону менен, кийинки кездери "СпутникV" вакцинасына суроо-талап ыкчам көбөйүүдө. Ушу кезге чейин орусиялык вакцинаны сатып алууга дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү даяр, калганы дарыны чыгарууга лицензия сатып алуу камында жүрүшөт. «Орусия сыноонун үчүнчү этабы баштала электе вакцинаны жактырып, өндүрүшүн баштап жиберди, жасап жаткан иштерин жашыруун кармады. Мындай аракети көпчүлүктүн вакцинага ишенбестигин пайда кылды, бир топ убакыт өзү менен өзү болуп эле жатты. Эми жыйынтыгы чыкканда алардын "Lancet" журналына берген маалыматтары кызылдай калп деп элестетиш кыйын. Эл аралык адистерден турган топтордун кылдат эксперттик талдоосунун баасы чыкмайынча "Lancet" маалыматтарды жарыя кылбайт», - деди Твигг. Ушу кезге чейин Беларус, Казакстан менен Түркия «Спутник V» вакцинасын чыгаруу жана иштеп чыгуу боюнча келишимдерге кол коюшту. Батыштын вакциналарын жактырбаган Иран да орустун дарысын жактырып, колдонууга уруксат берди. Вакцинанын чыгарылышына жана дүйнөлүк соода базарда сатылышына жоопкер орусиялык Тикелей инвестициялар фондунун маалымдашынча, вакцинаны Индия, Түштүк Корея, Бразилия жана Кытай да чыгара баштайт. Борбор Азиядагы абал Мындан жарым жыл илгери Орусия вакцина чыгарууга уруксат берип, калкын жалпы эмдөөнү баштаган чакта вакцинаны сыноонун үчүнчү фазасынын жыйынтыктары чыга элек болчу. Буга окумуштуулар камтама болуп, иштин жашыруун жасалып жатканына кабатырлыгын билдиришкен. Бирок ага карабастан «СпутникV» вакцинасын сыноонун үчүнчү фазасынын жыйынтыктарынын чыгышы, ага кошулуп вакцинанын баасынын арзандыгы, ошондой эле, анын сакталышынын жеңилдиги, андайга катаал шарттардын коюлбашы - дарынын Евразия чөлкөмүндө кенен таралышына өбөлгө түзөрү бышык. "Pfizer" менен "Moderna" вакциналарынан айырмаланып "СпутникV" менен кытайлыктар чыгарган эки вакцинаны сактоо жана ташып жеткирүү маалында өзгөчө суукту камсыз кылчу муздаткычтын кереги жок, жөнөкөй муздаткычта сактоого болот. Мына ушул шарт аларга логистикалык артыкчылык берет – жакыр өлкөлөрдө өтө суук шартта сактоочу муздаткычтар, муздакты кармоочу камералар да жок. Борбор Азиянын айрым өкмөттөрү COVAX программасы аркылуу эле жетиштүү сандагы жарандарды эмдөөдөн өткөрүп алууну көздөөдө. Бирок аталган программа ага катышып аткан өлкө калкынын 20% гана эмдөөгө жетерлик вакцина сатып берүүгө эсептелген. Ортолук боштукту толтуруш үчүн Кыргызстан менен Тажикстан «СпутникV» вакцинасын алууга жардам берүүнү сурап Орусияга кайрылды. “Азаттыктын” түркмөн редакциясынын маалымдашынча, буга чейин "коронавирус катталган жок" деп келген Түркмөнстан орусиялык вакцинаны сатып алды. Өзбекстан COVAX программасына үмүт артып келген, ошол эле кезде декабрдан тарта кытайлык "Anhui Zhifei Longcom Biopharmaceutical" компаниясы чыгарган вакцинанын клиникалык үчүнчү фазасын сыноодон өткөрүүгө киришти. Ошол эле учурда 220 миллион калкы бар Пакистан коңшулаш Кытайдын "Sinopharm" компаниясынын 500 миң дозасын белекке алып, эмдөөгө киришти. Исламабад жалгыз "Sinopharm" вакцинасын пайдаланууга уруксат бербестен, "AstraZeneca" менен "СпутникV" вакциналарын колдонууга да жол ачты. Орусиядан Иранга «СпутникV» вакцинасын ташып келүү Орусия менен Кытайдын вакциналары Европада да жактырылып, колдоого ээ болууда. Германиянын канцлери Ангела Меркел эгер көзөмөл органдар жактырса "СпутникV" вакцинасы Европа Биримдигинде да колдонуларын билдирди. Германиянын саламаттык сактоо министри Йенс Спан Европада вакцина жетишсиздиги улана берсе, Орусия менен Кытайдын коронавируска каршы вакциналары деле колдонулушу мүмкүн экендигин кыйытты. ЕБ мүчөсү Венгрия Sinopharm вакцинасын жактырды, 2-февралдан тарта "СпутникV" вакцинасын ала баштады, анын биринчи партиясынын — 40 миң дозасы келди. 7 миллион калкы бар Сербия калкын эмдөө жагынан Европа чөлкөмүндө Британиядан кийинки экинчи оруда турган өлкө. Ал да батыштан чыккан вакциналар менен катар орустун, кытайдын дарыларын колдонууга кызыкдар. Эмдөөнүн соңку кабатырлыгы "СпутникV" вакцинасынын "Lancet" тарабынан жактырылышы буга чейинки кооптонууларды кыйла жумшартканы менен, кытайлык вакцина менен эмдөөнүн натыйжасы кандай болору дагы деле көптөрдү чочулатууда. "Sinovac" маалыматтарына негизделген иликтөө "Lancet" журналына жарыяланган, бирок, анда дарыны сыноонун биринчи жана экинчи фазаларынын жыйынтыктары тууралуу гана маалыматтар камтылган. "Sinovac" дагы "Sinopharm" дагы сыноонун үчүнчү фазасынын жыйынтыктарын жарыя кылыша элек, эки компания ага карабастан ДССУ маалыматтарын берип, маселени кароого коюшкан, башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Кытайдын көзөмөл органдары тарабынан колдонууга уруксат алышкан. Азырынча "Sinovac" кыязы, туура жолдо баратат, сыноонун соңку этаптарында ал бир топ натыйжаларга жеткенин ырастады. Ал ортодо Түркия менен Индонезиядан алынган маалыматтар вакцинанын натыйжалуулугу 91,25 пайыздан 65,3 пайызга чейинки көрсөткүчтү камсыз кыларын ырастады. Бразилиялык изилдөөчүлөр мурдараак вакцинанын натыйжалуулугу клиникалык сыноодо 78% түзөрүн ырастап келсе, январда алар бул көрсөткүчтү дагы тактап, натыйжалуулук 50,4 пайызга жетерин айтып, мындай бүтүмгө кошумча маалыматтарды алгандан кийин келишкенин ырастоого өтүштү. «Кытайлык вакцина тууралуу маалыматтар дагы деле жок. Башында Орусия маалыматын жашырбай айтып келген, Кытайдан андай ишарат байкалбады, азыноолок маалымат менен чектелишти», - дейт Твигг. Декабрдын аягында "Sinopharm" вакцинасын жасачулар үчүнчү фазанын ортолук сыноосу дарынын натыйжалуулугу 79 пайызга жетери ырасталганын билдиришкен. Мындай көрсөткүч "Pfizer" менен "Moderna" вакцинасы боюнча эмдөөлөрдөн кыйла төмөн, анткен менен, башында белгиленеген төмөнкү босогодон кыйла жогору. Кандайынан келгенде да, "Lancet" журналы жарыялаган "СпутникV" вакцинасындай толук маалымат кытайлыктар чыгарып жаткан бир да вакцинада жок. Айрым эксперттердин ырасташынча, кытайлык вакциналарды сыноонун натыйжалары тууралуу маалыматтардын жоктугу, бул иштин ачык жасалбай, жашыруун катылып жатышы адистер арасында ишенбөөчүлүктү жаратууда. Айрымдары ал вакциналардын натыйжалуулугунун төмөндүгү дарыларды ачык чыгарууга жол бербей жатат деп ойлошот. «Вакцинаны чыгарып жаткан өлкөнүн кандайлыгы да маанилүү, экөөнү ажыратып кароо мүмкүн эмес. Бирок, артка бир кадам таштап, башкасын коюп илимдин өзүнө карагыла, мындан кандайдыр бир олуттуу кошумча натыйжаны деле көрбөй турам», - дейт Лестер университетинин илимпозу Танг.  



Кызыл

"Кайрат" забил девять голов в матче Кубка Лиги


Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Росгвардейцы Тувы обеспечили безопасность граждан во время Всероссийского турнира по вольной борьбе

Росгвардия выступила соорганизатором детской игры «Зарница 2.0» для тувинских школьников

Росгвардейцы задержали скрывавшегося от правосудия жителя Тувы

Мәрзия белән Иван мәхәббәте: «Кызы туганын да белми, хатларын апалары яндырып барган»

Новости Кызыла

Росгвардия выступила соорганизатором детской игры «Зарница 2.0» для тувинских школьников

Росгвардейцы Тувы обеспечили безопасность граждан во время Всероссийского турнира по вольной борьбе

Вольная борьба: Якутские борцы не смогли дойти до финалов турнира в Тыве

Ансамбль «Раздолье» из Тувы получил диплом I степени на конкурсе «Казачий круг»


В Туве идет сбор макулатуры в честь Всемирного дня окружающей среды

Мәрзия белән Иван мәхәббәте: «Кызы туганын да белми, хатларын апалары яндырып барган»

Уровень воды в Енисее за сутки поднялся на 9 см и составил 456 см при критическом 590

Якутские борцы завоевали три медали турнира в Тыве


Белоусов упорно зачищает гнездо Шойгу в МинОбороне

Ансамбль «Раздолье» из Тувы получил диплом I степени на конкурсе «Казачий круг»

Вольная борьба: Якутские борцы не смогли дойти до финалов турнира в Тыве

Новая музыка недели


Глава Тувы Владислав Ховалыг
Москва

Собянин: Под заселение по реновации с начала года передали 20 жилых комплексов


Частные объявления в Кызыле



Загрузка...
Ria.city
Персональные новости
Элджей

Концерт Элджея требуют отменить члены «Русской общины» в Новосибирске



Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Кызыл на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.


© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 123ru.net в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, "My Love", Ru24.pro, Russia24.pro и др.

Продвижение Музыки. Раскрутка Музыки. Продвижение Песни. Раскрутка Песни.

Компания ICDMC приняла участие в торжественном открытии выставки “Тульское качество”

Ротация на Радио. Ротация песен на радио. Радиоротация. Песни на Радио.

В Уфе открыли Музей музыки имени Федора Шаляпина


Теннисист Рублев объяснил, почему проиграл сет в первом круге "Ролан Гаррос"

Теннисист Рублев вышел во второй круг Открытого чемпионата Франции

Абсцесс остался позади // Андрей Рублев первым из игроков топ-10 вышел во второй круг

Рыбакину и Соболенко «отправили» в полуфинал «Ролан Гаррос»


Johnny Nelson Reveals His Wide Fury-Usyk Scorecard: “Don’t Be Fooled”

Shocking moment idiot films himself invading pitch and taunting Spurs in major security breach before Newcastle friendly

Move over Harry Kane and Jude Bellingham the real England champ is a 15 yr old SUBBUTEO star

Full list of cafes and restaurants where kids can eat free or cheap this half term – including Asda and Sizzling Pubs