Жалал-Абадда 28 жаштагы келин үч эм төрөп, Баатыр эне болду
0
33
16-октябрда Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө үч эм жарыкка келди. Төрөт үйүнүн жетекчилиги ырастагандай, Сузак районуна караштуу Кызыл-Кыя айылынын 1992-жылы туулган тургуну Аксана Омокова үч эм төрөрдү. Ымыркайлардын улуусу 2 кг 400 грамм, экинчиси 2 кг 300 грамм, үчүнчүсү 3 кг 100 грамм болуп төрөлгөн.
Балдардын жана эненин абалы жакшы. Аксананын үч эмден тышкары дагы үч уул, бир кызы бар.
Кыргызстанда жети жана андан көп балалуу энелерге Баатыр эне наамы ыйгарылат.(TB)