Ок тийген ак илбирсти дарылоого акча топтоло баштады
0
27
Таласта кармалган жаралуу ак илбирсти дарылоого акча топтош үчүн банк эсеби ачылып, «РСК банкы» илбирсти дарылоого 50 миң сомдук сертификат берди. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, ак илбирске операция жасалгандан кийин абалы жакшырган. Азыр ал тамак ичип калды.
10-январда Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин ветеринардык клиникасында илбирске операция жасалып, анын башына тийген бытыранын 18 калдыгы алынган. Бирок операция болгондон көп өтпөй анын экинчи көзү да көрбөй калды.
Ак илбирсти аткандарды азыр Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин кызматкерлери күч органдары менен чогуу издеп жатышат.
Сейрек кездешкен жаныбар Таластагы Көк-Ой айылынан жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, кийин Бишкекке жеткирилген.
Ак илбирс Кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 324 ак илбирс бар. Ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айыппул каралган. (BTo)