Баткенде шахтада мерт болгондордун үчөө өз алдынча иштеп келгени аныкталды
0
17
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына жакын Кадамжай районуна караштуу жердеги эски шахтада иске ууланып каза болгон үч киши көмүр казуу иштерин өз алдынча жүргүзүп келгени аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Газга ууланып мерт болгондордун тек-жайы такталды. 42, 32 жана 21 жаштагы жарандардын бири кызылкыялык, экөө ноокаттык болуп чыкты.
Сүлүктү шаарындагы каргашада көз жумгандар 44, 43 жана 40 жаштагы жергиликтүү тургундар экени маалым болду. Алар «Абдукахар-Кен» жоопкерчилиги чектелген коомунун көмүр шахтасында иштеп жатышкан учурда газга ууланып калышкан. Булардан башка дагы эки адам жабыркаган, алар ооруканада, абалы канааттандырарлык.
Кызыл-Кыядагы окуя 6-октябрда, Сүлүктүдөгү окуя 5-октябрда катталды. Эки фактыны тең аймактык милиция бөлүмдөрү жана мекеме аралык комиссиялар териштире баштады.
Мамлекеттик экотехинспекциянын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, 2017-жылы кендерди иштеткен өндүрүш маалында 26 кырсык катталып, 24 адам каза болгон. Шахтада каза болгон адамдардын саны тууралуу 2018-жылкы маалымат так эмес. (ErN)