Сулайманов: Уранды чалгындоо, иштетүү түбөлүккө токтотулат
0
22
Бул тууралуу парламенттеги "Бир Бол" фракциясынын лидери, талкууланып жаткан мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Алтынбек Сулайманов 7-майда уран маселеси боюнча коомдук угууда билдирди.
Ушул тапта Жогорку Кеңеште Кыргызстандын аймагында геологиялык-издөө, чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору тууралуу коомдук угуу өтүп жатат.
Аталган мыйзам долбоордун авторлору депутаттар Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов жана Канат Керезбеков.
Жогорку Кеңеш 2-майда республика аймагында уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салуу тууралуу токтом кабыл алган. Төрага Дастанбек Жумабеков Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол боюнча маселе талкууланган жыйында парламент саясий чечим кабыл алганын билдирген.
Мунун алдында жарандык активисттер, жергиликтүү тургундар Кызыл-Омпол кенинде уран чалгындоого каршы Бишкекте, Балыкчыда, Караколдо катар-катар митингдерди өткөргөн.
Президент Сооронбай Жээнбеков 4-майда Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алганда акыр-аягы уран чуусуна байланыштуу үн катып, «Кыргызстанда уран казылбайт!» деп билдирген. (EBM/ZKo)