Новосибирск шаарынан Бишкекке 208 мигрант кайтып келди
0
129
«Сибирь» (S7) компаниясынын «Новосибирск–Бишкек» авикаттамы менен Орусиядан Кыргызстанга 208 мигрант учуп келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Чартердик учакта кош бойлуу жана балалуу аялдар, кары-картаңдар, оорулуулар, жакындарын жоготкондор, студенттер жана депортация болгон жарандар келди. Алар - Орусиянын Новосибирск шаарынан сырткары Забайкальеде, Ыраакы Чыгышта (Дальний Восток), Алтай Республикасында, Кемерово жана Сахалин облустарында иштеп, жашаган кыргыз мигранттары.
Мындан сырткары авиакаттам менен Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүүгө көмөктөшүү үчүн сегиз ыктыярчы дарыгер келди. Ошондой эле Новосибирск облусундагы кыргыз диаспоралары чогулткан 700 миң рублдук медициналык жабдуу, дары-дармек жана башка препараттар жеткирилди.
Жүргүнчүлөрдүн тизмесин кыргыз диаспора өкүлдөрүнөн жана Кыргызстандын Новосибирскидеги консулдугунун кызматкерлеринен турган комиссия түздү.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча пандемия башталгандан бери 60ка жакын өлкөдөн 30 миңдей кыргызстандык мекенине кайтып келген. Алардын басымдуу бөлүгү - Орусияда жүргөндөр.
Саламаттык сактоо министрлигинин 26-июнда кабыл алынган чечимине ылайык, чет жактан кайтып келгендер мурдагыдай жапырт обсервацияга киргизилбейт, оорунун белгилери жок болсо аэропорттон үйүнө коё берилет, ал эми оорусу байкалгандар дарыланууга жөнөтүлөт же ооруканага жаткырылат. (ErN)