Москвада Крым татарларын колдоп чыккандар камалды
0
32
![Москвада Крым татарларын колдоп чыккандар камалды](https://gdb.rferl.org/0565A6B7-B5FB-43DF-A9C3-11637A76E801_w800_h450.jpg)
Орусиянын Москва шаарында Жогорку соттун имаратынын алдына Крым татарларынын «Хиз ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун мүчөсү деген шек менен камалышына каршы чыккан ондогон активистти полиция кармап кетти. Жогорку сотто 11-июлда «Бахчисарай тобу» деген каймана ат менен таанымал үч Крым татары боюнча Түндүк-Кавказ аскердик сотунун өкүмүнө каршы доо арыз каралып жаткан эле. Соттун бул өкүмүнө ылайык, активисттер 9 жылдан 17 жылга чейин эркинен ажыратылган.
«Азаттыктын» орус кызматынын маалыматы боюнча, соттун алдына нааразылыкка чыккандардын дээрлик баары кармалды. Аларды полиция эки автобуска жүктөп кетти жана ар бир унаада кеминде 30дай адам бар.
Мунун алдында Москвада Кызыл аянтта Крым татарларынын таламын талашып акцияга чыккан жети активист кармалган болчу.
Москва Крымды аннексиялап алгандан бери Орусияда тыюу салынган уюмга мүчө болгон деген негизде ал жакта жашаган 70тей киши кармалган.
«Мемориал» укук коргоо уюму 2014-жылы Крым татарлары Орусияга кошулууга каршы чыкканы үчүн Москва аларды куугунтуктап жатат деп эсептейт.