Новости Ростова-на-Дону
Мы в Telegram
Добавить новость
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018
Октябрь 2018 Ноябрь 2018 Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024
1 2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено
Бабаево Бабушкин Бавлы Багратионовск Байкальск Баймак Бакал Баксан Балабаново Балаково Балахна Балашиха Балашов Балей Балтийск Барабинск Барнаул Барыш Батайск Бахчисарай Бежецк Белая Калитва Белая Холуница Белгород Белебей Белёв Белинский Белово БелогорскАмурская область БелогорскКрым Белозерск Белокуриха Беломорск Белорецк Белореченск Белоусово Белоярский Белый Бердск Березники БерёзовскийКемеровская область БерёзовскийСвердловская область Беслан Бийск Бикин Билибино Биробиджан Бирск Бирюсинск Бирюч БлаговещенскАмурская область БлаговещенскБашкортостан Благодарный Бобров Богданович Богородицк Богородск Боготол Богучар Бодайбо Бокситогорск Болгар Бологое Болотное Болохово Болхов Большой Камень Бор Борзя Борисоглебск Боровичи Боровск Бородино Братск Бронницы Брянск Бугульма Бугуруслан Будённовск Бузулук Буинск Буй Буйнакск Бутурлиновка
Кадников Казань Калач Калач-на-Дону Калачинск Калининград Калининск Калтан Калуга Калязин Камбарка Каменка Каменногорск Каменск-Уральский Каменск-Шахтинский Камень-на-Оби Камешково Камызяк Камышин Камышлов Канаш Кандалакша Канск Карабаново Карабаш Карабулак Карасук Карачаевск Карачев Каргат Каргополь Карпинск Карталы Касимов Касли Каспийск Катав-Ивановск Катайск Качканар Кашин Кашира Кедровый Кемерово Кемь Керчь Кизел Кизилюрт Кизляр Кимовск Кимры Кингисепп Кинель Кинешма Киреевск Киренск Киржач Кириллов Кириши КировКалужская область КировКировская область Кировград Кирово-Чепецк КировскЛенинградская область КировскМурманская область Кирс Кирсанов Киселёвск Кисловодск Климовск Клин Клинцы Княгинино Ковдор Ковров Ковылкино Когалым Кодинск Козельск Козловка Козьмодемьянск Кола Кологрив Коломна Колпашево Колпино Кольчугино Коммунар Комсомольск Комсомольск-на-Амуре Конаково Кондопога Кондрово Константиновск Копейск Кораблино Кореновск Коркино Королёв Короча Корсаков Коряжма Костерёво Костомукша Кострома Котельники Котельниково Котельнич Котлас Котово Котовск Кохма Красавино КрасноармейскМосковская область КрасноармейскСаратовская область Красновишерск Красногорск Краснодар Красное Село Краснозаводск КраснознаменскКалининградская область КраснознаменскМосковская область Краснокаменск Краснокамск Красноперекопск КраснослободскВолгоградская область КраснослободскМордовия Краснотурьинск Красноуральск Красноуфимск Красноярск Красный Кут Красный Сулин Красный Холм Кремёнки Кронштадт Кропоткин Крымск Кстово Кубинка Кувандык Кувшиново Кудымкар Кузнецк Куйбышев Кулебаки Кумертау Кунгур Купино Курган Курганинск Курильск Курлово Куровское Курск Куртамыш Курчатов Куса Кушва Кызыл Кыштым Кяхта
Набережные Челны Навашино Наволоки Надым Назарово Назрань Называевск Нальчик Нариманов Наро-Фоминск Нарткала Нарьян-Мар Находка Невель Невельск Невинномысск Невьянск Нелидово Неман Нерехта Нерчинск Нерюнгри Нестеров Нефтегорск Нефтекамск Нефтекумск Нефтеюганск Нея Нижневартовск Нижнекамск Нижнеудинск Нижние Серги Нижний Ломов Нижний Новгород Нижний Тагил Нижняя Салда Нижняя Тура Николаевск Николаевск-на-Амуре НикольскВологодская область НикольскПензенская область Никольское Новая Ладога Новая Ляля Новоалександровск Новоалтайск Новоаннинский Нововоронеж Новодвинск Новозыбков Новокубанск Новокузнецк Новокуйбышевск Новомичуринск Новомосковск Новопавловск Новоржев Новороссийск Новосибирск Новосиль Новосокольники Новотроицк Новоузенск Новоульяновск Новоуральск Новохопёрск Новочебоксарск Новочеркасск Новошахтинск Новый Оскол Новый Уренгой Ногинск Нолинск Норильск Ноябрьск Нурлат Нытва Нюрба Нягань Нязепетровск Няндома
Саки Салават Салаир Салехард Сальск Самара Санкт-Петербург Саранск Сарапул Саратов Саров Сасово Сатка Сафоново Саяногорск Саянск Светлогорск Светлоград Светлый Светогорск Свирск Свободный Себеж Севастополь Северо-Курильск Северобайкальск Северодвинск Североморск Североуральск Северск Севск Сегежа Сельцо Семёнов Семикаракорск Семилуки Сенгилей Серафимович Сергач Сергиев Посад Сердобск Серов Серпухов Сертолово Сестрорецк Сибай Сим Симферополь Сковородино Скопин Славгород Славск Славянск-на-Кубани Сланцы Слободской Слюдянка Смоленск Снежинск Снежногорск Собинка СоветскКалининградская область СоветскКировская область СоветскТульская область Советская Гавань Советский Сокол Солигалич Соликамск Солнечногорск Соль-Илецк Сольвычегодск Сольцы Сорочинск Сорск Сортавала Сосенский Сосновка Сосновоборск Сосновый Бор Сосногорск Сочи Спас-Деменск Спас-Клепики Спасск Спасск-Дальний Спасск-Рязанский Среднеколымск Среднеуральск Сретенск Ставрополь Старая Купавна Старая Русса Старица Стародуб Старый Крым Старый Оскол Стерлитамак Стрежевой Строитель Струнино Ступино Суворов Судак Суджа Судогда Суздаль Суоярви Сураж Сургут Суровикино Сурск Сусуман Сухиничи Сухой Лог Сызрань Сыктывкар Сысерть Сычёвка Сясьстрой

Чек ара: Анклавдан чыккан ажырым

0 240
Чек ара: Анклавдан чыккан ажырым
Кыргыз-тажик чек ара талашынын өзөгү катары Ворух анклавынын көйгөйү көтөрүлүүдө.   6-майда "Ховар" улуттук жаңылыктар агенттиги чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусунан кийинки биргелешкен билдирүүсүн жарыялады. Ага ылайык, тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курууну макулдашканы белгилүү болду. Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонот жана анын абалын карап туруу милдетин өзүнө алат. Азырынча кыргыз тарап бул боюнча комментарий бере элек. Кыргыз бийлиги Ворухту биротоло анклав деп чектөөнү же көйгөйдү чечүү үчүн алмашууну сунуштаса, тажик тарап аны негизги аймагына кошууну көздөп, доомат артканы белгилүү болду. Тараптар совет доорундагы ар кайсы учурда чийилген карталарга таянып, өз жүйөлөрүн айтып, бирок бир пикирге келе албай келишет. Тажикстандык басылмалар “Ворух кантип анклав болгон?” деп суроо коюп, аны чек арадагы чырдын негизги себеби катары жазышты. Анда тажик тарап Ворухту анклав катары тааныбай турганы көрсөтүлгөн. Ал эми кыргыз тарап маселе соңку мезгилде гана көтөрүлүп баштаганын эскертүү менен анклавды Тажикстандын негизги аймагына бириктирүү талабын негизсиз доомат катары баалады. Мындай орунсуз талапты канааттандыруу Кыргызстандын Аксай, Көк-Таш аймактарынын тажик тарапка өтүп кетишине, Лейлек районун эксклав абалына кептей турганы көрсөтүлгөн. Ворухту алмашуу сунушуна берилген жооп Быйыл 26-мартта чек ара боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Ворух” анклавына байланыштуу чек ара көйгөйүн чечүү үчүн тажик бийлигине эки сунуш берилгенин жарыялаган: "Тажикстан менен негизги чек ара маселеси – бул Ворух анклавы. Биринчи сунуш. Бул анклавдын аянтын мыйзамдуу түрдө ченейбиз. Анын аянты мындан ары чоңойбойт. Ворухтан Тажикстанга каттоого пайдалануу үчүн гана жол беребиз. Ал жол Кыргызстандын Ак-Сай айылын айланып өтө тургандай болот. Экинчи сунушубуз – бул аймак 12 миң гектардын тегерегинде. Аны Лейлек же Баткен районунун башка жерлерине алмашууга даярбыз. Ворух анлавынын ордуна Кыргызстандын кайсы аймагы жарактуу деген негиздемени Тажикстан тарапка бердик. Бирок азырынча коңшу мамлекеттен жооп келе элек". УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бул билдирүүсүн расмий Дүйшөмбү "ультиматум" катары оор кабыл алып, анын аймактарды алмашуу боюнча сунушун тажик коомчулугунда “Ворухту” толугу менен алууга багытталган катуу талап катары сыпаттаган сын-пикирлер күчөгөн. Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи "Фейсбук" аркылуу кайрылуусунда Ворухтун анклав экенин четке каккан. Кезинде Кыргызстандын Баткен облусунун жарымы Тажикстандын аймагы болгонун айтып, доомат койгон жайы бар: “Ворух, тарыхый, саясий жана географиялык карталар боюнча анклав болгон эмес. Баткен облусунун азыркы аймагынын жарымы де-юре Тажикстандын аймагы болгон. Бул тилкелер совет бийлигинин убагында административдик бөлүк катары гана кабыл алынып, ал жайыттарга көчмөндөр малын жайууга коё берип турушкан. Жыйынтыгында ал көчмөндөрдүн жарымы биздин эзелки аймактарга отурукташып, үйлөнүп-жайланып, үй-жай күтүп, өздөрүнүн тажик туугандары менен ирегелеш, тынч жашап келишти. Кайсы бир жерлерди Тажикстанга кайтаруу тууралуу маселе турган жок. Болгону де-юре жазылганды де-факто таанып, тажик аймагындагы мыйзамсыз түзүлгөн административдик бирдиктерди жоюу зарыл. Анан да алардын жерин башка тажик жерлерине алмаштырууну сунуштоонун кереги жок. Бул сүйлөшүү жүргүзүүнүн принциби эмес”. Кооптуу коңгуроо Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин бул айтканына ошол кезде расмий Бишкек анчейин көңүл бурбай, муну тажик бийлигинин кыйыр түрдө айттырган аймактык дооматы катары да кабыл алган жок. Көп өтпөй тажик президенти Эмомали Рахмон алдын ала шардана кылып, атайын Ворух анклавына иш-сапар менен келип, жергиликтүү актив менен жолуккан учурда "ал жер эч качан алмашылбай турганын" айтканы тууралуу кабарлар чыккан. Бирок кыргыз тарап талаштуу жер тилкелерин алмашуу эл аралык тажрыйбада чек ара чырын тынч чечүүнүн натыйжалуу жолу экенин, ал тургай Өзбекстандын аймагындагы Барак анклавын Кыргызстан ошого теңдеш жерине алмашып, маселени ийгиликтүү жөнгө салганын мисал кылып жооп кайтарды. Ворух аймагына кандай максатта иш-сапар менен келгени белгисиз президент Эмомали Рахмондун бул жүрүшү кыргыз тарапка кыр көрсөтүү катары каралган. Ошондон бир канча убакыт өтпөй Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү Баткенде аскердик машыгууларды өткөрдү. Ага удаалаш эле Тажикстан дагы Кыргызстанга чектеш аймагында аскердик машыгууларды баштады. Аскердик талдоочулар муну тараптардын бири-бирине билек көрсөтүшү катары баалашып, бул тымызын тирештин жыйынтыгы кандай болот деген суроону коюшкан болчу. Ошентип, 28-29-апрель күндөрү эки тарап кагылышып, аскерлер менен бирге эле жарандар жабыркап, ондогон адамдар өмүрү менен кош айтышып, жүздөгөнү жарадар болгон, турак жай, мектептер жана башка курулуштар талкаланып, өрттөлгөн окуя болду. Баткендеги соңку кандуу чек ара чатагынан соң, эксперттер арасында “тажик бийлиги Ташиевдин сунушун чагым катары пайдаланып, Ворухка жол ачууну жана суу бөлүштүрүүчү жайга ээлик кылууну көздөйт” деген пикирлер айтылды. Мурдагы дипломат Бактыгүл Каламбекова бул окуяга чейин "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө Ворухка байланыштуу маселенин кооптуу экенин кулак кагыш кылган. “Чек ара көйгөйлөрүн чечүү боюнча жакындан бери каралып жаткан эки варианттын экөө тең абдан кооптуу деп эсептейм. Анткени, жер алмашууну эки тараптан тең жергиликтүү калк кандай кабыл алат? Анан дагы бул маселе биздин улуттук кызыкчылыкка канчалык төп келет? Коопсуздук жагынан алганда, экономикалык кызыкчылыктан алганда, анын зарылдыгы, пайда-зыяны сыяктуу оош-кыйыштары канчалык эсепке алынган? Мындай иштерди аябай кылдат алып баруу керек. Ошондуктан бул маселе ортого салынып, талкууга алынбай турган нерсе болчу. Реакциясын көрдүк. Бул болбой турган нерсе.” Тажикстандын дооматы эмнеге негизделген? Жакында Тажикстандагы “Азия-Плюс” сайты Исфаранын экс-мэрине таянып, 1924-1927-1947-жылдардагы чек араларды аныктоо документтери боюнча Ворух анклав эмес экенин жана анын негизги аймак менен бир экенин далилдегиси келген тажик тараптын жүйөлөрүн жарыялады. Бирок кыргыз өкмөтүнүн чек ара боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев Ворухту анклав деп тааныган укуктук күчкө ээ материалдар жетиштүү экенин айтты: “Ал жерди алар "анклав эмес" деп, биз анклав деп талашып жатабыз. Бул нерсе эми сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен чечилет. Ворух анклавынын айланасындагы Аксай жана Көк-Таш сыяктуу аймактардын жер тилкелери макулдашыла элек. Кийинки сүйлөшүүлөрдө ушул маселелер каралат. Совет бийлиги түзүлгөндө Тажик республикасы Өзбек ССРинин курамында болгон да. Ошол мезгилдеги эски материалдарда ал жер анклав эмес экенин айтып жатышат. Ал эми кийинки такталган документтерге тажик тарап өзү кол коюп берген материалдар бар. Керек болсо анын анклав экенин ырастаган токтомдор бар. Азыр андай-мындай деп айтуу кыйын. Мисалы, ошол эле 1955-1958-1961-жылдардагы жана 1989-жылдагы документтерде алар өздөрү аны анклав деп кол коюп берген документтер бар. Керек болсо бул боюнча алардын өкмөтүнүн токтому чыккан. Бизде такталган жана укуктук күчкө ээ материалдар жетиштүү. Бирок алар 1924-1927-жылдардагы эски материалдарды алып чыгып алышып, ошонун айынан талаш-тартыш болуп жатат. Чек ара маселеси аябай талылуу. Ошондуктан мен азыр абдан маанилүү жана жүйөлүү маселелер тууралуу айта албайм”. Совет бийлигинин Орто Азиядагы улуттук-аймактык бөлүштүрүүсүнүн жыйынтыгында 1924-жылы Тажик автономиялуу республикасы Өзбек ССРинин курамында түзүлгөн. Ал андан 1929-жылы бөлүнүп, СССРдин курамына өз алдынча республика болуп калган. Бул мезгилде Кыргыз Республикасы башында РСФСРдин курамында автоном облус, автономиялуу республика жана өз алдынча союздук республика болуп түзүлгөн. Бардыгы СССРдин курамында болгондуктан андагы чек аралар административдик чек ара катары белгиленген. Талаш эмнеден чыккан? Кыргыз тараптын ырасташынча, 1924-1927-жылдагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү шарттуу гана жүрүп, ал мезгилде картографиялык-геодезиялык ыкмалар колдонулбай, Фергана өрөөнүндө жалпылык жана аралаш маданият үстөмдүк кылгандыктан, улуттук жана саясий факторлордун негизинде республикалар ортосундагы административдик бирдиктерди бөлүштүрүүгө анчейин көңүл бөлүнгөн эмес. Кийин, 1950-жылдары бул союздук республикаларда калктын жашоо деңгээли оңоло баштаганда коңшулардын ортосунда чарбалык, экономикалык маселелер чыгып, андан улам эки ортодогу жерге жана суу ресурстарына ээлик кылууга байланыштуу талаш маселелер көтөрүлө баштаган. 1955-жылы Москванын көрсөтмөсү менен чөлкөмдөгү тарыхый, географиялык, улуттук-саясий факторлорду эске алып, ошол кездеги заманбап картографиялык-геодезиялык ыкмаларды колдонуу менен Орто Азиядагы союздук республикалардын ортосундагы чек араларды тактоо боюнча паритеттик комиссиялар түзүлгөн. Өзбек ССРи, Кыргыз ССРи жана Тажик ССРинин ортосундагы республикалар аралык анык чек араларды чийген 1955-1958-1961-жылдардагы карталар ошол паритеттик комиссиялардын чыгарган тыянактарынын негизинде иштелип чыгып, бекитилген. Бул тууралуу кийин Ташкент жана Москва шаарларында корголгон илимий эмгектерде да көрсөтүлгөн. Улуттук-аймактык бөлүштүрүү этаптарына байланыштуу маселеге карата азыркы расмий Дүйшөмбүнүн көз карашы жана позициясы бир топ башкача. Тажик тарап анклавды "тарыхый катачылык" деп эсептейт Тажикстандын Исфара шаарынын экс-мэри, постсоветтик мезгилдеги кыргыз-тажик чек араларды тактоо боюнча баштапкы сүйлөшүүлөрдүн катышуучусу Мирзошариф Исломидинов “Азия-Плюс” сайтына ошол учурда Ворухтун айланасындагы жерлер, демек Аксай, Көк-Таш сыяктуу кыргыз айылдары "Тажикстанга караштуу болгон" деп билдирген. Анын берген маалыматына таянып жазылып, кандайдыр бир деңгээлде тажик бийлигинин позициясын чагылдырган ал макалада 1950-жылдары Төрткүл суу сактагычы менен аты уйкаш каналды долбоорлоо учурунда Тажикстандын бир нече миң гектар жери Кыргызстанга берилип, бул үчүн Исфара районундагы 3,5 миң гектар жерди сугарууга шарт түзүү маселеси макулдашылган. Бирок Тажик ССРинин Жогорку Советинин президиуму бул документти ратификациядан өткөргөн эмес деген жүйө келтирилген. Бул маалыматтын чын-бышыгын архивдик материалдар аркылуу тактоого азырынча мүмкүн боло элек. Бирок бул документти ошол кездеги Кыргыз ССРи менен Тажик ССРинин ортосундагы өкмөттүк паритеттик комиссия иштеп чыкканы белгилүү. Чатактын башы - чаташкан карталар Азыркы учурда тажик тарап Ворух анклав катары Тажикстандын негизги аймагынан бөлүнүп көрсөтүлгөн 1948-жылдагы жалгыз картадан башка, 1975-жылга чейинки союздук карталардын бардыгында Ворух анклав катары көрсөтүлгөн эмес жана ал дайыма Тажикстандын негизги аймагына кирип турган деген пикирде: “Түркстан округунун бир дагы топографиялык картасында Ворух анклав катары көрсөтүлгөн эмес. Бул округ 1992-жылга чейин турган. 1975-жылга чейинки топографиялык жана аскердик карталарда Аксай деген аталыштагы калктуу конуштар жок. 1975-жылга чейинки документтерди караганда, андагы бир дагы адам Аксайда жашаган деп катталган эмес. Анткени, 1975-жылга чейин андай айыл болгон эмес. Бул карталардын бардыгы Ворух жана анын айланасындагы жерлер Исфаранын бир бөлүгү экенин далилдеген талашсыз документтер болуп саналат жана Тажикстандын бийлиги ошону карманууга тийиш”, – дейт Борбор Азия боюнча тажик эксперти Насибжон Амони. Тажик тараптын айтымында, 1982-жылдан берки гана союздук республикалардын карталарында Ворух анклав катары бөлүнүп көрсөтүлө баштаган. Бирок анын себептери эмнеде экени "Азия-Плюстун" аталган макаласында көрсөтүлгөн эмес. Ошол эле кезде тажик тарап СССРдин картография жана геодезия мекемеси тарабынан ондогон, мүмкүн жүздөгөн географиялык, административдик, экономикалык, топографиялык жана аскердик карталар ыңгайына жараша ар кандай сапатта жана ар кайсы мезгилде чийилип, иштелип чыкканын жана алардын ортосунда албетте, кандайдыр бир айырмачылыктар болушу мүмкүн экенин эмнегедир эске албаган. Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрүндө негизги укуктук күчкө ээ далилдер катары кандай документтер менен картографиялык материалдар эсептелери, 1924-жылдан 1991-жылга чейинки аралыктагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү иштериндеги кайсы этаптар жана андагы кандай тарыхый, саясий жана укуктук факторлор эске алынышы керектиги тууралуу бекитилген шарттар азырынча коомчулукка белгисиз. Аймактык чектерди бөлүүдөгү айырмачылыктар эмнеден? Кыргыз тарап болсо Ворух анклавынын айланасында жайгашкан Кыргызстандын Аксай жана Көк-Таш айылдары 1930-жылдардагы совет бийлигинин "отурукташтыруу-коллективдештирүү" саясатынын негизинде Баткендин аталган аймагындагы майда жана чачкын конуштар менен айыл-кыштакчаларды ирилештирүүнүн негизинде пайда болгонун белгилейт. Анткени, мында 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чектеп-бөлүштүрүү иштери жай мезгилинде жүргүзүлгөн учурду дагы эске алуу сунушталган. Жай мезгилде көчмөн-кыргыздар малга карап жайлоолоп, тоолордун арасында болуп, күзүндө гана кыштоо үчүн өндүргө түшкөн жагдайлар эске алынбай калганы мисалга алынды. Ал эми олтурукташкан калк адатта дыйканчылык менен алек болуп, улам жаңы жер тилкелерин өздөштүрө баштаган. Ошонун негизинде кошуна олтурукташкан эки улуттун ортосунда адамдар аралаш жашаган же болбосо "шахматтык конуштар" пайда болуп, кээ бир учурларда так чектеп, аныктоого мүмкүн болбогон аймактык- административдик бирдиктер түзүлгөн. Кыргыз тарап тажик бийлиги карманган 1924-1927-жылдардагы документтердин укуктук күчү жок деп эсептейт. Ошол эле кезде чек араларды шарттуу аныктоо боюнча документтер андагы эки тараптын элдик өкүлчүлүк органдарынын макулдашууларынан өтпөгөнүн белгилейт. Соңку чек араларды тактоонун тыянагы кандай болгон? Ал эми 1955-1958-жылдары Москвадан келген адистер иштеп чыккан геодезиялык жана картографиялык материалдардын негизинде республикалар аралык чек аралар ошол мезгилдеги шартты эске алуу менен чийилгени кыргыз тараптын жүйөсүндө көрсөтүлгөн. Кыргызстандык коопсуздук боюнча эксперт Талант Разаков чек аралар боюнча 1955-жылы чыккан тыянакты бардык тараптар тааныганын белгиледи. “1955-жылдагы улуттук чек араларды аныктоо боюнча паритеттик комиссияда тажик өкмөтүнүн дагы өкүлдөрү болгон. Алар бардык материалдарды карап чыккандан кийин чечимге кол коюп беришкен. Паритеттик комиссиянын чечимин кийин эки республиканын өкмөтү тең таанып, бири-бирине аймактык дооматы жок экенин ырастап, кол койгон токтомдор турбайбы. Ошонун негизинде мурда кетирилген кемчиликтерди жоюп, заманбап ыкмалар менен карталар чийилип, чек аралар аныкталган. Эми талаштуу маселелер каяктан чыгып жатат? Мунун бардыгы эптеп эле Ворухка жол ачып, аны Тажикстандын негизги аймагына бириктирүү далалаты үчүн жүрүп жатат”. Кыргызстандын ичиндеги Тажикстандын Ворух анклавынын айланасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Көк-Таш айылдары жайгашкан. "Головной" суу бөлүштүрүү жайы дагы Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында орун алган.



Аксай

Прохладно, дожди: Прогноз погоды в Уральске и Аксае


Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Рост тарифа на капремонт в Ростовской области, новые расценки за проезд по трассе М4 «Дон» и отмена шествия «Бессмертного полка»

Прохладно, дожди: Прогноз погоды в Уральске и Аксае

Новости Ростовской области

Прохладно, дожди: Прогноз погоды в Уральске и Аксае

Спортсмены Якутии стали бронзовыми призерами чемпионата России по вольной борьбе

Россия и Дети: театр кукол Ульгэр в Бурятии покажет концерт-представление "Вальс Победы"

Культура России: как прошёл конкурс бурятского языка для детей в Бурятии?


В Аксае в школе №4 cκpывaли драку детей, в κοтοpοй дeвοчκa получила сотрясение мозга

На скамье подсудимых окажется водитель, давший взятку сотрудникам ГИБДД

КЧР присоединилась к Всероссийской акции «Библионочь-2024»

В Ростовской области впервые провели гонки дронов


В Ростове из-за работ на водоводе в Берберовке жители останутся без воды

СМИ: у Нисанова серьезные проблемы с силовиками

Прохладно, дожди: Прогноз погоды в Уральске и Аксае

Почти летняя жара: Прогноз погоды в Уральске и Аксае


Губернатор Ростовской области Василий Голубев
Москва

Собянин рассказал о строительстве моста через Москву-реку у Берегового проезда


Частные объявления в Аксае



Загрузка...
Ria.city
Персональные новости
Певец

Певцу Денису Майданову стало плохо на репетиции праздничного концерта



Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Аксай на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.


© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 123ru.net в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, "My Love", Ru24.pro, Russia24.pro и др.

Лидер «Алисы» Кинчев рассказал, что умерший Тропилло многое сделал для группы

Николаю Фоменко – 62: что связывает артиста с Полом Маккартни и «Формулой-1», и при чем тут гвозди

Екатеринбуржец исполнил хит Shaman’а в метро и получил тростью от бабушки

Сразу прыгнула голой в кровать: Волочкова уединилась с тайным спутником на Мальдивах


Легечка обыграл Надаля и сыграет с Медведевым в 1/4 финала «Мастерса» в Мадриде

Россиянка Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису

Медведев обыграл Бублика и вышел в четвертьфинал "Мастерса" в Мадриде

Россиянка Андреева стала рекордсменкой на турнирах WTA-1000


Tyson Fury vs Oleksandr Usyk undercard: Who is fighting on huge Saudi bill?

5 Things EVERY Ripped Guy Does (COPY THESE)

13 Crops You'd Be INSANE Not To Plant in May

Tom Aspinall says UFC 304 start time is ‘awful’ and should be changed as Brit provides update on next opponent