Добавить новость
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017 Февраль 2017 Март 2017 Апрель 2017 Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018 Сентябрь 2018 Октябрь 2018 Ноябрь 2018 Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026
1
2
3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Бийлик чек араны чечүүгө жолтоо болгон себептерди атады

0 199
Президент Садыр Жапаров мамлекет башына келгени өткөргөн алгачкы маалымат жыйынында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоого тоскоол болуп жаткан үч маселени атады.


23-октябрдага маалымат жыйында Баткенден келген журналист Мамажан Бердишев “май айындагы жаңжалда чечилбеген чек аранын айынан 36 кыргызстандык каза болду, эми дагы канчасы каза болушу керек?” - деген суроо узатты.


Садыр Жапаров айтымында, чек ара маселелерин тез арада чечүүгө тоскоол болгон талаштуу үч маселе бар.


“Мен чек араны бүгүн кол коюп чечкенге даярмын. Бирок ал бизден көз каранды болбой жатат. Чек ара маселеси оюнчук маселе эмес экен. Ооба, апрель айында Тажикстан менен кагылышууда 36 жараныбыз өлдү. Бул 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан маселе. Өзбекстан менен чек арабызды тактап алып, анан Тажикстанга өтөлү дегенбиз. Ал жерде үч талаштуу маселе бар. Биринчиси, Төрт-Көчө деген жердеги 275 метр жер, экинчиси, Ворухка кеткен жол. Үчүнчүсү, Баткен менен Лейлек районундагы талаш жер".






Жапаровдун пикиринде, чек ара боюнча орток пикир табууга тоскоолдук кылып, талаш жараткан документтер бар.


Президент чек араны тактоо сүйлөшүү жолу менен акырындап алдыга жылып жатканын, Кыргызстан эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен маселени чечүүгө кызыкдар экенин кошумчалады. Андан тышкары Лейлек жана Баткен райондорунун аймагында 210 миң гектар жер жана Мургаб району тууралуу да маселелер козголуп жатканын ачыктады.


Тажикстан менен чек ара маселесин чечүүдө Төрт-Көчө тилкеси боюнча Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаров кол койгон протокол кедергисин тийгизип жатканын белгиледи. Президенттин бул айтканына Мадумаров комментарий бере элек.




Ал буга чейин “Азаттык” менен болгон маегинде аталган протоколдун "укуктук күчү жок" деп  түшүндүргөн.


"Протокол деген экөөбүз келишип, мен сиздин кызыңызга барып сөйкө салып коем да. Ошол сөйкө салганым протоколдон жогору турат. Себеби, сөз берилди деген сөз. Бул протокол үмүт - деген. Бул ишке андан ары карай кетели деген".


Баткен облусунун мурдагы жетекчиси Султанбай Айжигитов чек ара боюнча кол коюлган келишим, протоколдордогу милдеттемелердин аткарылбаганы адатка айланып калганын белгилейт. Анын пикиринде, акыркы 10 жыл аралыгында мурда-кийин талаш жаратпаган аймактар кантип талаштуу тилкелердин катарына кирип калганын да иликтеш керек.




"Протоколдор көп. Бирок алардын  аткарылышы, көзөмөлдөнүшү боюнча иш жакшы болбой, жаман тенденция пайда болду. Маселе 275 метр жер боюнча эле эмес да. Аны айткандан кийин калгандарын да айтыш керек. Андан башка да маселелер бар. Мисалы, Ворух анклавынын айланасында талаштуу тилкелер дээрлик жок болчу. Азыр көп жер талаштуу деп калыптыр. Алар кантип талаштуу аймакка кирип калды, ошону да иликтеш керек".




Чектеш айылдарда турмуш шартты оңдоо, элдин туруктуу жашап турушуна көмөк көрсөтүү да чек ара маселесин чечүүнүн бир жолу экени белгилүү. Баткендин биринчи губернатору Мамат Айбалаев ушундай пикирди кармангандардын бири.




"Ошол 275 метр жердин айланасы мурда бош жаткан жер болчу. Головнойго чейин эч ким жок эле. Азыр эми кошуналар канчалаган жерди иштетип жатышат. Ал жерлерди алмашуу, тактоо ишин жүргүзүш керек. Убакыт өткөн сайын маселе тереңдей берет. Оорлошуп кеткенден кийин чечүү да кыйындайт. Алмашып, тийиштүү жерлерден элди да көчүрүш керек. Анан экономикалык жактан маани бериш керек. Антпесе, чек ара айылдарынан эл көчүп кете берсе, кошуналардын калкы көбөйө берсе, чек ара маселеси дагы да татаалдашат. Анан Лейлек району, Сүлүктү шаары анклавга айланат. Андан көрө экономикалык жактан колдоп, жаңы жерлерди өздөштүрүп, суу чыгарып, жумушчу орундарды түзүп, элди ошол жерде кармап калышыбыз керек. Чек ара дегенибиз менен миңдеген гектар жерлер мамлекеттин бүтүндүгү деп мамиле жасалышы керек. Президент туура маселе айтты. Бирок дагы да терең караш керек. Чечкиндүү кадамдарды жасаш керек".


Садыр Жапаров маалымат жыйынында Баткен облусун өнүктүрүүгө, социалдык мекемелер, жол, суу боюнча да каражат бөлүнүп жатканына токтолду.


Кыргызстанда бир жылда аскердик техниканы жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 млн. доллар бөлгөнүн, бул коопсуздук үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи.




Кыргызстан менен Тажикстандын жалпы чек арасы 970 чакырымга созулат. Анын 519 чакырымы буга чейин эки тараптуу такталып, макулдашылган. Акыркы эки жылдан бери токтоп калган өкмөт аралык комиссиянын отуруму быйыл апрель айынын соңундагы куралдуу жанжалдан кийин жанданып, 48 чакырымдан ашык жер боюнча макулдашууга жетишилгени айтылды.


2010-жылга чейин Кыргызстан менен Тажикстан аралашып жайгашып калган 25 гектардай жерди бир жаңсыл алмашуу боюнча да сүйлөшүүлөр дээрлик аяктап калганы кабарланган. Андай жерлер ошол эле чуулгандуу Көк-Таш, Самаркандек, Арык-Асты участокторунда жайгашкан.


Андан кийин Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдарындагы жерлерди алмаштыруу маселелери да каралмакчы болгон. 2020-жылы пандемиядан улам эки тараптуу сүйлөшүүлөр да токтоп, андан кийин октябрдагы бийлик алмашуудан кийин эки тараптуу жумушчу топтун жолугушуулары башталып жатканда Баткенде куралдуу кагылыш чыккан. Бул окуядан кийин эки тараптын чек араларды тактоо боюнча өкмөт аралык комиссиясынын жыйындары өттү. Жумушчу топ ар ай сайын эки өлкөдө кезеги менен жыйынга чогулуп жатат. Топтун июль айындагы жыйынынан кийин 40 чакырым чек ара боюнча мунаса табылганы айтылган. Тараптар ортосунда чек араны тактоо боюнча иштер 2002-жылы башталган.


Талаштуу чек аранын айынан Кыргызстан менен Тажикстандын чегинде чыр-чатак байма-бай болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жаракат алган.


Тажикстан тараптан 19 киши каза таап, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө тең бул жаңжал үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.




Куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. Жакында гана Кыргызстанда окуган тажикстандык студенттер үчүн чек ара ачылды.


Ал эми жалпы каттамдарды калыбына келтирип, чек араны ачуу делимитациялоо жана демаркациялоо иштери аяктагандан кийин карала турганын президент Жапаров 23-октябрдагы маалымат жыйынында айтты.




 




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Автопробег к Дню Победы

Состоялось заседание оргкомитета по празднованию 81‑й годовщины Победы в Великой Отечественной войне


Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Терек на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.