Добавить новость
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017 Февраль 2017 Март 2017 Апрель 2017 Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018 Сентябрь 2018 Октябрь 2018 Ноябрь 2018 Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026 Июнь 2026 Июль 2026
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Мамлекет кендердеги үлүштү тескейт

0 83
Жогорку Кеңеш Кыргызстандагы жаңы казыла турган кендердин 100% үлүшүн мамлекетке өткөрүүгө шарт түзгөн мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизген токтомду дароо үч окууда кабыл алды. Ага ылайык, кендерди мамлекеттик ишканалар иштетип, инвесторлор менен соодалашууга мүмкүнчүлүк алат.


“Жер казынасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизген Министрлер кабинетинин токтомунда жер казынасын пайдалануу укугу өкмөттүн чечими менен мамлекеттик ишканаларга берилип, алар 100% үлүшкө ээ болору жазылган. Бул мекемелер инвесторлор менен түз иштейт. Кен иштетүүгө байланыштуу лицензияларды тескейт.


Бирок токтомдун буга чейин берилип кеткен кендерге тиешеси жок. Алар азыр кандай иштесе, ошондой эле ишин уланта берет. Ал эми мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин казыла турган жер байлыктары мамлекеттик мекемелердин карамагында болот.


Учурда кенге байланыштуу "Кыргызалтын" жана "Кыргызкөмүр" аттуу эки мамлекеттик ишкана бар. Айрым маалыматтарга ылайык бул жаатта дагы бир мекеме түзүлүшү мүмкүн.






Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Мелис Сатыбеков документти парламентте мындайча негиздеди.



“Бул мыйзамды Энергетика жана өнөр жай министрлиги демилге кылды. Буга байланыштуу президенттин да жарлыгы бар. Долбоор мамлекеттик ишканаларды колдоп, алардын ишин жандандыруу максатында иштелип чыкты”, - деди Сатыбеков.



Өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген мыйзамга ылайык, Кыргызстанда иштөө ниети бар инвестордун кендеги үлүшүн мамлекеттик мекеме аныктайт.


Мисалы, мындай практика “Кыргызалтын” менен Чаткал районундагы "Эти Бакыр Терек-Сай" компаниясынын ортосунда колдонулган. Биргелешкен ишкананын капиталынын 75% "Эти Бакырга" 25% "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна таандык.



Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев кендерди 100% мамлекеттик ишканага берүүдө "коррупциялык схемалар түзүлүп кетпейби?” деп күмөн санаганын жашырган жок. 




“Кыргызалтын” менен “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканалары бардык майда-барат кендердин лицензиясына ээ болуп инвесторго же ишкерлерлерге “келгиле бизден сатып алгыла” дешпейби деген кооптонуу бар. Ошондуктан коррупциялык иштерге жол бербеген чектөөлөр болушу керек. Ал мыйзамда каралышы шарт”.


Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда кен иштетүүгө жана чалгындоого баш-аягы 2500дөй лицензия берилген. Анын 500гө жакыны алтынга 300дөн ашыгы көмүр казууга байланыштуу.



Кенге тийиштүү лицензиялар алтын менен көмүрдөн тышкары башка баалуу металлдарга, уранга жана курулуш материалдары үчүн сырье катары колдонулуучу кендерге берилген.



Маалыматка ылайык, лизенциялар эң көп берилген учур азыр камакта жаткан мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин Геология боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турган жылдарга туш келет.


Тоо-кен тармагы боюнча эксперт Дүйшөнбек Камчыбеков буга чейин берилип кеткен лицензиялардын оош-кыйышына токтолду.




“Мамлекеттик ишканалар лицензия ала албай келген. Конкурс, аукцион болгон учурда атаандаштар менен тирешүүгө акчасы жетпей калган учурлары болгон. Азыр болсо мамлекеттик ишканалардын мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатат. Бул жерде элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн иш болуп жатат. Мисалы Баткендеги Бел-Алма, Жалал-Абаддагы Бочумчак кендеринин лицензиялары туура эмес жолдор менен берилген. Эгер ушуга окшогон ири кендердин лицензиясын мамлекеттик компаниялар берсе инвестор тартып, өзүнүн үлүшүн аныктайт эле да. Учурда Ысык-Көлдө Тоголок деген аймакта 19 тонна алтын иштетиле элек. Мындан башка да казыла элек кендер бар”.


Деген менен, кыргыз өкмөтү былтыр ноябрда алтын, күмүш жана жезди казууга жана чалгындоого мораторий киргизген. Ага ылайык, аталган кендерди издөөгө лицензия берилбейт. Ал эми кендердин башка түрлөрүнө лицензиялар мыйзамга ылайык берилет.




Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден кийинки алгачкы беш жарлыгынын бири кен казууга байланыштуу болгон.



Жарлык пайдалуу кен чыккан жерлерди мыйзамсыз казууга көзөмөлдү күчөтүүнү, анын ичинде лицензиялык тескөөнү, жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну, өнөр жай багытында жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууну да камтыйт.



Жапаров 5-майда жаңы Баш мыйзамга кол коюп жатып, бул маселеге дагы бир жолу токтолгон.



“Экономиканын дагы бир стратегиялык сектору кен байлыктарды иштетүү өнөр жайы. Бул тармакты өнүктүрүү улуттук мыйзамдарды жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эл аралык стандарттарды сактоонун, кен чыккан жерлерди рационалдуу иштетүүнүн негизинде жүзөгө ашат. Мындан ары кен чыккан жерлерди иштетүүдө мамлекеттик үлүш каралышы керек”, - деген эле.




 


Учурда өлкөдө 100дөн ашык кенде казуу жана долборлоо иштери жүрүп жатат. Кыргызстандагы ири кендердин бири Кумтөргө жакында эле сырттан башкаруу кирди. Кыргыз бийлиги Кумтөрдү иштеткен "Центерра" менен соттошууну көздөп жатат. Бул кенде кыргыз тараптын учурдагы үлүшү 26% түзөт.



Мындан тышкары Жерүй, Талды-Булак Сол жээк, Макмал, Бозумчак, Иштамберди, Үңкүр-Таш кендери да бар.



94 тонна алтыны бар деп эсептелген Таластагы Жерүй алтын кенинде Кыргызстандын бир да пайыз үлүшүнүн жоктугу жергиликтүүлөрдү нааразы кылып келет. Көп жылдан бери колдон-колго өтүп, чырдан башы арылбаган бул кенди азыр орусиялык «Альянс алтын» компаниясы иштетет.



Быйыл, 17-мартта бул кендин комбинатынын ачылышына Президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин катышып, батасын беришкен.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также


Загрузка...
Rss.plus
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Терек на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.