Добавить новость
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017 Февраль 2017 Март 2017 Апрель 2017 Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018 Сентябрь 2018 Октябрь 2018 Ноябрь 2018 Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026
1
2
3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20 21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

"Головнойдогу" 25 өмүрдү алган кылмыш

0 332
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги чек ара чатагында каза болгондордон 25 адам Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" тилкесинде минометтен атылган октон курман болгон деп билдирди. Азырынча Тажикстандын расмий органдары чек арадагы адам курмандыктары жөнүндө билдирүү тарата элек.


2-майда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чатак учурунда каза болгон жай тургундардын жыйырма беши (сандар дагы такталууда - ред.) Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" тилкесинде минометтен атылган октон курман болгон деп билдирип, тергөө башталганын кабарлады.


Ошондой эле Лейлек районундагы 12 жаштагы кыздын өлүмү, жолдогу автоунааларды аткылоодон каза болгондор боюнча жалпы 11 иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Алар Жазык кодексинин 264-беренеси (“Массалык башаламандык”), 380-беренеси (“Тынчтыкка каршы кылмыш”), 210-беренеси (“Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же талкалоо”), 266-беренеси (“Ээнбаштык”), 358-беренеси (“Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”), 130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча тергөө башталды.


Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев 2-май күнү саат 15:00дө өткөн басма сөз жыйынында буларды айтты.




“Бишкектен, Чүйдөн, Оштон, Жалал-Абаддан кызматкерлер барып, тергөө тобу түзүлдү. Келтирилген чыгым жана башка далилдерди топтоо боюнча иш жүргүзүлүп жатат”.


Расмий маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жараат алгандардын саны 178 кишиге жетти, 34 адам каза тапты. Ал эми тажик тараптан 15 киши каза болуп, 90 жараны жараат алганын "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып жазды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2-майда Баткендин Ортобоз айылында үйдүн дубалын тешип өткөн авиациялык ракета табылганын билдирип, сүрөтүн жарыялады.




Атайын кызматтын маалыматына ылайык, авиаракета жарылбай калгандыктан ал үйдүн тургундары жабыркаган эмес. УКМК 29-апрелде тажик аскерлери “Ми-24” вертолету менен Баткен районунун Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарына абадан чабуул койгон деп жатат.


Саясат талдоочу Эмил Жураев айрыкча адам курмандыктары жөнүндө маалымат куру доомат эмес, дыкат иликтөөнүн материалдарына негизделиши керек дейт.


“Дооматтарды сөзсүз түрдө өтө кылдат жана толук далил менен коюш керек. Эки мамлекеттин ортосундагы жоопкерчилик эки башка болот. Куру сөз менен айта берсек, экинчи тарап да ошондой кылат. Бул жерде саясатташтырып, ар кандай эмоцияга алдырып же калың эл каалагандай көбөйтүп айтуунун кереги жок. Так далилдер болушу керек. Саат канчада кимдер өлгөнүн, кандай болгонун далилдөө маанилүү”.


Буга чейин эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" (Human Rights Watch) уюму 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында башталган куралдуу кагылышта аскердик оор куралдар колдонулуп, андан карапайым эл жабыркаганын белгилеген.


"Миномёттор, артиллерия жана ракеталар атылганда анын радиусу так болбогондуктан, же бир нече курал бир эле маалда колдонулгандыктан, ок алыска чачырап жатат. Кыргызстан менен Тажикстан ондогон үй-жайдын өрттөлгөнү жана алыска чачырай турган куралдардын колдонулганы тууралуу маалыматтарды ыкчам иликтеп, канча адам өлгөнүн, канча мүлк талкаланганын аныкташы керек. Аскер мыйзамдарын бузганы үчүн күнөөлүүлөрдү таап, карапайым жарандарга укуктук жактан коргонууга шарт түзүп берүүгө милдеттүү", - деп жазылган уюмдун маалыматындатараткан билдирүүдө.


Укук коргоочу, юрист Сания Токтогазиева кыргыз-тажик чек арасындагы жай тургундардын курман болгонун иликтөө үчүн жарандык коомдун атынан Гаага эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кайрылуу даярдап жатканын билдирди. Токтогазиева териштирүү жылдап созулушу мүмкүн экенин айтып, арыздын маанисине токтолду.


“Адам укуктары боюнча бейөкмөт уюмдар биригип, прокурордун атына жөнөтөбүз. Мыйзам бузуу жөнүндө арыз Тажикстанга каршы эмес, ошол жердеги буйрук берген адамдардын үстүнөн жазылат. Ал жерде ошол күндөрү аскердик кылмыштын белгилери бар. Эл аралык прокуратурага кылмышты тергөө үчүн аябай так далилдер керек”.




Экс-президент Роза Отунбаева кыргыз-тажик чек арасындагы чатак боюнча кайрылуу таратып, элди биримдикке, сабырдуулукка чакырды. Отунбаева жаңжалга бир беткей баа берүүдөн жана айып тагуудан алыс болуп, сабырдуулук менен иш алып барууга чакырды.


"Учурдагы окуялар эки мамлекеттин ортосунда, эл аралык мүнөздө болуп жатат. Ошондуктан абалды мындан ары да курчутуп албаш үчүн ачык айтылбай турган, көшөгөнүн артында сүйлөшүлө турган иштер болот. Учурда мамлекет жетекчилиги, өкмөт жана дипломатиялык корпус жигердүү аракеттерди жасап жатат. Өз тажрыйбама таянып, колумдан келишинче көмөк көрсөтүп жатам. Бириккен Улуттар Уюму баш болгон эл аралык коомчулукка туура маалымат берилип, түзүлгөн кырдаалды элге туура түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бирок азыркы кырдаалды сырттан бирөө келип, эки элдин ортосундагы чырды бир күндө эле чечип коюшат дегендер жаңылышат. Кыргыз жана тажик элдери сүйлөшүү жолу менен тил табышат”, - деп айтылат кайрылууда.




Ушул тапта Кыргызстан менен Тажикстандын коргонуу мекемелеринин биргелешкен комиссиясы Баткен районунун айылдарында иштеп жатат.


28-апрелде чек арадагы эки тараптын куралдуу жаңжал "Головной" суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталып, 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон жок.


29-апрелде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай, Көк-Терек айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолду.


1-майда кечке жуук эки тараптын расмий органдары тынчтык келишимине жетишкен. Жаңжал чыккан аймактардан эвакуация болгондордун саны 30 миңден ашты.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

МЧС: из-за ливней во всех регионах Северного Кавказа ожидаются подтопления

В Армавире на Кубани объявлена эвакуация жителей на фоне угрозы подтопления


Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Терек на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.