Кыргыз-тажик чек арасы: жоготуулар жана курмандыктар
0
53
Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги чыр-чатактан улам Баткен облусунун Баткен районунун жана Лейлек районунун ондогон айылы жабыр тартты, үйлөр жана башка объектилер өрттөндү, 30дан ашуун киши мерт болду. 150дөн көп адам жараат алды. Жалпы жонунан 20 миңден ашуун киши эвакуацияланды.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийликтер жалпы чыгымдын жана курмандыктардын баштапкы маалыматтарын ачыкка чыгарышты. Сандарды эсептөө дале уланууда. “Азаттык” жоготууларды учкай системалаштырды, бирок маалыматтардын такталышы менен сандар улам өзгөрүп турушу мүмкүн.
Баткен районундагы сандар
Соңку маалыматка караганда, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуудан кыргыз тараптан жалпы 154 адам жараат алды, алардын 31и каза болду. Мунун 23ү аскер кызматкери.
"Азаттык" Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан каза болгондордун тизмесин алды. Алар:
Каратаев Сагын Калбаевич. Көк-Таш айылынын тургуну. 1977-жылы 26-июлда туулган.
Тагаев Сүйүн Ураимович. Баткен шаарынын тургуну. 1969-жылы 14-мартта туулган.
Каработоев Алтынбек Джалилович. Кадамдай шаарынын тургуну. 1982-жылы 18-майда туулган.
Адбрахманов Баяман Гапарович Баткен шаарынын тургуну. 1998-жылы туулган.
Үсөн уулу Рашид. Баткен шаарынын тургуну. 1973-жылы туулган.
Ганиев Жамшит Кайимович. 1990-жылы туулган.
Рахматжанова Мадина 2009-жылы туулган.
Сайдаров Махаматрасул Махадасавоч 1985-жылы туулган.
Аскер кызматкерлери
Манасбек уулу Нурсултан 1992-жылы туулган. 2053 аскер бөлүгүнүн 3-топтун командири. Капитан.
Юлдашев Бекзат Давлатжанович. 1991-жылы туулган. 2021 аскер бөлүгү.
Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович 1991-жылы туулган. 2053 аскер бөлүгүнүн 3-атайын багыттагы отрядынын командири. Капитан.
Баткен милициясы дагы эки адамдын тек-жайын тактап жатат.
Куралдуу кагылышта 20 аскер кызматкери жарадар болду, экөөнүн абалы оор деп бааланууда.
Чыр чыккан аймак Баткен районунда болгону үчүн эң чоң жоготуулар ушул райондо катталды. Азыр бардыгы эсептелип бүтө элек, ошентсе да колго тийгендерин айтып туралы. Бул сандар дагы өзгөрүшү мүмкүн.
Демек, жергиликтүү бийликтер "Азаттыктын"ошол жерде жүргөн кабарчысына маалымат берип, Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары жабыркаганын билдирген. Булардын ичинен Көк-Терек айылы толук жабыркап, бардык 17 үй күйүп кетти. Ак-Сайдан 10, Достуктан 1 үй өрттөнгөнү такталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебинде Баткен району боюнча 9 үй, 10 май куюучу бекет, 2 ресторан, 8 дүкөн, 1 чек ара заставасы өрттөлдү. Ак-Сай айылында 1 өрт куткаруу бөлүгү өрттөнгөн.
Баткен районун акиминин орун басары Абдыбек Набиев учурда бардык өртөнгөн имараттардын саны такталып жатканын билдирди.
“Азыр баарын эсептеп, тактап жатабыз. Айылдардагы өрттөлгөн имараттарды болжолдуу эмес, тактап туруп берели деп жатабыз”, - деди ал.
Чек ара тозотторунун бешөөнө ок тийип, өрт чыккан. «Капчыгай», «Миң-Булак», «Достук», «Кожогар», «Тамдык» жана «Булак-Башы». «Достук» заставасынын имараты толугу менен күйүп кеткени мурдараак видеодон көрүнгөн.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимов менен бейтарап аймакта жолугуп келгенин билдирди.
“Ошондой эле өрттөнүп кеткен үйлөр мамлекеттик же тажик тараптын эсебинен калыбына келтирилерин убада кылам”, - деген Ташиев "Kaktus Media" басылмасынын кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып.
Расмий органдардын кабарына ылайык, Баткен районунан 7 миң адам Баткен шаарына көчүрүлдү. Тажикстанга чектеш айылдардын тургундары коопсуз жерлерге чыгып кетүүгө аргасыз болууда.
Баткендин тургуну Сапаргүл Шарипова “Азаттыктын” кабарчысына үч баласы менен Кызыл-Жол айылынан Каз айылына баратканын айтты.
«Кызыл жолдон келе жатабыз. Эркектер калып, аялдарды кетирип жатат. Таң эрте ок атылганын угуп, баары кетип жатат. Менин күйөөм калды. Азыр Казга баратабыз», - деди Шарипова.
“Азаттыктын” аймактагы кабарчыларынын соңку маалыматына караганда, кооптуу абал түзүлгөн айылдардан эвакуацияланган кары-картаңдар, аялдар жана балдар үчүн Баткен шаарындагы алты мектепте убактылуу жай ачылып иштеп жатат.
Мындан тышкары, тургундар жакындарынын үйлөрүнө кетип жатышат. Аларды кээ бир жеке мейманканалар да кабыл алууда.
Лейлектеги сандар
Баштапкы маалыматтарга ылайык, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Максат жана Арка айылдары көбүрөөк талкаланды. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолду.
“Азаттык” радиосу Баткендин Лейлек районунун акимчилигинен кошумча маалымат алган учурда, Кулунду айыл өкмөтүндөгү Максат айылында 15, Интернационал айылында 2, Сада аймагында 1 үй өрттөнүп кеткенин тактады.
Райондун Жаңы-Жер айыл өкмөтү боюнча, 6 май куюучу бекет, 1 чоң мейманкана, 2 дарыкана, 1 тойкана, 1 жеке менчик медициналык борбор, 30дан ашык дүкөн, Борбордук айылында 1 үй, Арка айылында 1 үй өрттөнүп кетти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Лейлек районунун Кулунду айылында 2 үй, Максат айылында 10 үй жана 1 мектеп күйүп кеткенин маалымдады.
Райондун Жаңы-Жер айыл округунун Арка айылынын тургуну Абдисаттар Абдухамидов “Азаттыкка” буларды айтты:
“Аялдар, балдар толугу менен Маргун, Бешкент айыл өкмөттөрү жакка чыгарылды. Айылдын ичинде эл калган эмес, жаштар, эркектер тоо жакта, айылды алыстан карап турабыз. Айыл ичинде тажиктер кирип келген. Аскерлери, БТР техникалары борбордук көчөлөрдү ээлеп турушат. Жакыныраак барып келгендер айтышты, көчөдөгү дүкөндөр, май куюучу бекеттер жана башка объекттер толук өрттөндү. Үйлөр да күйүп кетти деп жатат, бирок санын так билбейбиз”.
Жаңы-Жер айыл округуна Арка айылынан сырткары Борбордук, Достук жана Жаштык айылдары да карайт. Айыл аймактын башчысы Исманали Райымбердиев бул маалыматтарды кошумчалады:
“Элдин баарын эвакуациялаганбыз. Азыр айылдарда абал кооптуу бойдон калууда. Өзгөчө Борбордук жана Арка деген айылдарда өтө оор болуп жатат. 30дан ашык соода түйүндөр, дүкөндөр бүт таланып-тонолду, талкаланды, өрттөндү. Кызмат көрсөтүүчү фойе жана башкалар да тегизделип калыптыр. Эки мейманкана, эки дарыкана, алты май куючу, тойкана бекет өрттөндү. Үйлөр да өрттөнгөн, бирок алардын акыркы санын айта албайм. Калган маалыматтарды кийин тактагандан кийин дагы айтабыз”, - деди ал.
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты билдиргендей, Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13,5 миң адам коопсуз жайга чыгарылды.
Жергиликтүү тургундардан алган кабарларга ылайык, Лейлек районунун борборунда көпүрө жардырылган. Натыйжада дарыянын эки тарабына каттоо татаалдашкан.
Бул арада Ош шаарындагы тургундар президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго жана премьер-министр Улукбек Мариповго кайрылуу жолдоп, чек арада калган жердештеринин коопсуздугуна өтө тынчсызданып жатканын, тез арада кагылышууну токтотуп, кооптуу зонада калган айылдардын коопсуздугун камсыз кылууну талап кыларын жазышты. “Согуш апаатынан жабыр тарткан, үй-жайы өрттөнгөн, жарадар болгон, жер которуп качып чыккан жарандарга чукул арада жардам көрсөтүүнү, чыр-чатакка күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопкерчиликке тартууну суранабыз”, - деп айтылат кайрылууда.
Коомдун мүчөсү, журналист Тургунбай Алдакулов “Фейсбуктагы” баракчасына кошумча мындай маалыматтарды калтырды:
“Лейлек, Баткен райондорунун Тажикстан менен чектеш ушул аймактарында согуш болуп атат. Айрыкча Баткен облусунун борбору менен байланышы үзүлүп калган. Лейлекте абал оор. Достук, Жаштык, Арка, 60 жылдык, Максат, Интернационал жана Кулунду айылдарында кырдаал өтө курч. Айыл тургундары Исфана тарапка эвакуацияланганы менен бир тобунун үйлөрү өрттөнүп кетти. Интернационал айылынын башчысы Мурзабек Жумабаев 4-5 бала менен өрттөнгөн үйдөн өлүктөрдү чыгарууга барган учурда тажик тарап кармап кеткени айтылууда”.
28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-30-апрелде да уланган. Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткен районундагы Ак-Суу дарыясындагы "Башкы" же эл оозунда “Головной” деп аталган суу бөлүштүрүүчү жайда “тажик тарап камера орното баштаган, негизги чыр ошондо башталган” деп кабарлап жатат. Тажикстандын тиешелүү органдары окуянын түпкү себебин так айтпаганы менен, "чырды кыргыз тарап баштаган" деп билдирүүдө.
Баткен облустук милициясы 30-апрелде ок атышуу токтогонун айтты, бейрасмий маалыматка караганда, айрым жерлерде ок атылып жатканы угулууда.
Тажикстан тараптагы жоготуулар
Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө.
"Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда сегиз тажикстандык мерт болушу мүмкүн экенин жазды. Ошондой эле каза болду деген сегиз адамдын аты-жөнү тизмектеди. Алар:
- Тажикстандын Чек ара кызматынын кызматынын бөлүктөрүнүн биринин командири, 28 жаштагы Салохиддин Гадоев,
- чек арачылар Шерали Рахматзода менен Сафар Набиев,
- Исфаранын тургуну Бахтовар Махмудов,
- Овчи-Калъача айылынын тургуну 32 жаштагы Умеджан Юсуфов,
- Дахбед айылынын тургуну Некруз Гафуров
- Чорку айылынын тургундары Хикматтулло Махкамов жана Иброхимкон Хошимзода экени айтылууда.
Тажик бийлиги бул маалыматты бышыктай элек. Буга чейин тажик тараптан 28-29-апрелдеги кагылыштары учурунда тогуз адам жараат алганы кабарланган.