Добавить новость
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017 Февраль 2017 Март 2017 Апрель 2017 Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018 Сентябрь 2018 Октябрь 2018 Ноябрь 2018 Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026
1
2
3
4
5
6
7 8 9 10 11
12
13 14 15 16 17 18 19
20
21 22 23
24
25
26
27
28
29
30

Поиск города

Ничего не найдено

Табиятты унуткарган саясий туруксуздук

0 170
Адистер аба ырайынын глобалдык ысышы, климаттын өзгөрүшү Кыргызстанды да соо койбойт деп эсептешет.


Кыргызстанды дүйнөлүк эксперттер климаттын өзгөрүшү боюнча Борбор Азиядагы эң көп жабыр тартчу өлкө катары баалап жатышат.


Экологиялык өзгөрүүлөр, абанын булганышы сыяктуу проблемаларды чечүүдө зарыл болгон гранттык каражаттарды тартууда жана узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашырууга өлкөдөгү саясий туруксуздук, чечим чыгаруучу кызматтагы адамдардын тез-тез алмашуусу тоскоол болуп келет.


Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары, ардактуу консул Женифер Такер Бишкекте өткөн климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жыйында Кыргызстан дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнөн, атмосферанын ысышынан жапа чеккен өлкөлөрдүн сап башында турарын билдирди. Анын айтымында, акыркы 20 жылдан бери өлкөдөгү абанын орточо температурасы 4,8 градустан алты градуска чейин көтөрүлдү.


«Эң эле пессимисттик божомолдор боюнча ушул кылымдын аягына чейин Кыргызстандагы орточо абанын температурасы сегиз градуска көтөрүлөт, - деди ал. - Мындай өзгөрүү Кыргызстандын флорасы менен фаунасына өтө чоң таасир этет. Өлкөнүн табигый керемет кооздугу менен бай биотүрдүүлүгүн эле талкалап тим болбой, климаттын ысып кетиши калкынын 65% мал чарбачылыгы менен жан баккан өлкөдө жашоо-турмуш, киреше булагына да өтө терс таасир этерин тез эле көрүүгө болот».




Шаардын жетекчилиги тез арада көмүрдөн газга өтүү боюнча демилгени кубаттап, маселени чечүүдө узак мөөнөттүү долбоорлор жана бийик максаттарды коё билүү маанилүү экенин баса белгиледи.


Бишкектеги абанын сапаты акыркы үч айдан бери дүйнөлүк абанын сапатын текшерген индексте өтө коркунучтуу деңгээлге чыгып, кызыл сызыктан түшпөй келет. Жарандык активисттер, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында иш алып барган уюмдар Бишкектеги булганыч абага карата каршылык акциясын да өткөрүштү. Январь айынын башында активисттер кир абадан улам баш калаага өзгөчө абал жарыялоону сунуш кылышкан.


Шаардын жетекчилиги бул боюнча бир нече ирет жыйын өткөрдү. Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн негизги жылуулук булагы болгон Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) газга өткөрүү, мектептерди, бала бакчаларды ысыткан буу казандарды газ менен иштетип, көмүрдөн баш тартуу маселеси байма-бай көтөрүлүүдө. Бирок качан ишке ашары азырынча белгисиз.


Чукул чара көрүү мүмкүн эмес...


Эколог адистер бул багытта кандайдыр бир чукул чара көрүү мүмкүн эмес экенин белгилешүүдө. Бишкекти аба муздап кеткенде дароо каптаган ыштан арылууга саясий туруксуздук да себеп болуп жатат деп эсептегендер бар.


Кыргыз-Орус (Славян) университетинин окумуштуусу, метеорология, экология жана айлана-чөйрө кафедрасынын жетекчиси Андрей Подрезов ондогон жылдардан бери өлкөдөгү климаттык өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүп келет. Экологиялык туруксуздук, баш калаадагы ыш маселеси ордунан жылбай, жылдан жылга өрчүп бара жатканын ал саясий олку-солку кырдаал менен байланыштырды:


«Коомдук активисттер колдон келишинче аракет кылууда. «Move Green» уюму чыкпаса Бишкекти каптаган ыш маселесине өкмөт такыр көңүл бурмак эмес. Алар үч жыл бою бул маселени көтөрүп келатышат. Экологиялык мүшкүлдөргө маани берилбей жатканынын башкы себеби коомдун жигердүүлүгүндө эмес, тескерисинче жарандык коом азыр маселени улам көтөрүп, жигердүү болуп жатат. Биздин аткаминерлер өтө тез-тез алмашкандан улам айлана-чөйрөгө маани берилбей жатат. Маселен бир аткаминердин абалды оңдоого кандайдыр бир ниети болсо да, өкмөт тез-тез алмашып, жетишпей калып жатат.


Биринчиден, системаны туура түзүш керек. Бийликте туруктуулук болгону жакшы. Өкмөт башчылары үйлөмө шардай эле жарылып жок болбой, өз программасы менен узак мөөнөттө калса болмок. Азыркыдай бийлик кайра-кайра алмаша берген жагдайда баш калаадагы ыш, климаттын өзгөрүшү боюнча кандайдыр бир иш-аракеттер жылбайт. Маселен Париж келишимин алалы, жөн гана кол коюп, ратификациялап бериш керек эле. Бул келишимдин артында климаттын өзгөрүшүнүн алдын алууга багытталган олуттуу каржылык жардам турат.


Бирок бийлик аны артка жылдырып коюп, бир топ күтүп калдык. Ушул эле ыргакта экологиялык келишимдерге карата мамиле улана берет окшойт. Ал эми Бишкектин кир абасы ушунчалык көзгө көрүнүп калгандыктан, ал тургай азыр бийликте отурган убактылуу өкмөт да ага көз жума албай калды. Эми жаңы бийлик бир чара көрөт деп үмүт кылыш керек».




 


Ал арада климаттын өзгөрүшү дүйнөдө бир топ табигый апааттарга жол ачууда. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына караганда, 2000-жылдан бери дүйнөдө сел, жер көчкү, цунами эки эсе көбөйгөн. 2000-жылдан 2019-жылга чейин жер жүзүндө 7348 жаратылыш кырсыгы катталып, 1980-1999-жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп болгон. Бул кырсыктардын дээрлик жарымы же үч миңге жакыны Азия континентинде болду. Климаттын өзгөрүшүнөн улам болгон зилзала жана цунамилер 6600 деп эсептелди.


Абанын ашыкча ысышынан 165 миң адам каза болуп, 4,2 миллиард адам жаратылыштагы кырсыктардан жабыркады. Мындай табигый апааттар дүйнө экономикасына акыркы 20 жылда 3 триллион доллар зыян алып келгенин БУУнун акыркы отчётунан окуса болот.


Маалымат элге толук жетпей жатат


Кыргызстан да бул процесстен сыртта калган жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсү боюнча, 2019-жылы өлкөдө 14 ирет сел жүргөн.


Жалпы чыгым 9 миллион 976 миң сом болгон. Ал арада өлкөдө 3103 дарыя болсо, алардын 2503үнүн жээгинен сел каптай турган коркунуч бар. Климаттын өзгөрүшү айрыкча мал чарбачылыгы менен алектенген тоолуу райондорго өз таасирин тийгизип жатат.


Экологиялык илимпоздор менен активисттердин башын бириктирген «Ак Терек» коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Эсенгулова климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маалыматты калктын калың катмарына жеткирүү аксап жатканын айтты:


«Чындыгында климаттын өзгөрүшүнүн Кыргызстанга тийгизген таасири - өтө көйгөйлүү маселе. Бирок Бишкекте, өкмөттө эле талкуулар жүрүп, аймактардагы карапайым элге анын түпкү мааниси жетпей жатат. Анткен менен абанын глобалдык ысышы айрыкча тоолуу аймактарга өзгөчө терс таасирин тийгизүүдө. Маселен, азыр деле байкап жатабыз да, жер көчкүлөр, суу ташкындары көбөйүүдө, жайыттар чөлдөп бара жатат, ашыкча кургакчылык бар. Ошентсе да күнүмдүк турмушта эл муну байкабайт.


Маселен, биз жайыттар менен иштегенде 2008-жылы изилдөө жүргүзгөнбүз. Ошондо климаттын өзгөрүшүнөн улам кыртыштын бузулганын, чөптүн сапаты начарлаганын жергиликтүү малчыларга, дыйкандарга айтсак «чөп деген быйыл белден, койгулачы» деп коюшкан. Анан биз атайын элди чакырып, чөптү экиге бөлүп тергенбиз, биринчиси мал жей турганы, экичиси малга тоют болбогон уулуу, отоо чөптөр эле. Ошондо бийиктиги бир метр болгон чөптүн ичинен тоютка жараксыз өсүмдүктөрдүн көлөмү 60-70% көп болгон. Окумуштуулар, эксперттер борбордо отуруп эле маселе көтөрүүдө. Азыр биз элге бул багытта түшүндүрүү ишин массалык түрдө жүргүзүшүбүз керек».




Калың элге маалымат жеткирип, климаттын өзгөрүшүнүн алдын алуу, улуттук стратегиялык планды жана максаттарды иштеп чыгуу үчүн Кыргызстан 2015-жылы БУУ бекиткен Париж келишимине кирип, 2019-жылдын аягында Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Ага ылайык, 2030-жылга чейин өлкө абага чыккан уулуу парник газдарын 13,8 пайыздан 11,5 пайызга чейин азайтып, айыл чарбасындагы, энергетикадагы, токой чарбасындагы жана жер иштетүүдөгү таштандылардын, уулуу заттардын өлчөмүн азайтууга милдеттендирилген.


Эл аралык донорлордун каржылык көмөгү менен уулуу заттарды 30,9 пайыздан 29 пайызга чейин азайтса болот. БУУнун өкүлү Бактыгүл Ысабекова бул үчүн өлкөдө бийлик жана жарандык коом чогуу иш алып барышы зарыл экенин белгиледи:


«Эң маанилүү учур - бул иштин институционалдык деңгээлде көзөмөлдөнүшү. Бул өтө оор процесс, бардык мамлекеттик органдар, жарандык коом - баары катышууга тийиш. Париж келишиминин улуттук негизги максатын иштеп чыгууда бардык кызыккан тараптарды тартуу жөнүндө талап коюлган. Келишимди ишке ашырууда жалаң эле мамлекеттик мекемелер жооптуу болбой, ишкерлер, жарандар, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, элеттеги тургундар, балдар, аялдар - айтор баары тартылууга тийиш. Себеби климаттын өзгөрүшү адамзаттын баарына таасир этет да. Биздин иштин негизги бөлүгү климаттык саясат деп аталат.


Борбор Азиядагы үч өлкөдө жакында эле атайын долбоорубуз башталды. Ага ылайык Кыргызстанга 500 миң доллар каражат бөлүндү. Кыргызстан бул долбоордо лидерлик позицияда турат. Долбоордун алкагында Кыргызстан тараптардын Глазгодо быйыл ноябрда өтчү глобалдык климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу эл аралык саммитине өз улуттук программасын сунуш кылышы керек. Программанын негизги бөлүктөрүнүн бири экологиялык сабаттуулук боюнча илимий кызматташтык болмокчу.




Биздин жана Британиянын илимий кызматкерлеринин ортосунда тажрыйба алмашууну көздөп жатабыз. Өлкөдө климатты изилдеген илимпоздорду улуттук программаны иштеп чыгууга тартып, жалаң эле Кыргызстан үчүн эмес, аймактык бир платформаны жаратууну көздөп жатабыз».


Улуттук статистика комитетинин климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кандайдыр бир отчёту жок. Бирок атмосфераны жана климатты коргоого жеке менчик мекемелер менен ишканалар 2019-жылы короткон каражат 274,5 миллион сом деп эсептелген.


Ал эми жалпы айлана-чөйрөнү коргоого бул жылы 6 миллиард 128 миллион сом жумшалган. 2015-жылга салыштырмалуу жаратылышты коргоого 2019-жылы алты эсе көп акча сарпталганын көрсө болот. Ал арада мамлекеттик бюджеттен бул багытта болгону 798,7 миллион сом бөлүндү. «Жашыл экономика» сыяктуу бир катар долбоорлор, улуттук стратегиялык багыттар пайда болгону менен азырынча бирөө да өз алдынча, эл аралык донорлордун жардамы жок иштеп кете албай турат.


Статистикалык маалыматтар Улуттук статистика комитети жана БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 2019-жылкы отчётунан алынды.


Макала “Климаттын өзгөрүшү, ага байланыштуу тобокел факторлор, калкты өзгөрүүлөргө ыңгайлаштыруу боюнча жагдайларды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу аркылуу элге маалымдоо” долбоорунун эксперттик көмөгү менен даярдалды.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Опережая график и сохраняя качество

Свердловское отделение «Ассамблеи народов России» и фонд «Ветераны СВО и КТО» активно поддерживают Международную патриотическую акцию «Я вернулся, мама…»

4,2 млрд рублей выделят для строительства и капремонта Таловского гидроузла и Старо-теречной системы

"Тобол" нашёл нового главного тренера: он работал с Черчесовым


Загрузка...
Rss.plus
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Терек на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.