Адвокат Алмазбек Атамбаев дарыланууга муктаж экенин айтууда
0
230
Бир нече кылмыш иши боюнча айыпталган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу дарыланууга муктаж.
Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, мурдагы президенттин омурткасынан эки грыжа табылгандыктан, ал көпкө чейин отура албайт. Мындан тышкары жүрөк жана башка оорулардан жабыркайт.
Жоошев Атамбаевге операция талап кылынабы же жокпу, дарыгерлер аныктоого тийиш экенин, бирок анын саламаттыгын жакшыртуу үчүн толук кандуу дарылоодон өтүшү керектигин кошумчалады.
Алмазбек Атамбаев саламаттыгынан улам 13-14-январдагы соттук отурумдарга катышкан эмес. Жараяндар кийинкиге жылган. Актоочу тарап бейшембиде анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча сотко өтүнүч беришкен.
Атамбаевге карата козголгон бир нече кылмыш иши ноябрдан бери Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бириктирилип каралууда. Алар Кой-Таш окуясы, Кой-Таштагы жер тилкеси, Бишкек ЖЭБиндеги жемкорлук, «Терек» сурма кениндеги коррупцияга байланышкан кылмыш иштери.
Быйыл январда Алмазбек Атамбаевге байланыштуу дагы бир кылмыш иши сотко өткөнүн адвокаттар билдиришкен. Маалыматка караганда, Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу тууралуу иште Атамбаев кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп шек саналууда.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Атамбаев саламаттыгына байланыштуу жаңы жылдын алдында Бишкектеги №47 колонияга которулган.
Буга чейин Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган.
Жогорку сот 30-ноябрда Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу райондук жана шаардык соттордун Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмдөрүн жокко чыгарган. Иш кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн.
Райондук ишти кайрадан 10-декабрда кароого киришкен. (NT)