Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон иштер боюнча сот уланат
0
188
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 13-январда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон иштер боюнча сот уланат.
Атамбаевдин адвокаттары билдиришкендей, сотко мурдагы мамлекет башчы өзү катышканы жатат.
Атамбаевге карата үч кылмыш иши ноябрдан бери бириктирилип каралууда. Алардын бири Кой-Таш окуясы, экинчиси Кой-Таштагы жер тилкеси менен байланыштуу.
Үчүнчүсү Атамбаевге жана мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге карата козголгон Бишкек ЖЭБиндеги жемкорлук, «Терек» сурма кениндеги коррупция, Кой-Таштагы жер тилкесине мыйзамсыз ээ болуу боюнча үч эпизоддон турган кылмыш иши.
Быйыл январда Алмазбек Атамбаевге байланыштуу дагы бир кылмыш иши сотко өткөнүн адвокаттар билдиришкен.
Маалыматка караганда, Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу тууралуу иште Атамбаев кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп шек саналууда.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Атамбаев саламаттыгына байланыштуу жаңы жылдын алдында Бишкектеги №47 колонияга которулган.
Буга чейин Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга эркинен ажыратылган.
Жогорку сот 30-ноябрда Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу райондук жана шаардык соттордун Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмдөрүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.
Райондук ишти кайрадан 10-декабрда кароого киришкен. (NT)