Жапаров: кенди концентрат түрүндө ташууга тыюу салынат
0
109
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ала-Бука, Чаткал райондорунун эли менен жолугушуу учурунда тоо-кен продукциясын концентрат катарында сыртка ташууга тыюу салынаарын айтты. Бул тууралуу президенттин сайты жазды.
«Учурда адистер тоо-кен тармагынын продукциясын концентрат катарында чет өлкөгө чыгарууга бөгөт коюу боюнча иш жүргүзүүдө. Даяр продукция катарында чыгарса болот. Муну менен киреше мурдагыдан көбөйөт. Муну менен катар мындан ары лицензия берилбейт. Бирок буга чейин уруксат алган компаниялар ишмердүүлүгүн жүргүзө берет. Алардын ишине тоскоолдук кылбасаңыздар», - деди Жапаров.
6-7-октябрь күндөрү бир катар кен иштетүүчү компанияларга чабуулдар жасалып, айрымдарында өрт чыкканы кабарланган. Алардын ичинде Таластагы Жерүй алтын кени да бар. Бул кенде орусиялык «Алтын Альянс» ишканасы чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан.
Буга тушташ Чаткалдагы Терек-Сай алтын кенин иштеткен «Eti bakir» компаниясы, Ала-Букадагы Иштамберди алтын кенин иштеткен «Full Gold Mining» алтын компаниясы жана Ала-Букадагы Бозумчак алтын кенин иштетип жаткан «KAZ mineralz Bozymchak» компаниясы жумушун убактылуу токтотконун кабарлаган.
Алардын өкүлдөрү Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев менен жолугушкан. Анда ишканалар ишин кайра качан жандантары айтылган эмес. (TSh)