Бозумчак алтын кен ишканасынын жанына чогулгандардын бир бөлүгү тарабай турат
0
124
Бозумчак алтын кенин иштетип жаткан «KAZ minerals Bozymchak» алтын комбинатынын алдына чогулган жүздөй киши ишкананын жетекчиси Жайылбек Дайдиевдин кызматтан кетишин талап кылып жатышат. "Азаттык" радиосунун кабарчысы чогулгандарды милиция көзөмөлгө алып жатканын билдирди.
Нааразылык билдирип тургандар буга чейин өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун жергиликтүү эл менен ушул жердеги жолугушуусуна катышкан. Анда да дал ушул талапты коюшуп, муну комбинаттын жетекчилигинин жергиликтүүлөрдү ишке алууда тоскоолдуктарды жаратып жатат деп негиздешкен.
Садыр Жапаров компанияга байланышкан ушул жана башка көйгөйлөрдү мыйзам чегинде чечип берерин убада кылган. Ошондой эле токтоп турган алтын кен компанияларынын жумушун жандантуу керектигин белгилеп, инвесторлордун ишине 4-5 ай тоскоол болбой турууну жергиликтүүлөрдөн өтүнгөн. Жолугушууга Ала-Бука районундагы кенге жакын Терек-Сай шаарчасынын, Көк-Таш, Көк-Серек айылдарынын тургундары катышкан.
6-7-октябрь күндөрү бир катар кен иштетүүчү компанияларга чабуул коюлуп, өрттөлгөнү кабарланган. Алардын ичинде Таластагы Жерүй алтын кени да бар. Бул кенде орусиялык «Алтын Альянс» ишканасы чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан. Буга тушташ Чаткалдагы Терек-Сай алтын кенин иштеткен «Eti bakir» компаниясы, Ала-Букадагы Иштамберди алтын кенин иштеткен «Full Gold Mining» алтын компаниясы жана Ала-Букадагы Бозумчак алтын кенин иштетип жаткан «KAZ mineralz Bozymchak» компаниясы жумушун убактылуу токтотконун кабарлаган.
Алардын өкүлдөрү Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктар боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев менен жолугушкан. Бирок алар ишин кайра качан жандантары айтылган эмес. (TB)