Добавить новость
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017 Февраль 2017 Март 2017 Апрель 2017 Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018 Сентябрь 2018 Октябрь 2018 Ноябрь 2018 Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026
1
2
3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Кыргыз экономикасы артка кетти

0 114
Кыргызстандын экономикасы тогуз айда 6-7% артка кетти. Өкмөт муну коронавирус пандемиясы менен байланыштырып жатат. Жыл башында эл аралык уюмдар кыргыз экономикасы 10% төмөндөй турганын эскерткен. Ошол эле кезде адистер өлкөдөгү саясий олку-солкулуктар да кризисти тереңдетиши мүмкүн экенин белгилешүүдө. 


Тогуз айдын эсеби


Экономикага байланыштуу жаңы эсептерди адаттагыдай эле Улуттук статистика комитети чыгарды. Демек, алгачкы тогуз айдын жыйынтыгында дээрлик бардык тармактарда төмөндөө байкалды.


Комитеттин расмий өкүлү Асел Акматалиева экономиканын негизги көрсөткүчү жөнүндө «Азаттыкка» мындайча маалымат берди.




«Баштапкы эсептер боюнча, ички дүң өнүмү 2020-жылдын январь-сентябрь айларында 400 миллиард сомдон ашты жана 2019-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 6 пайызга төмөндөдү. «Кумтөр» кен казуу ишканасын эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-сентябрь айларында ИДӨнүн көлөмү 350 миллиард сомду түзүп, 7,1 пайызга азайды»,-деди ал.


ИДӨ - бул өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмү.


Мунун ичинде маселен өнөр жай 1,9%, курулуш 7,7%, дүң жана чекене соода 16,2%, төмөндөдү. Бир гана айыл чарбасы гана 2,1 пайызга өсүш менен чыкты.


Эгер тышкы соода жүгүртүүгө келсек, ал да түштү. Мунун тогуз айлык эсеби чыга элек, сегиз айлык санагы гана бар.


«Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2020-жылдын январь-август айларында 3,5 млрд. АКШ долларынан ашты жана 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 22,1 пайызга төмөндөдү. Ушул эле учурда экспорт 3,5 пайызга көбөйдү, ал эми импорт тескерисинче, 31,6 пайызга кыскарды. Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмүн өзүнчө белгилесек, ал сегиз айда 1,5 млрд АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 19,4 пайызга азайды»,-деди Улуттук статистика комитетинин өкүлү Асел Акматалиева.


Жыл башында дүйнөнү, андан кийин Ала-Тоону коронавирус каптаганы кыргыз өкмөтү экономика артка кетерин мойнуна алган. Ортодо аны алдын алуу үчүн бир нече аракеттер көрүлдү, антикризистик программалар кабыл алынды. Бирок жогоруда көрүнүп тургандай, алар толук жыйынтык берген жок.


Экономика министрлигинин Макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиев мындайча кепке кошулду:




«Мунун баарына негизинен пандемия таасир этти. Чек аралар жабык болду, эки айча карантинде отурдук, калктын экономикалык активдүүлүгү токтоп турду. Карантин алынды дегенде деле чектөөлөр болуп жатты. Ресторан-мейманкана жана башка ишканалардын көбү кайра ачылган жок, ачылса да толук иштебеди. Мына ушунун баары экономиканын төмөндөшүнө алып келди»,-деди ал.


Министрликтин өкүлү соңку саясий кризис, октябрдын башында өлкөдө болгон башаламандыктар, ишканалардын ишине тоскоолдуктар ушул айдын, жылдын жыйынтыгына таасир этерин белгилейт. Анткени Бишкекте дүкөндөр, соода жайлары жана башка бизнес түйүндөрү бир нече күн иштебей калды.


Ал эми аймактарда 6-7-октябрь күндөрү бир катар кен иштетүүчү компанияларга кол салынып, өрттөлгөнү кабарланган. Алардын ичинде Таластагы Жерүй, Ала-Букадагы Бозымчак, Чаткалдагы Терек-Сай алтын кендерин иштеткен компаниялар да бар.


Насирдин Шамшиев «Азаттык» менен маегинде экономикалык төмөндөөнү алдын алуу үчүн жаңы өкмөт өз механизмдерин сунуштай турганын кошумчалады.


Жапаровдун өкмөтүнүн дымагы


Жаңы өкмөт демекчи, саясий толкундоолордон кийин премьер-министрлик кызматка келген Садыр Жапаровдун өкмөтү экономиканы калыбына келтирүү боюнча програмасын ачыктай элек. Өкмөттү шайлоо учурунда жаңы баш бакан жагдайды иликтеп чыккандан кийин гана бул тема боюнча ой-пикирин айтарын билдирип келди.


14-октябрда Жогорку Кеңеш Жапаровдун өкмөтү үчүнчү ирет бекитип жаткан учурда бир нече депутат экономикага байланыштуу суроо узатты. Анда да Садыр Жапаров туюк жооп берди.




«Мен ишке киришкениме үч эле күн болду. Тапшырма бердим, финансы министри менен экономика министри мага жуманын аягында толук маалымат алып келет. Баарын карайын, көрөйүн. Эң жок дегенде беш-он күн убакыт бергиле. Мен үстүртөн баарын, бир сыйра карап өттүм. Маселени чечкенге болгон күчүбүздү жумшайбыз».


Баса, жаңы өкмөттүн курамында бир нече министрлер жана мамлекеттик органдардын жетекчилери алмашканы менен экономика министри Санжар Муканбетов ордунда калды. Андан сырткары биринчи вице-премьер-министрлик кызматка мурдагы экономика министри Артем Новиков дайындалды.


Депутаттардын суроосуна жооп берип жатып Новиков экономикалык кризистен чыгуу боюнча көз караштары менен бөлүштү:




«Биринчи вице-премьер-министр катары мен экономикалык блок менен алектенем. Баарыңыздар экономикада кырдаал кандай экенин билесиздер. Бюджеттин дефицити, соңку окуялар, кошумча пандемия биздин экономикалык субъектилерибиздин, ишкерлерибиздин ишмердүүлүгүнө терс таасир этти. Азыр негизги маселе ишкерлерибизди кантип колдоо керек, алардын коопсуздугун камсыздап, менчик укуктарын коргоп, ишмердүүлүгүнүн кол тийбестигине кепилдик берүүнүн үстүндө иш жүрөт. Мындан сырткары экономикалык блок үчүн каржылоону, инвестицияларды тартууну жандантуу багытында иш алып барабыз»,-деди Артем Новиков. 


Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) менен чогуу жүргүзгөн августтагы жаңы иликтөөсүндө Кыргызстандын экономикасы быйыл 10% төмөндөйт деген болжол келтирген. Тогуз айдын жыйынтыгынан байкалгандай, көрсөткүчтөрдүн түшүүсү ушуга жакындап баратат.


Экономист Сейдалы Мырзакматов жаңы өкмөттөн «экономикалык керемет» күтүүнүн зарылдыгы жоктугун белгиледи.




«Эми бизде ишенгенибиз эле Улуттук статистика комитетинин эсеби да, экономиканы толук камтыган андан башка, көз карандысыз санак жок. Бирок мен төмөндөө алар бергенден да көбүрөөк деп эсептейм, бери дегенде 15% артка кеттик. Канча ай иштебей жатпадыкпы, кырдаал ошондон эле көрүнүп турбайбы. Мындан сырткары соңку саясий кризис соода тармагына кайсы бир деңгээлде таасир этти. Ошол эле мезгилде Жапаровдун өкмөтүнөн да бул жаатта жылыштарды, «кереметтерди» күтүүнүн кереги жок. Анткени биринчиден, ал ишти баштаганда эле ашыкча ресурсту алган вице-премьерлик кызматтарды жоё алган жок, кыскартууларга бара албады. Экинчиден, биздин өкмөт эч качан экономикага түздөн-түз таасир эте албайт. Себеби, бизде бизнестин баары менчикте, дээрлик 99% экономикалык чарба жеке колдо. Кандай премьер-министр келбесин маселе экономиканын өзүнүн структурасынан көз каранды. Азыркы жагдайда кыргыз экономикасынын кайра калыбына келүүсү коронавирус менен байланыштуу. Эпидемиологиялык кырдаал оңолсо экономикадагы мурдагы көрсөткүчтөргө келерки жылы өзүнөн өзү жетет. А өсүш кылуу ал башка маселе, ал үчүн бул тармактагы саясатты таптакыр жаңылаш керек».


Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсебинде, 2019-жылы Кыргызстандын ИДӨсү 590 млрд. сомдон ашкан. АӨБ болжогондой экономика артка кетчү болсо бул көрсөткүч 2020-жылы 520-540 млрд. сомду түзүшү мүмкүн.


Соңку жылдарды Кыргызстандын ИДӨсү орточо эсепте 4-5% менен өсүш көбөйүп келген. Адатта эксперттер муну жөн гана инерция деп эсептешет.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также


Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Терек на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.