Милиционерлер үчүн стационар, аймактардагы сел
0
203
"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат.
Ысык-Көл
Караколдо милиционерлер үчүн күндүзгү стационар даярдалды
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы коронавируска чалдыккан милиция кызматкерлери үчүн күндүзгү стационар даярдады. 27-июлда Караколдогу «Динамо» спорт ордосунда ачылган резервдик стационарда түзүлгөн шарт менен облустук милициянын башчысы Улан Асанбаев таанышып чыкты.
Асанбаев белгилегендей, эгерде кызматкерлер арасында оору тез жайыла турган болсо 20 орунга эсептелген стационар ишке кирет. Ал жерде башкармалыктын медицина кызматынын дарыгерлери жана медайымдары иштешет.
Соңку маалыматка караганда, азыркы учурда 48 милиционер өпкөсүнөн кагынып ооруп жатат. Алардын бешөө ооруканада, калгандары үйүндө дарыланууда. Мындан тышкары сегиз ардагер, милиция кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнөн 25 адам жана 15 эркин жалданма кызматкер амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.
Кыргызстанда коронавирус жалпысынан 33 296 адамга жукту, алардын 2 199у Ысык-Көл облусунда, айыгып чыккандары 434 адам.
Кадр саясаты: Түлөбаев Ысык-Көлгө, Осмоналиев өкмөткө барды
Премьер-министр Кубатбек Бороновдун буйругуна ылайык Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 27-июлда билдирди.
Премьер-министрдин дагы бир буйругу менен буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп иштеп келген Акылбек Осмоналиев ээлеген кызматынан бошотулуп, өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Айрым аймактарды сел каптады
Кыргызстандын айрым аймактарында нөшөрлөгөн жаандан кийин кээ бир жерлерди суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Элмира Шерипова "Азаттыкка" билдиргендей, тоолуу аймактарда сел каптоо коркунучу бар экени эскертилген.
27-июлда Нарында Жумгал районунун Чаек айылында кокту-колоттон келген суу үйлөрдүн короолорун жана ички жолдорду каптады. Баткенде Кадамжай районунун Көтөрмө, Орозбеков айыл аймактарында да каптаган селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат.
26-июлда Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда Казарман, Арал айылдарынын 21 үйүнүн короосун суу каптаган, үч үйдүн ичине суу кирген. Казарман–Жалал-Абад жолунун үч чыкырымын да суу каптап, машинелер жүрө албай калган. Жолдор жана короолор толук тазаланып бүттү.
Чаткал районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен кум-шагыл толуп калган Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка жолунун үч чакырымын, Токтогул районунда Үч-Терек айылында 240 метрлик ички чарбалык жолду суу каптаган. Азыр ал жерде жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Базар-Коргон районунда Арстанбап айыл аймагына караштуу Жарадар айылында да сел жүргөн.
Ушул эле күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун болжол менен 142-чакырымында жаандан кийин кокту-колоттон агып түшкөн суу жолду каптап, машиналардын өтүшүнө кыйынчылык жаралган. Жол кечинде тазаланып, ачылган.
Баткенде Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айылында нөшөрдөн кийинки сел алты көпүрөнү жарактан чыгарды. Лейлекте Ош–Баткен–Исфана жолунун 323-332-чакырымдары, Өзгөрүш айылындагы ички чарбалык жол кум-шагылга толгон.
Адам өмүрүнө зыян келген учурлар катталган жок.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул күндөрү тоолуу аймактарда сел жүрүшү ыктымал экенин эскерткен.
Боом капчыгайы. 26-июль, 2020-ж.
Жалал-Абад
"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" сынагына Жалал-Абад шаарынан Элиза Акжолтоева баян жолдоду. Ал карантин маалында балдарынын өзгөчө өнөрлөрүн байкап, үйдөн алыста иштеген жолдошуна мээрими күчөгөнүн, окулбай жаткан китептерин окуп, аны башкаларга кантип бөлүшкөнүн сүйлөп берди.
Бишкек
Өздөрүн “шаарман” деп атаган Бишкектин урбанисттери бир ай бою шаардагы добуштарды изилдешти. 36 түрлүү жайда 18 адам 500 аудиокаттоо жасаган. “Шаармандар” карантин маалында мемиреген тынчтыкка, табигый үндөргө тамшанышты.
Аянттар менен мечиттерде айт намазы окулбайт
Кыргызстанда коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Курман айтта айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Мындай чечим COVID-19 вирусунун жайылышына, мындан ары күчөп кетишине жол бербөө максатында кабыл алынганын Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) билдирди.
Муфтият элди бул чечимди туура түшүнүү менен кабыл алууга, Курман айтты курмандык чалып үйдө майрамдоого, башкалардыкына айттап барбоого чакырды.
Муфтияттын чечими менен быйыл Курман айт майрамы 31-июлга белгиленген.
9-июлда муфтият өлкөдө коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин жума намазын убактылуу токтоткон. Беш убак намаз мечиттерде санитардык талаптарды жана аралыкты сактоо менен окула берерин билдирген.
Буга чейин 24-майдагы Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулган эмес. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев мусулмандарды телевизор аркылуу түз эфирде куттуктаган.