Добавить новость
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017 Февраль 2017 Март 2017 Апрель 2017 Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018 Сентябрь 2018 Октябрь 2018 Ноябрь 2018 Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026
1
2
3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Көлдө бышкан кокон гилас, Баткенде оңдолгон жол

0 231
"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат.


Жалал-Абад

Жаандын кесепетинен 20-июлдун кечинде Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагындагы кокту-колоттордо сел жүрүп, Саргата айылында 10 турак үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.


Мындан сырткары ушул эле айылдагы ички чарбалык жолду, көпүрөнү да суу каптады. Жол каттамы ачык, автоунаалар кыйынчылык менен өтүп жатканы айтылды.


Баткен

Баткенде пандемия учурунда жолдорду, арыктарды жана көпүрөлөрдү оңдоо иши токтогон жок.


Баткендин тоо арасындагы Кыштут айылынын тургундары жалпы чыгып айылдын ички жолдорун оңдошту. Бул айылда 12-июль күнү сел жүрүп ички арыктар менен жолдорду жууп кеткен. Жергиликтүү элге демөөрчүлөр жана айыл аймак казынасынан күйүүчү май, техникалар берилди


Жергиликтүүлөрдүн айрымдары жумушчуларга тамак-аш берсе, бири күйүүчү май, техника менен камсыздап, жети чакырымдай жолду оңдоп чыгышты.




Ош

Бишкек жана Ош шаарларында ар бири 100 орундуу эки оорукананы куруу иштери ушул аптада башталат. Бул тууралуу 21-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.


Премьер-министр белгилегендей, эки шаарда курула турган ооруканалардын орду жана долбоору даярдалууда.




Чүй

Чүйдө пакистандык ыктыярчынын сабалышына шектүү үч адам кармалды.


Токмоктолгон пакистандык жаран Шах Аббас Али ыктыярчы катары Бишкектеги стационарларда иштеп жаткан.


Ал 19-июлда Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринин жанынан жергиликтүү тургундар сабап кеткенин айтып арызданган.


Чүй облустук жана Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери бул окуяга катышы бар деп Ысык-Ата районунун 31 жаштагы бир тургунун жана Бишкек шаарынын 30 жаштагы эки тургуну кармалганын маалымдады.




Бишкек

Мурдагы "Ганси" аба базасында ачылган 600 кишилик "Семетей" госпиталы толбой турат. Себеби кээ бир бейтаптар ал жерден дарыланууну каалабай жатышыптыр. Буга чейин госпиталдагы шарттарга нааразы болуп, ал жердеги абалды видео тасмага тартып, Интернетке жарыялаган адамдар көп болгон. Дарыгерлер госпиталдын шарты алда канча жакшырганын айтып жатышат.




Ыктыярчы Руслан жеке автоунаасына кычкылтек баллонун орнотуп алып, "Тез жардам" кызматын көрсөтүп жатат. Бул тууралуу Эрнест Бөрүбаев "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.




 

Ысык-Көл

Ысык-Көлдө абрикос жана башка мөмө-жемиштерден сырткары кокон гилас өстүргөн багбандар көбөйдү. Азыр багбандар түшүмдү жыйнап гиласты коңшу өлкөлөргө экспортко чыгарып жатат.




Европада иштеп жүргөн кыргызстандык дарыгерлер өлкөдө ачылып жаткан күндүзгү стационарлар саламаттык сактоо тармагына түшкөн жүктү жеңилдеткени менен, бир нече күндөн кийин ал жакта дарыланган адамдардан башкаларга жуккан оору бир нече эсе көбөйүшү мүмкүн экенин, мунун алдын алуу жолдорун азыртадан колго алуу зарылдыгын белгилеп жатышат.


Австриядагы Грац шаарынын университеттик клиникасында иштеген, Людвиг Больцман атындагы өпкө тамырларын изилдөөчү институттун доктору Бакытбек Эгемназаров “Азаттык” менен маектешти. Эгемназаров күндүзгү стационарларды иштетүүнүн жол-жобосу, элдин өз алдынча дарылануусунун кесепеттери кандай болору тууралуу айтып берди.






 




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также


Загрузка...
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Терек на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.