Добавить новость
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018
Октябрь 2018
Ноябрь 2018 Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026
1
2
3
4 5 6 7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Кумтөр: Сүйлөшүүнүн биринчи раунду жыйынтыкталды

0 142
Кыргызстандын расмий делегациясы менен "Центерра Голд" компаниясынын жетекчилеринин Женева шаарындагы сүйлөшүүсүнүн биринчи этабы аяктады. Анын жыйынтыктары ийгиликтүү болгону маалымдалды. Бирок тараптар кандай келишимдерге жетишкени белгисиз.


"Центерра" иштеткен Кумтөр кенин коррупцияга барган жана экологияга зыян келтирген деген негизде кыргыз өкмөтү быйыл майда өзүнө алган. Канадалык компания мындан кийин сотко кайрылган.


Сүйлөшүүлөрдүн учкай мазмуну


Швейцариянын Женева шаарында өтүп жаткан сүйлөшүүгө "Центерра Голд" компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри баштаган топ, ал эми Кыргызстандын атынан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров жетектеген топ катышууда.


Кыргызстандын делегациясында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Кумтөр кенине тыштан башкаруучу болуп бекиген Тенгиз Бөлтүрүк, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана башка адистер бар.


Сүйлөшүүлөр эки күн, 29-30-сентябрь күндөрү жүрдү. Бирок аталган топтогу саясатчылардын эч кимиси азыр анын мазмуну жана жетишилген жыйынтыктар тууралуу билдирүү жасаша элек.


“Азаттык” ушул эле сүйлөшүүгө катышкан ишенимдүү булактан маалымат алды. Ал жыйынтык тууралуу учкай гана кабар берди.


"Биздин "Центерра Голд" компаниясы менен сүйлөшүүлөрүбүздүн биринчи раунду ийгиликтүү аяктады. Эки тарап сүйлөшүү столуна отуруп, бири-бирине нааразылыктарын ачык айтышты. Тараптар сүйлөшүүнүн маңызын, деталдарын позицияларын ачыктай албагандыктан, сүйлөшүүнүн жыйынтыгына канааттангандыгыбызды гана билдире алабыз. Кыргызстандын мамлекеттик делегациясы улуттук кызыкчылыкты коргоодо өз позициясында бекем турду. Сүйлөшүү дагы уланат", - деди өздүк булак.


Жапаров менен Ташиев баштаган делегация Кумтөр маселесине байланыштуу Женевага учуп кеткени тууралуу маалымат 27-сентябрда тараган. Анда “бул тагдыр чечүүчү сүйлөшүү болору” кабарланган.


"Азаттык" "Центерра Голд" компаниясынын маалымат кызматы менен байланышкан учурда мекеме азырынча сүйлөшүү боюнча комментарий бере албай турганын билдирди.




Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда Жогорку Кеңеш “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизген. Ошондон бери өлкөдөгү эң ири алтын кенди кыргыз бийлиги өзү иштетип келет.


Мамлекеттик комиссия койгон доодон сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.


“Кумтөр Голд” ишканасына ээлик кылган канадалык “Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, кыргыз өкмөтүн Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Андагы соттук териштирүүлөр ушул тапта да уланууда.


Эки тараптын соңку диалогу так ошол соттук талашты тынчтык жолу менен чечүү аргасы болуп жатат. Анткени “Центерра” чыр башталгандан бери эле “кепке келүүгө даяр экенин, бирок Кыргызстандын бийлиги эшик ачпай” жатканын билдирип келген.


Быйыл 10-августта телефон аркылуу конференцияда “Центерра Голд” компаниясынын президенти Скотт Перри мындай деген болчу.




“Биз мурда жасап келгендей эле кыргыз бийлиги менен конструктивдүү диалогго барууну туура көрөбүз. Бирок кыргыз бийлиги байланышуудан баш тарта берсе, биз мүлкүбүздү жана акционерлерибиздин кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзамдык чараларды көрүүнү улантабыз. Анын ичинде биз баштаган эл аралык арбитраж жана Торонто менен Нью-Йорктогу соттук териштирүүлөр бар. Мурда айткандай, Кумтөрдү баалуу мүлк деп эсептесек да, ал болсо да, болбосо да биздин компания финансылык жактан күчтүү, колубузда орчундуу деңгээлде каражат бар, олуттуу карыз жок. Канада жана Түркиядагы уланып жаткан ишмердигибизге ишеним бекем”, - деген анда Перри.


Тараптар сүйлөшүүнү “Центерра Голд” жайгашкан Канадада же, Кумтөр кени турган Кыргызстанда эмес, Швейцарияда өткөрүп жатышкан себеби да белгисиз. Женева нейтралдуу аймак катары тандалган сыяктуу.


Эмнелер жетишилген болушу мүмкүн?


Кыргызстан Кумтөрдү өзүнө алгандан кийин кенге байланыштуу иликтөөлөрдү да баштаган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кен жаңы уюшулган учурда түзүлгөн келишимдерден тартып, соңку келишим-макулдашууларга чейин бардыгын изилдеп жатат.


Анын ичинде 1992-, 1994-жылдардагы жана 2003-жылкы келишимдер боюнча алгачкы президент Аскар Акаев баштаган топко айып тагылса, 2009-жылкы келишим боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев алдында турган узун тизмедеги саясатчыларга сыртынан айып тагылып, издөө жарыяланган. Жай айларында Акаев Орусиядан келип, сурак берип кайра кеткен.




2012-жылкы чечимдер боюнча ошол учурдагы спикер, азыркы депутат Асылбек Жээнбековго, депутат Төрөбай Зулпукаровго, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановго жана башкаларга кине тагылды. Жээнбеков менен Зулпукаров камакта, Бабанов бошотулган.


Башка аракеттерден 2013-жылдагылар боюнча экс-премьер-министр Темир Сариев, 2014-жылдагылар боюнча мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев, 2017-жылдагылар боюнча экс-биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, 2019-жылдагылар боюнча экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге айып тагылган. Мындагылардан Сарпашевден башкасы камакта.




Башка чечимдер боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен экс-премьер-министр Сапар Исаковдон куралган топко айып коюлары айтылган. Атамбаев башка иш боюнча камакта, Исаков чет өлкөгө качып кеткен.


Атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев бул аныкталган коррупциялык фактылардын негизинде Кумтөр боюнча бардык келишимдерди денонсациялоо жараяны башталганын жарыялаган.


Аналитик жана публицист Рыскелди Сатке Кыргызстан тарап так ушул кылмыш иштериндеги фактыларды “Центерра” менен сүйлөшүүлөрдө бетке кармады деп эсептейт.




“Сүйлөшүүлөргө комментарий бериш үчүн анын мазмунун билүү зарыл. Азыр жалпы маалыматтар чыгып жатат, бирок ичинде эмне болуп жатканын эч ким билбейт. Ошого азыр булар жарыялагандан кийин же “Центерра” өзү маалымат бергенден кийин баа бериш керек. Компания баары бир акционерлерине айтат да. Эгер сүйлөшүү жакшы болду деп жатса, ошого негиз бар го дейм. Менимче, Кыргызстандын өкүлдөрү коррупциялык фактыларды айтып, ошого басым жасашса керек. Ар бир апта сайын эле Кумтөр боюнча коррупцияга айыптап бирден-экиден кишини кармап атышпайбы, муну ошого даярдап жатышса керек”.


Арийне, “Кумтөр ишине” байланыштуу кылмыш иши, анын алкагында жаңырган чоң билдирүүлөр жана андагы жогорку аткаминерлердин ири тобуна коюлган айыптар эл аралык соттошууларда далилдик база катары колдонулары айтылып жаткан. Кыргызстандын бийлиги өзү деле “кен мамлекетке биротоло алынганын, аны эми өзү иштетерин” ачык айтып, бир позицияда тургандай болгон. Бирок кайра сүйлөшүүлөргө барганы түрдүү жоромолдорду жаратты.


Депутат Рыскелди Момбековдун пикирине орун берели:




“Негизи бул делегациянын жашыруун, расмий жарыялабай кетип калганынын өзүндө бир мандем бардай сезилет. Мендеги маалыматтар боюнча сүйлөшүүгө демилге кыргыз тараптан болгон. Алар бизге келген жок, биз алардын алдына бардык. Бул деген биздин бийлик артка чегинип жатканынан кабар берет. Булар кайсы бир нерседен кооптонууда, ошону үчүн ушундай кадамга барышты. “Силер деле туура эмес кылдыңар, биз деле туура эмес кылдык” деп, балким биргелешкен ишкана түзүп, ошо менен иш алып барышы мүмкүн. Анда жаңы келишимдерге барышы ыктымал. Мүмкүн кенди кайра аларга берип, өндүрүлгөн алтындын көбүрөөк бөлүгүн өзүбүзгө алганы жатышат. Бул “Центерранын” пайдасына туура келсе, алар дагы соттон арызын алып, тынчтык сүйлөшүүгө келет деген сөз. Бирок азыркы процесстер элге ачык жарыяланышы керек. Кыскасы, жооптуу адамдар кооптуу кадамдарга барып жиберишинин алдын алып турушубуз шарт. Эң өкүнүчтүүсү мунун баары “Кумтөр кенин өзүбүзгө алдык, өзүбүз иштетебиз, мынча киреше таап жатабыз” деген куру кыйкырыктардын бардыгы токтоду дегенди түшүндүрөт. “Кааласа сотко берсин, бизде экологиялык зыяндар тууралуу фактылар бар, утулсак дагы, утсак дагы Кумтөр бизде калды, элдики” деп айтып жатышпады беле? Элден эч нерсе сурабай, элге эч кандай отчёт бербей эле башкарып турушкан, анан эми эч кимге айтпай эле сүйлөшүү баштап жиберишти”.


Кен тармагындагы адистер Кумтөргө байланыштуу талашты чечүүнүн эки сценарий менен уланарын боолголоп жатышкан. Анын биринчиси “сүйлөшүү”, экинчиси “соттошуу” болчу. Үчүнчү жол кенди биротоло “улутташтыруу” же “келишимдердин баарын жокко чыгаруу” эле, бирок анын аягы да соттошуу менен бүтмөк.


Мурдараак Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров 22-сентябрда “Азаттыкка” берген комментарийинде Кыргызстан “Кумтөр Голдду” башкарууну өз колуна алгандан берки төрт ай ичинде 4,1 тонна алтын өндүргөнүн айтып берген. Ал мындан өлкө 62 млн. доллардай киреше алганын тактаган.


Бирок 25-сентябрда УКМКнын мекеменин Алай райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачуу учурунда мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан 90 млн. доллар тапканын айткан. Ачакей маалыматтардын фонунда бир катар депутаттар өкмөттөн Кумтөр боюнча кенен отчёт берүүнү талап кылган.




 




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также


Загрузка...
Rss.plus
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Сатка на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.