Новости Челябинска
Мы в Telegram
Добавить новость
Апрель 2010
Май 2010
Июнь 2010
Июль 2010
Август 2010
Сентябрь 2010
Октябрь 2010
Ноябрь 2010
Декабрь 2010
Январь 2011
Февраль 2011
Март 2011
Апрель 2011
Май 2011
Июнь 2011
Июль 2011
Август 2011
Сентябрь 2011
Октябрь 2011
Ноябрь 2011
Декабрь 2011
Январь 2012
Февраль 2012
Март 2012
Апрель 2012
Май 2012
Июнь 2012
Июль 2012
Август 2012
Сентябрь 2012
Октябрь 2012
Ноябрь 2012
Декабрь 2012
Январь 2013
Февраль 2013
Март 2013
Апрель 2013
Май 2013
Июнь 2013
Июль 2013
Август 2013
Сентябрь 2013
Октябрь 2013
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016 Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018 Ноябрь 2018 Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27
28
29
30

Поиск города

Ничего не найдено
Бабаево Бабушкин Бавлы Багратионовск Байкальск Баймак Бакал Баксан Балабаново Балаково Балахна Балашиха Балашов Балей Балтийск Барабинск Барнаул Барыш Батайск Бахчисарай Бежецк Белая Калитва Белая Холуница Белгород Белебей Белёв Белинский Белово БелогорскАмурская область БелогорскКрым Белозерск Белокуриха Беломорск Белорецк Белореченск Белоусово Белоярский Белый Бердск Березники БерёзовскийКемеровская область БерёзовскийСвердловская область Беслан Бийск Бикин Билибино Биробиджан Бирск Бирюсинск Бирюч БлаговещенскАмурская область БлаговещенскБашкортостан Благодарный Бобров Богданович Богородицк Богородск Боготол Богучар Бодайбо Бокситогорск Болгар Бологое Болотное Болохово Болхов Большой Камень Бор Борзя Борисоглебск Боровичи Боровск Бородино Братск Бронницы Брянск Бугульма Бугуруслан Будённовск Бузулук Буинск Буй Буйнакск Бутурлиновка
Кадников Казань Калач Калач-на-Дону Калачинск Калининград Калининск Калтан Калуга Калязин Камбарка Каменка Каменногорск Каменск-Уральский Каменск-Шахтинский Камень-на-Оби Камешково Камызяк Камышин Камышлов Канаш Кандалакша Канск Карабаново Карабаш Карабулак Карасук Карачаевск Карачев Каргат Каргополь Карпинск Карталы Касимов Касли Каспийск Катав-Ивановск Катайск Качканар Кашин Кашира Кедровый Кемерово Кемь Керчь Кизел Кизилюрт Кизляр Кимовск Кимры Кингисепп Кинель Кинешма Киреевск Киренск Киржач Кириллов Кириши КировКалужская область КировКировская область Кировград Кирово-Чепецк КировскЛенинградская область КировскМурманская область Кирс Кирсанов Киселёвск Кисловодск Климовск Клин Клинцы Княгинино Ковдор Ковров Ковылкино Когалым Кодинск Козельск Козловка Козьмодемьянск Кола Кологрив Коломна Колпашево Колпино Кольчугино Коммунар Комсомольск Комсомольск-на-Амуре Конаково Кондопога Кондрово Константиновск Копейск Кораблино Кореновск Коркино Королёв Короча Корсаков Коряжма Костерёво Костомукша Кострома Котельники Котельниково Котельнич Котлас Котово Котовск Кохма Красавино КрасноармейскМосковская область КрасноармейскСаратовская область Красновишерск Красногорск Краснодар Красное Село Краснозаводск КраснознаменскКалининградская область КраснознаменскМосковская область Краснокаменск Краснокамск Красноперекопск КраснослободскВолгоградская область КраснослободскМордовия Краснотурьинск Красноуральск Красноуфимск Красноярск Красный Кут Красный Сулин Красный Холм Кремёнки Кронштадт Кропоткин Крымск Кстово Кубинка Кувандык Кувшиново Кудымкар Кузнецк Куйбышев Кулебаки Кумертау Кунгур Купино Курган Курганинск Курильск Курлово Куровское Курск Куртамыш Курчатов Куса Кушва Кызыл Кыштым Кяхта
Набережные Челны Навашино Наволоки Надым Назарово Назрань Называевск Нальчик Нариманов Наро-Фоминск Нарткала Нарьян-Мар Находка Невель Невельск Невинномысск Невьянск Нелидово Неман Нерехта Нерчинск Нерюнгри Нестеров Нефтегорск Нефтекамск Нефтекумск Нефтеюганск Нея Нижневартовск Нижнекамск Нижнеудинск Нижние Серги Нижний Ломов Нижний Новгород Нижний Тагил Нижняя Салда Нижняя Тура Николаевск Николаевск-на-Амуре НикольскВологодская область НикольскПензенская область Никольское Новая Ладога Новая Ляля Новоалександровск Новоалтайск Новоаннинский Нововоронеж Новодвинск Новозыбков Новокубанск Новокузнецк Новокуйбышевск Новомичуринск Новомосковск Новопавловск Новоржев Новороссийск Новосибирск Новосиль Новосокольники Новотроицк Новоузенск Новоульяновск Новоуральск Новохопёрск Новочебоксарск Новочеркасск Новошахтинск Новый Оскол Новый Уренгой Ногинск Нолинск Норильск Ноябрьск Нурлат Нытва Нюрба Нягань Нязепетровск Няндома
Саки Салават Салаир Салехард Сальск Самара Санкт-Петербург Саранск Сарапул Саратов Саров Сасово Сатка Сафоново Саяногорск Саянск Светлогорск Светлоград Светлый Светогорск Свирск Свободный Себеж Севастополь Северо-Курильск Северобайкальск Северодвинск Североморск Североуральск Северск Севск Сегежа Сельцо Семёнов Семикаракорск Семилуки Сенгилей Серафимович Сергач Сергиев Посад Сердобск Серов Серпухов Сертолово Сестрорецк Сибай Сим Симферополь Сковородино Скопин Славгород Славск Славянск-на-Кубани Сланцы Слободской Слюдянка Смоленск Снежинск Снежногорск Собинка СоветскКалининградская область СоветскКировская область СоветскТульская область Советская Гавань Советский Сокол Солигалич Соликамск Солнечногорск Соль-Илецк Сольвычегодск Сольцы Сорочинск Сорск Сортавала Сосенский Сосновка Сосновоборск Сосновый Бор Сосногорск Сочи Спас-Деменск Спас-Клепики Спасск Спасск-Дальний Спасск-Рязанский Среднеколымск Среднеуральск Сретенск Ставрополь Старая Купавна Старая Русса Старица Стародуб Старый Крым Старый Оскол Стерлитамак Стрежевой Строитель Струнино Ступино Суворов Судак Суджа Судогда Суздаль Суоярви Сураж Сургут Суровикино Сурск Сусуман Сухиничи Сухой Лог Сызрань Сыктывкар Сысерть Сычёвка Сясьстрой

Талкаланган чарба, унга жетпеген эл

0 8
Талкаланган чарба, унга жетпеген эл
1990- жылдары Орусиянын Магнитогорск шаарындагы жогорку окуу жайда окуп, билим алып жүргөн кез. Ноябрь айларында рынок экономикасына өтөт экенбиз деген сөз кеч күздөгү ызгаар менен кошо тарап, шаар эли жабыла ансыз деле кунары качып, жарым-жартылай бош калган дүкөндөргө чабуул коюп, тамак-аш сатуучу дүкөндүн текчелеринде консерваланган деңиз капустасынан башка эч нерсе калбай калды. Бардык жерде кезекке туруу көнүмүшкө айланды. Студенттик турмуш, жаштыктын баш айланткан шарданы менен зор өлкөдө болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр жүрүп, учу-кыйырын болжоп болгус мамлекет акырындап чекесинен кертиле баштагандыгын сезген деле жокпуз. Мурда үйдөн алыс чыгып көрбөгөнгөбү, айылды абдан сагынар элем. Эптеп экзамендерди тапшырып, сессияны аяктап, киндик кан тамган жерде мени зарыгып күтүп жатышкан ата-энеме эртерээк жетүү биринчи кезекте туруп, саясий абалга сереп салуу, коомдун кыйрап бара жаткандыгы үчүн кабатыр болдуу сезими менде жок эле. Рыноктук экономикага өттүк деген күндүн эртеси студенттик ашканага барып, күндө ичип-жеп жүргөн тамак-аштарга болгон баа бир нече эсе жогорулаганын көрүп алып, окууну аяктагыча мындан аркы көрө турган күнүбүз кандай болорун элестете албай шалдырап турдук. Бир чети кантип эле ушул бойдон калып калсын, бир аз убакыттан кийин баалар кайра мурдагы калыбына келер деп ишенген элек. Балээниби, кайра мурдагы калыбына келмек турсун, күн эмес, саат сайын түшкө кирбеген жогорку ылдамдыкта өсүп жүрүп отурду... Айына элүү бир сом стипендия алчубуз (ал убакта биз үчүн рубль – сом, копеек – тыйын эле). Фрунзеге чейин самолетко билеттин баасы 39 сом болчу. Башкача айтканда, бир айлык стипендиям Урал дарыясы ортосун жарып өткөн, Европа шаарынан Фрунзеге эле эмес, айылдагы үйүмө чейин барганга кенен жетчү. Азыркы студент Бишкектен Ошко учуш үчүн канча айлык стипендиясын чогултат болду экен? Бирок, мен сөз кылып жаткан жылдары билетке болгон баа жогорулаган жагынан башкалардан кем калышкан жок... Максатына жетпей калган ГКЧП төңкөрүшү, СССРди сактап калуу жөнүндө референдумдун өтүшү, зор мамлекеттин кыйрашы өзүбүзчө мамлекетпиз, эми эч кимден көз каранды эмеспиз деп, көк жара дуулдаган жаңы мамлекеттердин пайда болушу, кечээ эле бир эл-бир журтпуз, бир тууганбыз, боордошпуз деп бири-бирин өз катары көргөн өлкөлөрдүн ортосунда жер талашкан, суу талашкан окуялар орун алып, чек аралык посттордун коюлушу, буркан-шаркан иштеген завод, фабрикалар токтоп, алардын бырчаланып сатылышы дагы да айта берсе түгөнгүс зор окуялардын күбөсү болду го биздин муун... Акыркы курсту аяктап айылга да жеттим. Айыл турмушу таанылгыс болуп өзгөргөн. Баягы күркүрөп иштеп турган айыл чарба техникалары бөлүнүп, сатылып, айылдагы совхоздун гаражы, мончо, кырман, тоо жээктеп салынган мал сарайлар таланып, түп орду менен жок болгон. Эң кызыгы ал үчүн эч ким деле жоопко тартылган жок. Кийинчерээк ошол кырдаалды айтылуу Шайлобек Дүйшеев “Асабага” жарыяланган “Демократиянын жаңы тарыхы” деген ыр түрмөгүндөгү саптарда даана баяндаган: Бул жол менен барганга болбойт дедик, Бул жол менен баргандар оңбойт дедик. Жерде калган абалды тез арада, Жеке менчик келсе эле оңдойт дедик. Бөлүн деген кезекте бөлүн дедик, Бөтөгөдөй төрт бешке сөгүл дедик. Өйдө жактан абайлап байкап турат, Өзгөлөрдөн эртерээк көрүн дедик. Башкарманын энчине гараж тийди, Баласына балтайган камаз тийди... Жек жаатка жек жааттардын сообу тийди, Жек жаатсыз көчөдөгү Желдеңбайга Жерде жаткан эшектин “чому” тийди. Андан аркылары эсимде жок. Ошол ыр түрмөктү сандан-санга кубалап окуп жүрүп, үзүл-кезил ушул саптар эстен кеткис болуп мээге сиңип калыптыр. Кийин ал чыгарманы издеп таба албай койдум... Азыр ойлоп көрсөм 30-жылдары коллективдештирилип, убакыт өткөн сайын калпыс жерлери жакшыланып, жарым кылымдан ашуун убакыт сарпталып, нечен азап менен куралган, Улуу Ата Мекендик согушту башынан кечиргенде бузулбаган айыл чарба системасы бир ок атылбастан эле алеки саатта бөлүнүп-жарылып, көз көрүнөө таланып кеткен экен. Биздин үй-бүлөгө бөлүнгөн жер айылдан 7 – 8 чакырым алыста болчу. Атам экөөбүз эки ат минип алып, күн бешим болуп калган кезде эгин талаасынын четин кыдыра бастырып жүрдүк. Чекте коюлган ташты көрсөтүп, ал таш турган жерден тике тартылган арыктан тартып биздин жер экенин айтып келип атам: - Күрөк, кетмениңди Какиндин сарайына коюп кетип турасың, анын аялы неберелери менен сарайда болуш керек. Жүрү, ошол жакка бастыралы, – деди. Айдоонун башында саз жээктей жайгашкан сарайга бат эле жете келдик. Сарайдын бир жак башын бузуп кетишиптир, айланасында чачылган шыйпырдын, бетондун сыныктары малдын быпыраган кыгы менен кошул- ташыл. Ыраматылык атам кечээ эле совхоздун зоотехниги болуп иштеп турганда ушул жердеги иш кайнап турган кезди эстеп кеттиби: - Кайран кыргыз, талкалаган жагынан кудай ургандай “мастер” экенбиз да, атаңдын оозун урайындыкы! – деп башын чайкап алды. Сарайдын жанындагы үйдөн чыккан жашы алтымыштарды таяп калган аялга атам ат үстүнөн: - Кандайсың Марипа, бала-бакыраң жакшыбы? – деп ал-жайын сурап, -  Какин байкушту уул-келини менен тоого чыгарып коюп, өзүң сарайда жатасың чалкалап, – деди тамашага чала. - Ооба, тоодо деле күн жылып калды дейт, он чакты күндөн кийин мобу чөжүрөктөрдү алып мен деле барып калам. Уул-келин бул жакка келет, сарайда бирөө турбаса, бир түндөн чыгарбай бузуп кетчү түрлөрү бар. - Карачы, тоого жай чилде түшкөндөн кийин гана барасың, эркелигиң илгерки Шырдакбектин аялыныкынан кем эмес го, – деди атам ан сайын тамашалай. Марипа апа дагы жөн калган жок: - Талаада калгырдыкы, Какин экөөң Шырдакбектей болсоң ушул жарым бузук сарайда отурмак белем... Эмне, эгин сугарасыңарбы? - Ооба, уулум эртеңден баштап экинчи сугатты басат, сеникине кетменин калтырып турсун, антпесе өзүң айткандай, талаада жаткан кетмен эмес андан чоң нерселер уурдалып атат, уй сарайдын алдындагы трансформаторду дагы уурдап кетишиптир дейби? – анан мага карап: - Сууну тээтиги жапан талдан саласың, арыкта эски кулактардын орду бар, ошолорду бекем байлап, суу салсаң эле болду, аласын деле тербейсиң, аласын тергендей бул эмне кара сугат беле, – деди. “Кара сугат” эмне, “экинчи сугат басат” деген эмне экени мурда огороддогу эгилген алакандай картөшкөдөн башка эч нерсе сугарып көрбөгөн, шаарда беш жыл окуп жүрүп жаңы келген мен үчүн түшүнүксүз болуп турса дагы, тизгинди тарта тигил аялдын көзүнчө баарын билген дасыккан сугатчы түрдөнүп, кабакты бүркөгөн калыбымда атам көрсөткөн жапан тал жакты тиктеп баш ийкеген болдум. Эртеси күнү түшкө чейин кетмен чапкан сайын башы-көзүмөн бери ылай суу чачырап, байлаган кулактарды сууга алдырып, өтүгүмө толо суу кирип, менин “баба дыйкан” болгонум толук сүрөттөп, сөз кылууга деле арзыбастыр. Кептин бары ошол күнү өмүр бою эсимден кеткис окуяга күбө болгонумда. Түш оой тамактанганы сарайдагы үйгө келдим. Анткени үйдөн жоо чаап келчүдөй даярданып алып, аттанып жатканымда атам: - Тамагыңды талаага калтырсаң ит-куш жеп кетет,- деп айтканынан жарма, нан, бышкан жумурткалар салынган баштыкты эртең менен ошол жакка калтырган болчумун. Бир тутам чөптү жулуп алып, сууга малып- малып аны менен кийимимдеги чачыраган баткактарды кетире сүрүп, бети-колумду арыктагы сууга жууп, өзүмдү колумдан келишинче “тартипке” келтирип алгам. Эшиктин астында эски керебеттин торуна жүн сабап жаткан Марипа апа: -  Түштөнгөнү келдиңби? Баштыгыңды аркы бөлмөдөгү үстөлдүн үстүнө коюп койгом, – деди. Терезе пардоолор тартылуу болгондуктан бөлмөнүн ичи күңүрт тартып салкын экен. Мен тамак салынган баштыкты алып чыгып, талаада тамактанам деген ойдо болчумун, бирок талаадагы чымын-чиркейге талангандан көрө ушул жерден эле жеп алайын деп өзүмчө чечим чыгара салдым. Үстөлдү жээктей салынган жер төшөккө отура калып, өзөгү карайып калган жаным эки колум бир оозума түтпөй курсакты тойгузуу менен алектенип жаткам, бир маалда: – Жөн тур! - деп чыккан кичинекей кыздын сөзүнөн чочуп, артымды карай салдым. Босогого далымды салып отургандыктан эшиктен киришкен Марипа апанын неберелерин байкабай калган экнмин. Үч жашар шымы жок, жылаң гөтөн бир эркек бала жана беш-алты жашар кыз мени тиктеп турушуптур. - Сизге барам деп атат, – деди кичинекей эжекеси баланын колунан тарткылап. Кичинекей болсо дагы “Сиз” деп кайрылганына ичим элжирей: - Барам десе кое бер – дедим. Бала тепилдеп жетип келди да аки-чүкүгө келбестен эле мен жеп жаткан нандын бир кесимин илип алып, кайра артын көздөй тепилдеп жөнөдү. Курсагы ачкан экен деп таназар деле алган жокмун, бирок кичинекей кыз дагы нанды теше тиктеп турганын көрүп ыңгайсыз боло түштүм. - Ме, жейсиңби? – деп ага кантип нан сунганымды өзүм дагы байкабай калдым. Кыз дагы эч тартынбастан нанды колуман жулуп алып, эшикти көздөй чуркады. Аңгыча Марипа апа кирип келип: - Булар сага тамак жедиришпейт, өстөн арыктагы бактын көлөкөсүндө эле түштөнүп алсаң болмок, - деп келип тамагы буула: - Өлүгүңдү көрөйүн, ачарчылык эмне экенин билчү эмес элек. Жанагы жакшылык көрбөгөн деректир Адамкалый сопсонун иштеп турган сопхозду таратып жиберип, ушул күнгө туш кылбадыбы... Сатайын десең тоодогу мал семирбейт, семирген күндө деле баа эмес. Кыштата бир козуну үч бөтөлкө аракка алмаштырып ичип жүрүшпөдүбү, айылдын ырыс кесерлери. Балдар нан жей элегине беш күн болду. Тоого кетирбей алып калган жалгыз уйдун айран сүтү менен күн көрүп жатабыз, – деп жоолугунун учу менен көзүн сүртө жарылып алды. Үстүмөн бирөө муздак суу куюп жибергендей эле болдум. Эмеле эле алган нанын түгөтө жеп алып, чоң апасынын этегин кармап турган балага үстөлдүн үстүндөгү нанды баштыгы менен карматып: - Жей гой – дедим. Ошондогу наристе башкалардан кызганып, боору менен басып, эч кимге бербей ыйлап чырылдап турганын көрүп алып, денем дүркүрөп турган учур күнү бүгүнкүдөй эсимде. Кичинебизде конфет, шоколад талашып калчу элек, бирок нан талашып ыйлай турган көрүнүш кинодо же китептеги чыгармаларда эле кездешчүдөй сезилчү. – Эжекеңе дагы биртке бериш, – деген чоң энесинин сөзүнө беш күндөн бери нан жей элек неменин көнөөр түрү жок. Жарты көмөчкө жетпеген нанды кантип бөлүшүп алышты билбейм. Мен эшикке чыктым дагы кетменимди ийниме арта сала талаага жөнөдүм. Кечинде болгон окуяны ата-энеме төкпөй-чачпай айтып бердим. Эмнегедир үйдөгүлөргө менин айткандарым андай деле таасир эткен жок. Атам гана: - Алардын дагы уну түгөнгөн турбайбы, Мырзабектики, Сагындыкы дагы улпактан нан жаап жеп атышыптыр, – деп тим болду. Көрсө, айыл боюнча көп эле үй наны жок отурган экен. Совхоз жоюлган алгачкы жылы элдин көбү баштан өтпөгөндүк кылып, Союз кезиндегидей эле камырабай, бөлүнгөн үлүш жерлерине эгин экпестен малга деп чөп айдашып, же такыр эч нерсе айдабай, ал эми малы болсо текейден арзан болуп, ошол арзан баага дагы базардан өтпөй, иштейин десе иш жок, ундары түгөнүп, күздүн келишин, эгиндин бышышын зарыга күтүп жаткан мезгили экен. Ошол жылы шаардагы базарда бир кило эттин баасы бир кило сабиздин баасы менен бирдей болушунун өзү эле малга болгон баанын канчалык төмөн болгондугун айгинелеп турбайбы. Эртеси сугатка жөнөп жатып, апамдын өзүбүздө деле ун аз калды дегенине болбой көшөрүп отуруп каптын түбүнө бир чакадай унду канжыгага байлап алып Марипа апаныкына алып барып бергем. Айылда узакка деле турган жокмун. Азыр шаарда жашап жатканыма жыйырма жылдан ашты. Ошол нанды бекем кучактап ыйлаган баланын атын да сурабаптырмын. Какин ата менен Марипа апанын көзү өтүп кеткенине бир топ жыл болгонун айылдагы досумдан ушул аңгемени жазып жаткан маалда уктум. Эмнеси болсо дагы ошол наристе азыр очор-бачар үй-бүлө күтүп, эч нерседен өксүк болбой, бардар жашоо өткөрүп жаткандыр деп ойлоп коем. Атамдын каза болгонуна быйыл үч жылдын жүзү болду. Өмүрүнүн акыркы жылдарында атамдын өзүбүздүн айылдын чарбачылыгына берген баасы эсимде. Учурунда совхоздун малынын санын жатка билген атам:  - Баары бир алдыга өсө алган жокпуз, убагында биздин совхоздо элдин менчик малын эсепке албаганда 64 миң баш кой бар болчу, болгондо дагы азыркы кылчык жүндүү кыргыз кой эмес, меринос тукумундагы уяң жүндүү койлор эле. Азыр элдеги койдун саны анын жарымына дагы чыкпайт, жүнүнүн асылдуулугу жөнүндө кеп кылбай эле коеюн. Ар гектардан кырк беш центнер дан орчубуз, азыр анын жарымын алсак кубанабыз. Айыл чарбасы алдыга жылганды кой, жыйырма-отуз жыл мурдакы абалына да келе элек, – деп айтты эле. Азыр менден бирөө СССР кезинин эмнесин сагындың, – деп сураса, биринчи кезекте  ошол кездеги элдин пейилин деп жооп берет болчумун. Бир мисал: ал кезде кыргызда “ак сатпайт” деген ыйык сөз бар болчу. Колуна идиш көтөрүп алып бири-биринен айран, сүттү бекер эле алышчу. Биздин эл жайлоого барсаң кымызды чакалап эмес, флягалап бекер куюп беришчү эмес беле. Сүт, кымыз, сүзмө сатуу деген кийин эле чыгып, илгертен “ак сатпаган” элдин ичинде азыр кадыресе көрүнүш болуп калбадыбы. Коңшулар бири-бирине сүт айранын сатып, он күнгө карыз акча берсе кайра үстөгү менен кайтарып алган замандын күбөсү болуп жатпайбызбы. Экинчи мен сагынган нерсе, Союз учурундагы элдин эртеңки күнгө, келечекке болгон ишеними. Өзү жашап жаткан өлкөсү менен сыймыктанып, патриоттуулук сезимдин, күчтүү идеологиянын болушу. Үчүнчү сагынган нерсем, эл арасында, коомдо, мамлекеттин кайсы бутактарында болсун өкүм сүргөн темирдей бекем тартип.  Эсил кайран СССР! Жыргалбек Абакиров



Магнитогорск

Победительницей Всероссийского конкурса красоты стала Светлана Сологуб из Магнитогорска


Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Электронный дневник Сетевой город Челябинск и Челябинская область — вход в систему

Белгород и Старый Оскол вошли в топ-100 городов по доходности вложений в недвижимость

Магнитогорский проект стал лауреатом Международного профессионального конкурса НОПРИЗ на лучший проект – 2023

"Дом.ру": Краснодар и Ростов-на-Дону обогнали Москву по скорости интернета

Новости Челябинской области

День Победы в Магнитогорске: подробная программа мероприятий

Магнитогорский проект стал лауреатом Международного профессионального конкурса НОПРИЗ на лучший проект – 2023

«Отмечали, наверное?»: Путин не смог дозвониться до челябинского олигарха после победы «Металлурга». ВИДЕО

Третий раз счастливый: Магнитогорский ХК "Металлург" — обладатель Кубка Гагарина!


Грибы в апреле: магнитогорцы собирают вкусные "шапочки"

Нижегородская молодежь заново познакомится с народным танцем «сказочным» путем

Победительницей Всероссийского конкурса красоты стала Светлана Сологуб из Магнитогорска

Редкий цветок: сон-трава проснулась в Магнитогорске


Корону престижного конкурса красоты завоевала особая мама из Магнитки

Редкий цветок: сон-трава проснулась в Магнитогорске

Егор Крид приедет в Магнитогорск на 9 Мая

Приметы 27 апреля: что нельзя делать в Лазареву субботу


Губернатор Челябинской области Алексей Текслер
Челябинская область

Челябинский губернатор предложил объединить профсоюзным движением все предприятия и организации


Частные объявления в Магнитогорске



Загрузка...
Ria.city
Персональные новости
НОПРИЗ

Удмуртский проект победил в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023



Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Магнитогорск на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.


© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 123ru.net в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, "My Love", Ru24.pro, Russia24.pro и др.

Певец Розенбаум похвастался возрождением сети советских пивных в Петербурге

Что Золотухин рассказывал про некрасивые тайны Таганки и почему Высоцкий его не простил

«Вивальди. Времена Года. Шнитке. Кончерто Гроссо»: концерт в старинном соборе при поддержке Relax FM

Сергей Трофимов выступит с летним концертом в Зеленом Театре ВДНХ


«Был риск завершить борьбу еще в первом матче». В России оценили победу Рыбакиной в Штутгарте

Мария стала соперницей Азаренко на турнире WTA в Мадриде

Самсонова победила Осаку и вышла в третий круг турнира WTA 1000 в Мадриде

Потапова проиграла Фернандес во втором круге турнира WTA в Мадриде


As residents complain of strong odors, Carroll officials pass moratorium on DAF storage

NYU Hospital on Long Island performs miraculous surgery

Paige Spiranac puts on busty display in plunging top as she lists the ‘things that drive me crazy’

Ramon Cardenas aims to cement his contender status agains Jesus Ramirez Rubio tonight