Добавить новость
Сентябрь 2018
Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Поиск города

Ничего не найдено

Өкмөт Солтон-Сарыдагы кендин лицензиясы боюнча түшүндүрмө берди

0 24
Кыргыз өкмөтү тараткан маалыматка ылайык, «Zhong Ji Mining Company» компаниясы Солтон-Сары кенинде 2009-жылдан бери иштеп келет.


Алгач «Zhong Ji Mining Company» ишканасы 2009-жылдын 20-декабрынан 2020-жылдын 2-сентябрына чейин Солтон-Сарынын Бучук аймагынан алтын кенин чалгындоо үчүн лицензия алат. Ал кезде Мамлекеттик геология агенттигин Капар Курманалиев жетектеп турган.


Андан кийин 2011-жылы Замирбек Эсенамановдин, 2014-жылы Дүйшөнбек Зилалиевдин, 2018-жылы Сүйүнтбек Аликеевдин жетекчилигинде ишкананын лицензиясы узартылган.


Акыркы лицензия 9-февралда Сапар Исаков өкмөт башчы болуп турганда берилген. Чалгындоо үчүн лицензия Солтон-Сарыдагы Бучук аймагында жалпысынан 1500 гектарга берилген. Анда жалпы төлөм 211,9 млн. сом эсептелген.


Ал эми 2013-жылдын 4-февралынан 2033-жылдын 4-февралына чейин «Zhong Ji Mining Company» компаниясы Солтон-Сарыдагы Бучук аймагынан алтын иштетүү үчүн лицензия берилген.


2013-жылы Мамлекеттик геология агенттигинде Ишимбай Чунуев директор болчу. Кен казуу үчүн ал аймактан жалпы 44 гектар бөлүнгөн. Ишкана 2019-жылы 1306,3 кг, 2020-жылдан ары 2094 кг алтын казууну пландаган.


Учурда кен казып жаткан жерде 473 кызматкер иштеп жатат, анын 301и кыргыз жарандары. Солтон-Сары кени Бишкектен 355 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан.


5-августта кытайлык компаниянын кызматкерлери менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыгып, тараптар бири-бирине таш ыргытышкан. Милиция анда 300гө жакын киши чыкканын айтса, айрым маалыматтарда алардын саны 500 экени кабарланууда. Милиция окуяны териштирип жатат.


Нарындын Солтон-Сары кенин иштетип жаткан кытайлык «Zhong ji Mining» компаниясына нааразы болгон 600-700гө чукул киши дагы эле ишкананын ишин токтотууну талап кылып турушат. «Азаттыктын» Нарындагы кабарчысынын айтымында, чогулгандар кенге жакын жерде мал союп, казан асып алышкан.


Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жергиликтүү тургундарга «Zhong ji Mining» компаниясынын ишин бир айга убактылуу токтотуу боюнча Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын чечимин көрсөттү. Бирок айыл тургундары ага макул болбой, «кытайлык ишкана үч күндүн ичинде Солтон-Сарыдан чыгып кетсин» деген талапты коюшууда.


6-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Солтон-Сары кенинде жергиликтүү тургундар менен чет элдик жумушчулардын ортосундагы окуя ишкананын ишин токтотууга себеп болбошу керек экенин айткан.


Кийинчерээк вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, кендеги окуяны талкуулашкан.


Солтон-Сары кенинде чыккан жаңжалдан жабыркаган «Zhong ji Mining» компаниясынын 19 кызматкери 6-августта Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан чыгарылды. Ошол эле чырда жаракат алган бир жергиликтүү тургун дарылануусун улантууда.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также


Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Ишимбай на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.