Кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган адам кармалды
0
92
Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Баймак» көзөмөл-өткөрмө бекетинен мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, окуя 11-октябрда болгон.
34 жаштагы кыргыз жараны мамлекеттик чек арадан өтүп жатыпӨзбекстандын башка адамга жазылган чет өлкөлүк паспортун көрсөткөн. Ал документ жарым-жартылай жасалма экени аныкталды.
Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган адам Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
ИИМ 2015-2016-жылдары мыйзамсыз паспорт берүүгө, жасалма паспортторго байланыштуу 228 кылмыш иши козголуп, 125и сотко жөнөтүлгөнүн, ондогон кылмыш иштери айыпталуучунун кайда экенин аныктоо мүмкүн болбогондуктан жана "кылмыш жообуна тартыла турган адамдар аныкталган жок" деген жүйө менен токтотулганын билдирген. (RK)