Добавить новость
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026 Июнь 2026 Июль 2026 Август 2026 Сентябрь 2026
1
2
3
4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Поиск города

Ничего не найдено

“Бакиев бийликке аттанганда Масалиев батасын берген”

0 578
“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу - мурдагы Мамлекеттик катчы, тарых илимдеринин доктору, профессор Нур уулу Досбол. Ал маегинде кантип депутат болгону, эмне үчүн оппозицияга кошулганы, Бакиевге ким бата бергени, Үсөн Сыдыковдун таарынычы, Максим Бакиевдин “империясы”, беш жылда төрт кызмат алмаштыруунун себеби тууралуу айтып берди.


- Досбол агай, 2005-жылдагы оппозиция эмне үчүн Курманбек Бакиевди президенттикке, өкмөт башчылыкка сүрөдүңүздөр эле? Башка пикирлерде анын колунда акчасы болгону негизги критерий болгон дегендер бар, сиз мындай ойлорго кошуласызбы?


- Кептин баары ошондо болуп жатат. 2002-жылы Курманбек Бакиев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди. Ошол кезде Мадумаров, Исаков, Бекназаров ж.б. депутат эле. Мен алардын баарынын башын кошуп, Бакиевди “Жаңы Кыргызстан” деген партиябызга кабыл алганбыз. Кийин формалдуу болсо да партиябыздын жетекчиси да кылып жүрдүк. 2004-жылы оппозиция мүчөлөрү КЭК (Кыргызстан элдик кыймылы) деген саясий уюм түзүп, анын башына да Курманбек Салиевичти шайлаганбыз. КЭКте Отунбаева, Шеримкулов, Ашыркулов, Сарыгулов дагы көптөгөн белгилүү адамдар мүчө болушкан. Акылбек Жапаров штабдын жетекчиси болгон. Биздин оюбузда түндүк-түштүктүн таразасы бирдей болсун дедик. Анан баарыбыз чогулуп, жыйын курдук. “Күрөш оңой эмес болот, иштин натыйжасы болуш үчүн каражат керек” деген маселе көтөрүлдү. Анан бир күнү “келгиле, кимиң канча акча чыгарасың” дегенде эле оппозицияда жүргөндөрдүн көбү изин суутуп кете башташты. “Бекер оокатта жүрө берем” дегендер көп болгон.




- Ошондо акчаны ким чыгарды?


- Албетте, акчаны Бакиев чыгарган. Курманбек Салиевич кайсы бир суммадагы акчасы бар экендигин мага айткан. “Азырынча аны жумшап туралы, анан Орусиядан да акча келет” деген. Ал киши ушул эле сөздү Замира Сыдыковага, Ишенгүл Болжуровага айткан экен.


- Дагы бир маселе. Ошол учурдагы оппозиционерлердин бири Үсөн Сыдыковдун катуу аракети болбогондо Курманбек Бакиев бийликке келмек эмес, дегендер бар?


- Толугу менен кошулам. Ал киши өзү деле президент болуп алса болмок. Бирок, Абсамат Масалиевич көзүнүн тирүү кезинде эле Курманбек Бакиевге батасын берген учур болгон. Ага мен, Үсөн Сыдыков экөөбүз күбөбүз. Абсамат Масалиевич, КЭКке кеңешчи катары катышып жүргөн.




- Үсөн Сыдыковдун бул салымынан сырткары, Бакиевдин учурунда бийликтин бир колго топтолуп, күчөшүнө да Сыдыковдун эмгеги болгон, дегендер бар. Буга эмне дейсиз?


- Жок, мен ага кошула албайм. Ооба, Бакиев бийликке келгенде Үсөн Сыдыкович президенттин администрация жетекчиси болуп дайындалды. Ал бул кызматта бир жылга жетип-жетпей эле отурду. Анын ордуна Медет Садыркулов дайындалды. Үсөн Сыдыковичке мамлекеттик кеңешчи деген кызмат беришти. Ошондо ал кишиде Бакиеге карата таарыныч, нааразычылык пайда болгон. Экөөнүн ортосунда жаңжал да болгон. Сыдыков негизи эле Садыркуловду жактырчу эмес. Ал киши Бакиевдин инилерин да тыйган учурлар болду. Ошондон кийин аны бийликке аралаштырбай, четттетип коюшту. Ошондуктан Үсөн Сыдыковду Бакиевдин бийлигин чыңдаган деген ой туура эмес болуп калат.




- Досбол агай, сиз бир маегиңизде “Бакиев бизди 2006-жылы эле укпай калган” деп айтыптырсыз, кимди укчу эле, негизги кеңешчилери кимдер эле?


- 2006-жыл эмес, 2008-жылдан кийин укпай калды десек туура болот. Биз ага чейин абдан жакшы иштегенбиз. Кийин анын үзөңгүлөштөрү 2005-жылдагы Бакиевди 2009-жылы тааныбай калдык, абдан өзгөргөн. Мен айрым маселелер менен кайрылсам, “Данияр менен Максимге жиберчи” дей баштады. Мисалы, мен инилери менен саламдашып эле калганым болбосо, мамилем болгон эмес. Мен билим берүү министри болорум менен Жусуп иниси келип куттуктады. Анан кимди кайда, кайсы кызматка коюшумду жазып алган тизмени берип калды. Мен дароо “Жусуп, мына бу министрдин үстөлүнө отуруп, өзүң алып келген тизме боюнча каалаган дайындооңду жасай бер” дедим. Зирек киши экен “түшүндүм аке, мындан кийин мен, инилерим да мындай маселе менен сизге келбейт” деп чыгып кеткен.


- Сиз 2005-2010-жыл аралыгында билим берүү министри, вице-премьер министр, Мамлекеттик катчы, улуттук университетте ректор болуп, төрт кызматта иштепсиз. Сизди мынчалык тез-тез кызматка дайындоого эмне себеп болгон?


- Мунун да өз тарыхы бар. Министр болуп келгенде реформа жасоого Курманбек Салиевичтен колдоо болот деп абдан ишенгем. Билим берүүгө лицензия алуу бизнеске айланып кеткен. Дагы толгон көйгөйлөр бар эле, биз реформаларды баштаганбыз.




- Реформаңызга Бакиев тоскоолдук кылганбы?


- Ошондой эле болду. Бир топ таасирдүү кишилер аркылуу мени ушактатып Бакиевге айтып жатышты. “Аша чаап жатат” дешти. Ага-инилери да кошулду окшойт, бир жарым жылдан кийин мени кызматтан алып, дароо эле вице-премьер кызматына дайындап койду.


- Көп өтпөй Мамлекеттик катчы кылды...


- Ал кезде Мадумаров Мамлекет катчы болчу, депутат болуп шайланып, парламентке төрага болуп калды. Мамлекеттик катчы кызматы бир топко бош турду. Анан бир күнү Бакиев чакырып, “менин жанымда сендей киши турушу керек, Мамлекеттик катчы бол” дегенине макул болуп иштеп жаттым. Дагы көп убакыт өтпөй баласы Максим жетектеген ЦАРИ (Өнүгүү жана инвестициялар боюнча борбордук агентттик) түзүлүп калып, Мамлекеттик катчы кызматы жоюлуп кетип, мен жумушу жок калдым. Анан Улуттук университетке ректор кызматына сунуш түштү.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также


Загрузка...
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Аша на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.