Добавить новость
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026
1
2
3
4 5 6 7 8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Дары арзандайт, өкмөт бааны кантип көзөмөлдөйт?

0 87
Кыргызстанда элге керектүү делген 500дөн ашык дары-дармектин баасы арзандатылды. Кайсы дарылардын баасы түшкөнүн, алардын тизмесин Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаменти жарыялады. Мамлекеттик органдар баалар тыкыр текшерилет деп убада бергени менен дарыканаларды көзөмөлдөөнүн механизми толук иштелип чыга элек.



Жалал-Абад шаарынын тургуну – Бакыт Расулов саламаттыгына байланыштуу "кардиомагнил" дарысын ичип турат. Ал жумуштары менен Бишкекке келгенде бул дарыны көбүрөөк сатып алганга аракет кылат, анткени ал жашаган аймакта Бишкекке караганда 40-50 сомго кымбат:



"Эмнеге бүт аймактарда дарылардын баасын бирдей кылганга болбойт? Суусундук же башка товарлардын баасында айырма дээрлик жок го. Адамдардын саламаттыгынан пайда көрүүбү бул? Аймактарды кой, жанаша турган дарыканаларда бир эле дары ар кайсы баада сатылат".



Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 10-ноябрда тараткан маалыматына караганда, мекемелер аралык жумушчу комиссия фармацевтикалык компаниялар менен саламаттыкка өтө зарыл дары-дармекти арзандатуу ишин жүзөгө ашырды. Ага ылайык, Бакыт Расулов колдонгон "кардиомагнил" дарысы эми мурдагыдай 452 сом эмес, 406 сомдон сатылышы керек.



Расмий маалыматта айтылгандай, жашоого маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесине кирген жана эпидемиологиялык кырдаалда чоң суроо-талапка ээ болгон дарылар аныкталып, ири дарыканаларда мурунку баасынан 10%-68% чейин төмөндөтүлдү. Азырынча баалар кандайча кымбаттатылганы жана наркын төмөндөтүүдө колдонулган ыкмалар айтылган жок.






Дары-дармек базарындагы абал 13-октябрда парламентте көтөрүлүп, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттардын фармацевтикадагы мафия тууралуу суроосуна жооп берип жатып ага мамлекеттик кызматта иштегендер да аралашып кеткенин белгилеген.



Эми баалардын реалдуу абалына такай мониторинг жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин pharm.kg сайтына жарыяланып турат.



Дары саясатын жүргүзгөн аталган департаменттин Стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов арзандатылган препараттардын айрымдарын айтып берди:



"Мисалы, "Авастин" дарысы буга чейин 21 063 сомдон сатылган, азыркы баасы 42% түшүрүлүп, 12 217 сом болду, "Актемра" мурда 40 885 сомдон сатылчу, эми 30 664 сом болду, тагыраагы 25% арзандады. Булар шишик ооруларга колдонулат. "Диротон" дарысы мурда 290 сом болчу, эми 205 сомго арзан болот".



Дары саткан ар бир компаниянын тизмеси өз-өзүнчө жазылган. Мамлекеттик органдар баа тыкыр текшерилет деп убада бергени менен дарыканаларды көзөмөлдөө жагы эми такталууда.


Кыргызстандын азыркы мыйзамдарына ылайык, фармацевтика тармагында жемкорлукка каршы кылмыш иши козголбойт. Аша чапкандарга чара көрүү Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментине жүктөлүп, 1000 сомдон 15 миң сомго чейинки айыппул менен чектелет.



Текшерүүгө мораторий киргизилгендиктен Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги да дары рыногуна таасир эте алган эмес. Мекеменин директору Кеңешбай Тайлаков мындан аркы аракеттер тууралуу айтып берди.



"Жаңы эрежелерди киргизип жатабыз. "Антимонополдук комплаенс" деп коёт. Бул ыкма башка мамлекеттерде колдонулат. Тагыраагы, бул ыкма - мекемелер чогуу бир эрежеге келүүсү. Ушул жол менен дары-дармек тармагына таасирибизди күчөтөлү деген сунушту бердик".



Тайлаков дарыканалардын саны өтө көп болгондуктан, көзөмөлдөө жагы оор экенин бегиледи.




"Азаттык" 11-ноябрда Бишкектеги айрым дарыканаларга баш багып, арзандатылган баалар тууралуу сурады. Кээ бирлери тастыктады, бирок көпчүлүк дарыканаларга тизме толук жете электигине күбө болдук.



Таластын Манас районунун тургуну Хан-Темир Өмүрзаков дарыларды арзандатууга болгон аракет ушул бойдон калып кетпесе экен деп турат.



"Дары-дармек сатып алуу чындыгында элге кыйынчылык жаратып жатат. Оорунун да, дарынын да түрү көбөйдү".



Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн көп. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашык. Алардын теңинен көбү Бишкек шаарында жайгашкан.



Кирешелүү деп сыпатталган дары базарында айланган каражаттын эсебин адистерден тактай алган жокпуз. Бирок аткезчилик менен Кыргызстанга бир жылда 5 миллиард сомдук дары келери расмий маалыматтарда айтылган.


"Азаттыктын" архиви: Көмүскөдөгү дары бизнеси



 




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

«Газпром трансгаз Екатеринбург» повысил надежность газопроводов на Южном и Среднем Урале

Глава Xbox поставила на руководящие должности своих коллег по CoreAI

Microsoft внезапно отказалась от специального ИИ для Xbox

Мораль талмуда


Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Аша на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.