Добавить новость
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026
1
2
3
4 5 6 7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Сенин атаң - Дөнөнбай

0 39
Совет доорунда интернационализм ураанына жамынган оолукмалар иш жүзүндө орусташтыруу саясатын жүргүзгөн эле. Эми исламды бетке кармаган айрым обу жок фанаттар кыргыз рухун арапташтыруу эпкинине кабылтып койгонун билбей жатат.


Кыргызды Кудай тааныбай калабы?


Кечээ жакында бир таанышым балдары жөнүндө сөз кылып жатканда такыр башка ысымды кошуп айтты. "Ал ким?" - десем, экинчи уулум кыргызча атын китептегиге тууралап алмаштырып алган дейт.


- Кудай кантип эле өзү жараткан элдердин тилин түшүнбөй, арапчадан башка ысымдарды уккусу келбей калсын?! - деп уруштум.


"Фейсбуктагы" талкууга илинген роликте молдокелердин бири кыргызча Нурмат, Эрмат, Мамат ж.б. ысымдарды балдарга койбогула, анткени “-мат” деген бөлүгү арапчада “өлүмдү” билдирет дептир.




Чындыгында мунун эч бир эрөөн көргүдөй жери жок. Бул ысымдар кыргызча кылымдар бою ушундай айтылып, кийин калайыктын кат-сабаты ачылганда ушундай жазылып келген. Анткени биздин тилдеги төл сөздөрдө “х” тыбышы кездешпейт, аны “к” менен алмаштырышчу. Ал эми сөздөрдүн аягындагы жуп үнсүздөрдүн (“б - п”, “г - к”, “д - т”) жумшагы каткалаӊга өтөт.


Ошондуктан пайгамбардын урматына коюлган аттарды ар кайсы аймактарда ыӊгайына, көнүмүшкө карай Мукамбет (эркелетип айтылган варианттары – Мукан, Мукай, Мукаш), Мамбет, Мамат (Мамаке, Маман) деп айта беришкен.


Бул бир эле кыргыз тилиндеги өзгөчөлүк эмес. Башка элдерде да Махамбет, Мохаммад, Мехмед, Махмад, Магома, Магамед, Магомед, Магомет ж.у.с. ысымдар көп кездешет.


Малик доско каяша айтпаш керекпи?


Эми кыргызчаланган ысымдардагы “-мат” деген бөлүкчөгө кайрылалы. Албетте, бул “Мухаммад” дегендин жеӊилдетилип, кыргыздын көмөкөйүнө ылайыкталган формасы. Эшмат же Ташмат деп чакырганда дайым эле пайгамбарды эстей бербейбиз, мунун зарылдыгы да жок. Пайгамбар турсун, Кудайдын жүздөй ысымдарына байланыштырылган Рахман, Малик, Карим (Керим), Жапар ж.б. ысымдар кыргызча эмес, арапча таптак айтылса да, ар бир конкреттүү кишинин эстүүлүгүнө же эсерлигине жараша мамиле жасайбыз.


Раматылык Сабыр Иптаров “Ат – адамдын канаты” деген макалдын маанисин башкача чечмелеп, адамдын ысымы ага рухий жөлөк болушу мүмкүн дечү. Бирок “Жаман иттин аты – Бөрүбасар” деген какшык макалды да эстен чыгарбайлы.




Киши жакшы болсо, сыйлайбыз, жаман болсо, жектейбиз. Айга-күнгө жеткире мактачулар да, ашата сөкчүлөр да болот. Пайгамбарга же Манаска, Бакай, Кошой, Каныкейге, Чыӊгызга, Элмирбекке ж.б. аты уйкаш экен деп эле аяп отурбайт эч ким, айрыкча аты затына төп келбеген киши осол жосунга барганда.


Башкалардын көлөкөсүнө тон бычканды токтотолу


Совет доорунда биздин тилди сындырып, басмырлап, орус тилине тебелетүүгө далбаса кылгандар болгон. Политехникалык институттун окутуучусу Ракым Усубалиев эне тилде окуу китеп жазгандыгы үчүн улутчул деп куугунтукталган. “Родина” деген сопсонун сөз турса, неге кайдагы бир “мекенди” жазасыӊар деп кыргыз авторлорду омуроологон парттөбөлдөр чыккан.


Облустук гезиттер “Нарын правдасы”, “Ысык-Көл правдасы” деп атала баштаган. Интернационализм ураанына жамынган орусчулдар биздин тилдин колдонулуш чегин атайын тарыта берип, акыры жок кылууну көздөшкөн. Улуттар ортосундагы тилдик, маданий ж.б. айырма жоюлса эле коммунизмге кирип барабыз деп ойлогон баёолор да көп болгон.




Анын сыӊарындай, тили келсе-келбесе да арапчаны көбүрөөк аралаштырса, араптарды же пакистандыктарды туурап кийинсе эле бейишке белет алчудай ээликкендер көбөйдү.


Өзөккө доо кетпесин


Жакшы эле сөздөр башка тилде тескери маанидеги сөзгө үндөш угулган учурлар көп кездешет. Бир эле тилдеги, ал турсун уңгулаш сөздөрдүн контексттеги мааниси кескин айырмаланышы мүмкүн. Мисалы, Меккедеги атактуу Харам мечитинин маанисин биз “арам” деп түшүнбөшүбүз керек.


Бир эле тилдеги омонимдер (айтылышы окшош, бирок мааниси башка сөздөр) да бар. Сөздү сындырып, үзүп-жулганда такыр бөлөк, ал тургай уят, бузук маанидеги бирдемелер чыга берет. Минтип такмаза кылуунун кимге кереги бар?!


Маданий, диний, саясий карым-катышы бар башка элдердин сөздөрү өздөштүрүлгөндө, алар өзүбүздүн көмөкөйдөн айтылып, эне тилдин табиятына ылайыктап жазылышы кажет. Тилибизди башка тилдердин көлөкөсүндө калтырганга акыбыз жок.




Динге келсек, ал да максаттын максаты эмес, максатка жакындатуучу жолдордун бири катары гана мааниге ээ. Адамдын бул жарыктагы максаты – адам болуу, адам катары татыктуу, бактылуу жашап өтүү. Ар кайсыдан ашыкча коркуп элеңдебей, жеңил-желпи бирдемелерге азгырылбай, утурумдук саясий, идеологиялык ж.б. мүдөөлөрдүн эпкинине чарпылбай, рухий тамырынан ажырабай, өз башатын жерибей жашаганга не жетсин!


Ак эмгегиң менен тиричилик кыл, бирөөнүн акысын жебе, ушак айтпа, жалаа жаппа, киши өлтүрбө ж.б. эрежелерди көӊүлдөн чыгарбай, ишеничтүү жол менен жүрүүгө дин таяныч, тирек гана болушу керек. Бирок динди же ар кайсы саясий окууларды таяныч, каражат эмес, башкы максат деп билсек, анда адамзат коому тоталитаризмдин эң жаман түрүнө кептелет – мамлекетте залим бийлик орнойт, коомдо түрмөдөгүдөй “тартип” өкүм сүрөт.


Ошого жеткирбеш үчүн тизгин тартып, жоопкерчиликти ойлойлу. Аша чаппайлы!


Жолдош Турдубаев


P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Быть не как все!

Глава Xbox поставила на руководящие должности своих коллег по CoreAI

Microsoft внезапно отказалась от специального ИИ для Xbox

Мораль талмуда


Загрузка...
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Аша на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.