Якутияда айрым тармактарга мигранттарды ишке алууга тыюу салынды
0
11
Якутиянын (Саха Республикасы) башчысы Айсен Николаев быйылтан тартып мигранттарга иштөөгө тыюу салынган тармактардын тизмесин кеңейткен буйрукка кол койду. Бул тууралуу маалымат 28-мартта аймак башчысынын расмий сайтында жарыяланды.
Тактап айтканда, патенттин негизинде эмгектенген чет өлкөлүк жарандарга азык-түлүк, суусундук, кийим-кече өндүрүшүндө, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында иштөөгө болбойт. Ошондой эле алар шаарларда жана шаар айланасында транспорттук автоунаа, такси жана жүк ташуучу автоунаа айдай алышпайт. Жалпысынан мигранттарга 33 тармакта иштөөгө тыюу салынды.
Николаев бир күн мурдагы билдирүүсүндө ушул тапта жергиликтүүлөр иштей ала турган жумуштардын көбүн мигранттар ээлеп алышканын айткан.
Мигранттарга каршы саясаттын катаалдашына 17-марттагы жергиликтүү тургундардын нааразылык акциясы түрткү болду. Якутиялыктар жергиликтүү аялды кыргызстандык мигрант зордуктаганы тууралуу маалыматка байланыштуу каршылык билдирип чыгышкан.
Ошондон улам Якутиянын башчысы Айсен Николаев менен Якутск шаарынын мэри Сардана Авксентьева жергиликтүү тургундарга мыйзамсыз мигранттардын маселесин чечүүгө убада беришкен.