Добавить новость
Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026
1 2 3 4 5 6 7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Активисттин соттолушу бийликтин катасыбы?

0 129
Бийликти сындап келген жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) бир жарым жылга камалды. Свердлов райондук соту аны “бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо” жана “Добуш сатып алуу” беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан.


Ал өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин №1 тергөө абагында кармалат. Активисттин камалышын "бийликтин куугунтугу" катары баалагандар болууда. Ошол эле кезде бийлик өкүлдөрү Кыргызстанда саясий куугунтук жок экенин билдирип жатат.


Бишкектин Свердлов райондук соту Кудайберген уулун “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” жана “добуш сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп таап, бир жарым жылга эркинен ажыратты.


20-августта сот залынан камакка алынган активист Тилекмат Кудайберген уулу өзүнө тагылган айыпты моюнуна албай турганын айтты.


"Мени бир жарым жылга камашты. Акыйкат жакында орнойт", - деди ал.


2020-жылы октябрь окуяларынан кийин бийликти колго алган саясий топту сындап келген жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу Фейсбуктагы баракчасындагы билдирүүсүндө "бийликти кулатууга чакырыктар бар" деген негиз менен кармалып, бир айдан кийин үй камагына чыгарылган.




 


Тергөө ага Жазык кодексинин 310-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") жана 264-беренеси ("Массалык башаламандыктар") менен айып таккан. Кийинчерээк ага “добуштарды сатып алуу” боюнча да сотко чейинки өндүрүш ачылган болчу.


Тилекмат Кудайберген уулу ким?


Тилекмат Кудайберген уулу 2020-жылы октябрь окуясынан кийин белгилүү боло баштаган. Учурдагы президент Садыр Жапаровду 6-октябрда Достук мейманканасында премьер-министр кылып шайлоо мыйзамсыз болгону тууралуу видео кайрылуу менен чыккан.


Андан кийин камакта жаткан дагы бир саясатчы Жеңиш Молдокматов менен биргеликте “Жетим-Тоону коргоо кыймылын" жетектеп, президент Садыр Жапаров демилгелеген конституциялык реформага каршы болгон.


9-мартта Ак үйдүн астына Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өтүп, тынчтык митингин Кудайберген уулу башкарган.


15-мартта анын үйү жана ал мүчө болгон “Ханституцияга каршы” борборунда тинтүү жүргүзүлгөн.


Кудайберген уулу президент "Садыр Жапаровдун убактымды куугунтукка эмес, өнүгүүгө жана бүткүл кыргыздарды бириктирүүгө, чогултууга жумшашым керек", - деп Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүдөн кийин камалууда.




Тилекмат Кудайберген уулу былтыркы октябрь окуяларына чейин Садыр Жапаровдун активдүү тарапташтарынын бири болчу.


“Садыр Жапаров камалгандан бери аны колдоп келдим. Октябрь айындагы элдик толкундоолордон кийин дагы тарапташтарынын бири болуп, бийлигин бекемдегиче колдоо көрсөттүм. Бирок Жапаровдун жанына буга чейинки президенттерди жолдон адаштырып жүргөн адамдардын топтолуп алышы көз карашымды өзгөрттү. Ошондо эле Садыр Жапаров буга чейинки убадаларын унута баштаган”, - деген Тилекмат Кудайберген уулу буга чейинки маектеринде.


Активисттин атасы Кудайберген Куренов Vesti.kg маалымат агенттигине курган маегинде, уулу 2013-жылы Кумтөр кенин мамлекеттештирүүнү талап кылган митингдерге катышканын айткан. Ал акцияларды азыркы президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов уюштурган.


Президент Садыр Жапаровдун мурдагы дагы бир тарапташы, Орусияда жашаган активист Орозайым Нарматова Тилекмат Кудайберген уулунун камалышын "саясий куугунтук" деп баалады.




“Садыр Жапаров 2015-2016-жылдары Польшада саясий куугунтукта жүргөндө "бийликтин активисттерге, журналисттерге кысымы Атамбаевдин бийлигинин алсыздыгы" деп айткан эле. Жеңиш Молдокматов, Тилекмат Кудайберген уулу сыяктуу телчигип келаткан жаш оппозиционерлердин сын пикирине теригип жатса, бийликтин алсыздыгы деп эсептейм. Эгер Садыр Жапаров жакшы иштеп, экономикалык өсүш жасап жатса терикпейт эле. Мен жалпы замандаштарды чындыкты ачык айтууга, бийликтин опузасынан коркпоого чакырам”.


Май айынын башында бийликтин саясатын кескин сындап келген саясатчы Жеңиш Молдокматов камалган. Ага октябрь окуяларында башаламандык уюштурган деген айып коюлууда.


Буга чейин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кыргызстанда “саясий туткундар бар" деп айткан. Камчыбек Ташиев жетектеген атайын кызмат бул билдирүүнү кескин четке каккан эле.




Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев дагы саясий куугунтук жүрүп жатат дегенге кошулбайт.


“Президент өзүнүн убадасына туруп саясий куугунтуктоого убактысын короткон жок. Ал эми саясатта жүргөн адамдарга козголгон кылмыш иштерине укук коргоо органдары жана соттор жооптуу. Президент аларга көрсөтмө берилбей турганын ачык жана так айта алам”.


Тилекмат Кудайберген уулу күнөөлүү деп табылган “добуштарды сатып алуу” боюнча кылмыш иши былтыр октябрда өткөн парламенттик шайлоого байланыштуу экени белгилүү болду. Тилекмат Кудайберген уулу “Республика” партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан.


“Тилекмат Кудайберген уулу өткөн парламенттик шайлоодо “Республика” партиясы менен шайлоого катышкан. Тергөөчүлөр Кочкор районуна барып партиянын үгүтчүлөрүнөн Кудайберген уулу акча берген деп жаздырып алышыптыр. Бирок ал балдар партияда үгүтчү болуп иштегени тууралуу сотто көрсөтмө берди. Эми октябрь окуясына башкы себепкер “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик” деген партиялардан бир адам добуш сатып алуу боюнча жоопко тартылбай, Кудайберген уулунун соттолушу нонсенс да”, - дейт “Туран” партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу.


"Бийлик "саясий баатырды" өзү жаратат..."


Тилекмат Кудайберген уулу 11-июлда өткөн Бишкек шаардык кеңешине камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматов жетектеген “Туран” партиясын баштап барган. "Туран" партиясы ал шайлоодо 500гө жетпеген добуш алган.


Саясий ишмер Адил Турдукулов бийлик Фейсбуктан сын айткан активисттерди камоо менен аларды саясий баатырга айлантып, одоно ката кетирип жатканын билдирди.




“Мурдагы бийлик дагы кереги жок жерден баатыр кылып, оппозиция болбосо деле ошол деңгээлге көтөрүп, өздөрүнө теңме-тең оппонент катары өз колдору менен түзүп келген. Азыркы учурда дагы бийлик өз колу менен Молдокматовду, Кудайберген уулун жогорку оппозициялык деңгээлге көтөрүп жатат. Алар Фейсбуктун деңгээлинде гана билдирүүлөрдү таратып жүрүшкөн активисттер болчу”.


Кыргызстанда социалдык тармакка жазган пикири үчүн кылмыш иши козголгон бир канча учур бар. Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев буга чейин бийликти сындагандар тизмеге алынып жатканын билдирген.




 


Тилекмат Кудайберген уулу октябрь окуяларынан кийин камакта отурган саясатчы Жеңиш Молдокматов менен чогуу иш алып барган.


Жеңиш Молдокматов 2020-жылдагы октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып менен үстүбүздөгү жылдын май айында камалган. Кийин берене өзгөртүлүп, "октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган" деген кине коюлган.


Бирок айрым серепчилер анын камалышын чек арадагы акыркы окуяларга тууралуу бийликке айткан сынына байланыштырып келишет.


Молдокматов 5-августта 12 күндүк ачкачылыгын тарапташтарынын өтүнүчү менен токтоткон. Ошол күнү ал Бишкектеги Кардиология жана терапия борборунда медициналык кароодон өткөн.


19-августта ал ден соолугуна байланыштуу Бишкектеги №1 тергөө абагынан №47 колонияга которулганы белгилүү болду.




 




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

Новости Тувы



Глава Тувы Владислав Ховалыг

Частные объявления в Туране



Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Туран на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.