Тилекмат Кудайберген уулу камалды
0
112
Жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) бир жарым жылга камалды. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту 20-августта чыгарды. Чечимге ылайык, сот залынан камакка алынган активист өзүнө тагылган айыпты моюнуна албасын билдирди.
"Мени бир жарым жылга камашты. Акыйкат жакында орнойт".
Активисттин жакындары сот чечими менен макул эместигин, ага байланыштуу апелляциялык арыз менен жогорку инстанцияга кайрыларын билдиришти.
Тилекмет Кудайберген уулунун адвокаты Кантемир Турдалиевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, сот ага тагылган бир берене Жазык кодексинин 310-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") боюнча актаган чечим чыгарды. Ал эми 264-берене ("Массалык башаламандык") боюнча айыпталып, 1,5 жылга камалды.
Ал эми Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун кеңсеси Тилекмат Кудайберген уулу Жазык кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүмү 1-пункту, 192-беренесинин 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, жалпы 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылганын кабарлады. Маалыматка ылайык, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин ал №1 тергөө абагында кармалат.
Тилекмет Кудайберген уулу "Фейсбуктагы" баракчасындагы билдирүүсүндө "бийликти кулатууга чакырыктар бар" деген негиз менен 15-мартта Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. 26-апрелде Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.
Тилекмат Кудайберген уулу президент Садыр Жапаровдун саясатын сындап келет. Ал "Жетим-Тоону коргоо" кыймылын жетектеген, "Ханституцияга каршы" борборунда мүчө болгон. 11-июлда Бишкек шаардык кеңешине өткөн кайра шайлоодо "Туран" партиясын жетектеп чыккан. (ZKo)