Добавить новость
Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026
1 2 3 4 5 6 7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Октябрь ыңкылабы: активисттердин камалышы

0 169
Бийликти кескин сындап жүргөн саясатчы Жеңиш Молдокматов октябрь окуяларында атайын кызматтын имаратын басып алууга аракеттенген деп шек саналууда. Милиция аны 6-майда суракка чакырып, 48 саатка камакка алды. 


ИИМдин айыптоосу


Ички иштер министрлиги саясатчы Жеңиш Молдокматов октябрдагы окуяларга байланыштуу Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») боюнча буга чейин катталган кылмыш иштин алкагында кармалганын ырастады.


Мекеменин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев азырынча кылмыш ишинин чоо-жайы айтылбай турганын билдирди.



“Убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азыр эч нерсе айтылбайт”, - деди.



Бирок адвокат Кантемир Турдалиев Жеңиш Молдокматовдун эч кандай күнөөсү жок экенин айтууда. Анын билдирүүсүндө, саясатчы милициядагы сурак учурунда былтыр октябрь окуясында УКМКнын алдына эмнеге барганын минтип түшүндүрүп берген.



“6-октябрда саат болжол менен бештерде Ак үй алынып, топтошкондор УКМКга келишкен. Мен келгенде Жибек-Жолу көчөсү жактан УКМКнын дарбазасы талкаланып, ачык экен. КаМАЗдын үстүнө чыгып, бул жакка кирбегиле, ар кандай оор кылмыштарга шек саналгандар, террористтер бошонуп кетиши мүмкүн дедим. Бул жакта жашыруун материалдар жоголушу мүмкүн экенин эскерттим. Атамбаевди жана Жапаровду бошотууну гана талап кылдык”.




6-майда Жеңиш Молдокматов экинчи жолу милицияга суракка кирип бара жатып, октябрь окуясы боюнча президент Садыр Жапаров, атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев баш болгон ондогон азыркы аткаминерлер, саясатчылар дагы суракка алынышы керек экенин билдирген.




 


48 саатка камалгандан кийин саясатчы президентти сындаган кайрылуу таратты.



“Өлкөдө өтө оор кырдаал жаралып, адилеттүүлүктү, чындык эңсеген элдин үмүтү өчүп, сырттан душмандар кол салып, экономика эңшерилип турганда бийлик төбөлдөрү, өлкө башчысы Садыр Жапаров өз элине, жерине кас болду! Мени, октябрь окуясында Жапаровду чыгарган адамды УКМКнын имаратын басып алууга айыптап, камакка алууда. Айтарым, бул күндөр дагы өтөт. Чындык чыгат! Адилеттүүлүк орнойт!”, - деп жазган Молдокматов.






Учурда “Туран” партиясын жетектеп жаткан Молдокматовдун тарапташтары октябрь окуясындагы видеолорду жайгаштырып жатышат. Анда Молдокматов УКМКнын алдында “эч нерсеге тийбегиле, беш мүнөттө чыгарып беребиз деди” деп жатканын көрүүгө болот.




 




Жеңиш Молдокматов - Садыр Жапаровдун бийлигинин кескин сындаган саясатчылардын бири. Ал элдик толкундоолордон кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдын 4-октябрындагы шайлоодо “Замандаш” партиясын жетектеген.


Жети ай мурдагы октябрь окуяларынын башталышына жигердүү катышып, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун аракетин сындап келген.



Кийин «Ханституцияга каршы» кыймылын жетектеп, Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүүгө, оппозициянын камалышына, казино мыйзамына каршы экенин, сөз эркиндигине басым болуп жатканын айтып, айрыкча президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун саясатын тынбай сынга алганы белгилүү.


Ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычына барып, бийликти айыптаган видео кайрылууларды тараткан. Чек арадагы куралдуу жаңжалдан кийин атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетишин талап кылган.



Октябрь окуяларында активдүү катышкан, “Реформа” партиясынын жетекчиси Клара Сооронкулова Молдокматовдун камалышын саясий куугунтук катары сыпаттады.


Сооронкулова октябрь окуяларын шылтоолоп камакка алуу менен бийликке каршы сүйлөгөндөрдүн оозун басуу, аларга эскерүү аракети жүрүп жатат деп эсептейт.




“Коопсуздук имаратына барган адамдар көп болгон. Арасында Сыймык Жапыкеев, Алмамбет Шыкмаматов дагы болгон. Бул жерде тандалма куугунтук болуп жатат. Ошол окуяларга активдүү катышкандардын бири Максат Мамытканов өкмөттүн имараттын ээлеп алып, Садыр Жапаров келгиче отурбадыбы. Ал эми Молдакматов барып УКМКга жетекчи болом деген жок, болгону абактагылардын, анын ичинде Жапаровду чыгаруу талабы менен барганы видеодон көрүнүп турат”, - деди Сооронкулова.



15-мартта президент Садыр Жапаров "Азаттык" радиосуна курган маегинде Кыргызстанда саясатчыларга, журналисттерге жана активисттерге карата саясий куугунтук болбой турганын айткан. Азырынча президенттин аппараты жогорудагы айтылган дооматтарга жооп бере элек.



Парламенттин мурдагы депутаты Эсенгул Исаков айрым саясатчылардын "өлкөдө бийликке сын айткандарга карата басым болуп жатат" деген дооматтарына кошулбайт.



“Саясий куугунтукту көрө элекмин. Саясий куугунтукта жүргөндөр четинен бошоп жатат. Соттор эсине келип, куугунтукка алынгандардын баарын бошотсо жакшы болот эле. Ал эми Молдокматов жана башкалар жөнүндө ишти укук коргоо органдары ачык айткандан кийин пикир билдирсек болот”, - деди Исаков.




Буга чейин "Жетим-Тоо кенин коргоо" кыймылынын жетекчиси жана “Ханституцияга каршы” борборунун активдүү мүчөсү Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов)"Фейсбуктагы" баракчасындагы билдирүүсүндө "бийликти кулатууга чакырыктар бар" деген негизде "Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренеси («Массалык башаламандыктар») боюнча айыпталып, баш калаадагы №1 тергөө абагына камалган. Апрелдин аягында ал соттун чечими менен үй камагына чыкты. Активист өзүнүн камалышын бийликтин буйругу катары сыпаттап келет.



Ошондой эле Курсан Асанов 2020-жылдын 5-9-октябрындагы Бишкектеги жапырт башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, 10-октябрда эки айга камакка алынып, 4-ноябрда кайра үй камагына чыгарылган. 26-январда ал Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталып, кармалган.




2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган.


Башаламандык учурунда абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, азыркы президент Садыр Жапаров баштаган бир катар саясатчылар бошотулган.



Тоз-тополоңдо жүздөгөн адам түрдүү жараат алган. Алардын отузга жакынынын көзүнө ок тийген. Сегизи бир көзүнөн айрылганы айтылган. 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу катуу жараат алып каза болгон.






Башаламандыкта камактан чыккан айрым саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Бир нече киши жабыркаган жаңжал менен аяктаган окуяга байланыштуу милиция кылмыш ишин козгогон.



Учурда ИИМ октябрь окуяларына байланыштуу “массалык башаламандык уюштуруу” жана “имараттарды басып алуу” боюнча иштер тергелип жатканын маалымдады.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

Новости Тувы



Глава Тувы Владислав Ховалыг

Частные объявления в Туране



Загрузка...
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Туран на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.