Добавить новость
Апрель 2012
Май 2012
Июнь 2012
Июль 2012
Август 2012
Сентябрь 2012 Октябрь 2012
Ноябрь 2012
Декабрь 2012
Январь 2013
Февраль 2013
Март 2013
Апрель 2013
Май 2013
Июнь 2013
Июль 2013
Август 2013
Сентябрь 2013
Октябрь 2013
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015 Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015 Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016 Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016 Сентябрь 2016 Октябрь 2016 Ноябрь 2016 Декабрь 2016 Январь 2017 Февраль 2017 Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018 Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018 Ноябрь 2018 Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026 Июнь 2026 Июль 2026 Август 2026
1
2 3 4 5 6 7
8
9
10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Батыш орус бийлигинин зомбулугун айыптады

0 29
Эл аралык коомчулук 31-январда конституциялык укуктарын пайдаланып, тынч жана эркин нааразылык жыйындарына чыккан миңдеген орусияык жарандарга зомбулук көрсөткөн орус бийлигинин аракеттерин кескин сынга алууда.


31-январдагы Орусиянын көптөгөн шаарларындагы тынч жыйындардын катышуучуларына аёосуз мамиле жасаган расмий Кремлди чечкиндүү сынга алгандардын бири - Кошмо Штаттар болду.


АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусияда бийликке каршы митингдердин күч алышына өлкөдөгү ички көйгөйлөр түрткү болгонун айтып, Вашингтондун ага эч кандай тиешеси жоктугун белгиледи.


«Орус өкмөтү биздин тиешебиз бар деп эсептесе, бул чоң жаңылыштык. Кеп алардын өзүндө, өкмөтүндө. Кеп орус элинин коррупцияга, автократияга нааразылыгы жөнүндө жүрүп жатат. Сырттан бирөөнү издебей, ички маселелерди карашсын», - деди Блинкен «NBC News» телеканалына маегинде.




Мындан тышкары Блинкен оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын кармалышы, нааразылык акцияларын күч менен басуу аракеттери боюнча Вашингтондун тынчсыздануусун белгилеп, Жо Байдендин администрациясы Орусияга каршы кошумча санкцияларды кабыл алууну караштырып жатканын кошумчалады.


Буга чейин да ал «Навальныйдын үнү - бул көпчүлүктүн, көпчүлүк орусиялыктардын үнү, бул үндү өчүрбөй, аны угуу керек», - деа айткан.




Расмий Кремль мындай билдирүүлөрдү «өлкөнүн ички ишине орой кийлигишүү» катары баалап келет.


23-январда өткөн биринчи массалык нааразылык жыйындарынын алдында АКШнын Москвадагы элчилигинин сайтына наарызылык жүрүштөр жөнүндө маалымат жарыяланганын Орусиянын Тышкы иштер министрлиги катуу сынга алып, митингдер үчүн Батышты күнөөлөгөн.


Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 31-январда массалык жүрүштөргө чыккандарды «ээнбаштар менен чагымчылдар» деп атап, Вашингтондун билдирүүлөрүнө кескин жооп берди.


«АКШнын өкүлдөрүнүн биздин өлкө, анда өткөн мыйзамсыз митингдер тууралуу айткандары боюнча мен дагы кайталайм, бул иште биз Американын айтканын угууга даяр эмеспиз. Андай кыла албайт экенбиз», - деди Песков.




Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын кармалышын, орус бийлигинин тынч митингчилерге жана журналисттерге каршы колдонгон катаал тактикасын эл аралык укук коргоочу уюмдар менен бирге Европа Биримдиги да сындап келет.


Өткөн аптада Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Брюсселде жолугуп, Навальныйдан улам Москвага каршы жаңы санкцияларды салуу маселесин талкуулашкан.


Жекшембиде Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель акциялардын катышуучуларына каршы зомбулук менен журналисттерди камакка алуулар кайрадан кайталанганын өкүнүү менен баса белгилеген.


«Мен Орусияда жапырт камакка алуулар кайрадан бүгүн кайталанганын, демонстранттар менен журналисттерге каршы теңдешкис күч колдонулганын өкүнүү менен кабыл алам. Адамдардын куугунтуктан коркпой тынч жыйындарга катышуу укугун ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү болушу керек. Орусия өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарышы зарыл», - деп Боррель «Твиттерге» жазган.




Евробиримдиктин өкүлү бул жумада Москвада Навальный менен жолугушууга мүмкүндүк берүүнү талап кылууда. Оппозициячыл саясатчы бул кезде борбор шаардын «Матросская тишина» тергөө абагында кармалууда. 2-февралда Москва соту Федералдык Жаза аткаруу кызматынын доо арызы боюнча аны түрмөгө кесүү чарасын карайт.


Мындан тышкары Навальный Москвага кайтаар алдында ага каршы дагы бир кылмыш иши козголгон.




Навальныйды бошотууну талап кылгандардын 23-январдагы жапырт акцияларында Орусия боюнча төрт миңдей адам кармалса, 31-январда камакка алынгандардын саны беш миңден ашты. Бир нече ондогон орус шаарларында көчөгө чыккандарды күч түзүмдөрү буга чейин болуп көрбөгөндөй ур-токмокко алып, жаш балдар, улгайгандар менен катар окуяны чагылдырган журналисттер эч кандай суроо-сопкутсуз кармалышты.


«Журналисттер профсоюзу» бюросу менен «ОВД-Инфо» борбору соңку жүрүштөрдө 90дой журналист күч кызматтары тарабынан иш маалында кармалганын кабарлашты.


«Эл аралык мунапыс» (Amnesty International) уюму болсо «Кремль Орусияда адам укуктарына каршы согуш жарыялады», деп орус бийликтерин айыптады.




Ал эми Адам укуктары боюнча Европа соту Навальныйды ууландыруу ишин кароого алганын маалымдады.




Саясатчы былтыр августта Сибирдеги Томск шаарына ууландырылып, Берлинге ооруканага шашылыш жеткирилген. Германиялык адистер жана европалык бир нече лаборатория Навальный аскердик «Новичок» затына окшогон уу зат менен ууландырылганын аныкташкан.


Орусия Навальныйдын ыктымал ууландырылышы боюнча кылмыш ишин козгоодон жана муну териштирүүдөн баш тарткан.


Навальныйдын адвокаттары «саясатчынын Европанын Адам укуктары боюнча конвенциясында каралган жашоо укугу бузулган» деп эсептешет.




 


Жыл этегинде «Bellingcat» иликтөө тобу жана бир катар маалымат каражаттары саясатчыга кол салуунун артында орус атайын кызматы – ФКК турган деген тыянакка келишкен. Кремль бул дооматты четке кагууда.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Гигантскую тыкву весом 730 кг вырастил 12-летний овощевод из Сибири

Когда огонь рождается от молнии: почему тушить пожары в Томской области так сложно

Врио начальника томской вневедомственной охраны принял участие во Всероссийском совещании Росгвардии

Томск накроет магнитная буря: когда ждать пик и как себя обезопасить


Загрузка...
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Томск на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.