Добавить новость
Декабрь 2010
Январь 2011
Февраль 2011
Март 2011
Апрель 2011
Май 2011
Июнь 2011
Июль 2011
Август 2011
Сентябрь 2011
Октябрь 2011
Ноябрь 2011
Декабрь 2011
Январь 2012
Февраль 2012
Март 2012
Апрель 2012
Май 2012
Июнь 2012
Июль 2012
Август 2012
Сентябрь 2012
Октябрь 2012
Ноябрь 2012
Декабрь 2012
Январь 2013
Февраль 2013
Март 2013
Апрель 2013
Май 2013
Июнь 2013
Июль 2013
Август 2013
Сентябрь 2013
Октябрь 2013
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018 Ноябрь 2018 Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Поиск города

Ничего не найдено

Орусияда согушка каршы акцияга чыккандар кармалды

0 265
Орусиянын бир катар шаарларында Кремлдин Украинага кол салуусуна каршы көчөгө чыккан 1820 киши кармалды.


Орусиянын 58 шаарында cогушка каршы акцияларга карапайым эл, жаштар, жарандык активисттер жана укук коргоочулар катышты. Президент Путин анын планына тоскоол болгондор жазаланарын эскертти. Бул маалыматты Орусиядагы "ОВД-Инфо" укук коргоо долбоору билдирди.


Орусиянын Куралдуу күчтөрү 24-февралда таңга жуук Украинанын мамлекеттик чек арасын бузуп өтүп, бир нече багыттан ири масштабдагы чабуулду баштады.


Согушка каршы тынчтык акциялары

"ОВД-Инфо" укук коргоо долбоорунун маалыматы боюнча Орусиянын кошуна өлкөгө кол салуусуна карата Москвада, Санкт-Петербургда, Екатеринбургда, Саратовдо, Нижний Новгороддо жана Сыктывкар сыяктуу бир катар шаарларда адамдар көчөгө чыгып, согушка каршы жарандык акциялар башталды.


Чогулгандар "Согушка жол жок!", "Фашизм токто!" деген сыяктуу ураандар менен чыгышты.


Ошол эле күнү бир канча убакыт өтпөй, полиция менен ОМОН согушка каршы туруп, тынчтыкты талап кылып чыккандарды кармай баштады. Укук коргоочулардын айтымында, Москванын өзүндө эле 1002 адам кармалып, камакка алынганы белгилүү болду. Ал эми Санкт-Петербургда 440, Екатеринбургда 39, Саратовдо 28, Нижний Новгороддо 23 адам кармалган. Жалпысынан Орусиянын 58 шаарындагы согушка каршы көчө жүрүштөрүнө чыккан 1820 киши кармалганын "ОВД-Инфо" укук коргоо долбоору билдирди.




 


"Бул согушту актоого болбойт"

Орусиядагы ондогон көрүнүктүү инсандар – саясатчылар, искусствонун, маданияттын жана кинонун ишмерлери тынчтыкка чакырган кайрылууларды жасашууда.




"Бул согушту баштоого Украинанын эркиндигин жырткычтык менен жок кылуудан жана ага империялык бийликти кайрып келүүдөн башка негиз да, себеп да жок. Бул согуш - баскынчылык, варвардык жана оккупациялык согуш. Бул согушка эч бир актоо жок. Бул согуш көп адамдын өмүрүн алат. Өзөктүк согушка айланып, айланадагы тирүү жандын баарын кырышы мүмкүн. Бул согуш бүткүл дүйнө, анын ичинде Орусия үчүн дагы кайгы-касырет. Бул согуш ар бир үйгө келет. Бул согуш Орусияны талкалайт. Бул согушту баштагандарга каргыш. Согушту токтото албаган, Путинди токтото албаган орус коомунун атынан украин элинен кечирим сурайм. Бирок муну кечирүү мүмкүн эмес экенин түшүнөм. Мен орус жарандарын согушка каршы тынч жол менен зомбулуксуз жарандык каршылык көрсөтүүгө чакырам", - деди "Яблоко" партиясынын лидерлеринин бири Лев Шлосберг.




 


Орусиянын Тергөө комитети мурдараак "тышкы саясий кырдаалдын курчушуна байланыштуу" уруксат берилбеген иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жоопкерчилик караларын эскерткен. 24-февралга караган түнү Владимир Путин Донбасста "атайын аскердик операция" башталганын жарыялады. Бирок ошол замат орус аскерлери Украинанын беш аймагынан кирип кол салды.


Путиндин катаал эскертүүсү

Владимир Путин анын бул пландарына тоскоол жасагандарга катуу эскертүү жасады:




"Мен силерди дароо куралыңарды таштап, үйүңөргө кетүүгө чакырам. Азыр эми болуп жаткан окуяларга сырттан кийлигишүүгө азгырылгандарга айтаар бир нече маанилүү сөз. Кимде-ким бизге тоскоолдук кылса, ал тургай биздин өлкөгө, элге коркунуч жаратса, Орусиядан дароо жооп болорун жана бул нерсе силер тарыхта эч качан көрбөгөн кесепеттерге алып келерин билиши керек. Биз окуялардын ар кандай өнүгүшүнө даярбыз", - деди Путин.


Украинанын президенти Владимир Зеленский бүткүл өлкөдө аскердик абал жарыялап, жалпыга милдеттүү аскерге чакыруу башталды. Украина аба мейкиндигин жаап, Орусия менен бардык дипломатиялык мамилесин үздү.


Муратов: Украина бизге душман эмес

Орусиядагы "Новая газета" басылмасынын баш редактору, Нобел тынчтык сыйлыгынын ээси Дмитрий Муратов орусиялыктарга жана дүйнөлүк коомчулукка кайрылды:




"Биздин өлкө президент Путиндин буйругу менен Украинага согуш ачты. Согушту токтотор эч ким жок. Ошондуктан, кайгыруу менен кошо биз азыр уят болуп да турабыз. Башкы колбашчы азыр "өзөктүк кнопканы" кымбат машиненин брелогу сыяктуу колунда айлантып отурат. Эмне, кийинки кадам - бул өзөктүк залппы? Мен Путиндин өч алуу куралы тууралуу айтканын башкача чечмелей албадым. Бирок биз "Новая газетанын" бул санын эки тилде - украин жана орус тилдеринде чыгардык. Анткени биз Украинаны душман, украин тилин душмандын тили катары тааныбайбыз. Соңунда айтаарым, согушка каршы кыймыл гана бул планетадагы тынчтыкты сактап кала алат", - деди Муратов.


Орусиянын Украинага чабуулу 25-февралда да уланып, бир катар шаарларына абадан сокку урулуп, кырчылдашкан салгылаштар жүрүп жатканы кабарланууда. Украина кармаштын биринчи күнү 137 аскеринен ажырап, үч жүздөн ашуун жоокер жаракат алганын кабарлады.


Орусия болсо адам курмандыктары жана башка жоготуулары тууралуу маалымат тарата элек.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Доставленный из Иерусалима Роскосмосом Благодатный огонь прибудет в Барнаул

Попробовали и остались: большинство участников акции «Тест-драйв» в Коми выбрали «Ростелеком»

Крупный туроператор анонсировал летние пакетные туры с перелетом по России: от Сочи до Байкала

Благодатный огонь встретили в Ульяновске

Новости Сыктывкара



Глава Коми Владимир Уйба

Частные объявления в Сыктывкаре



Загрузка...
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Сыктывкар на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.