Бир суткада коронавирус 35 адамдан табылды, көбү ооруп жаткандар менен байланышкан (видео)
0
54
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 35 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 26-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын 25и - мурда ооругандар менен контакт болуп, жуктуруп алгандар, жетөө сырттан келгендер. Калган үчөө каерден жуктуруп алганы такталып жатат.
Ал эми аймак боюнча алганда, 35 бейтаптын 12си Бишкекте, сегизи Нарын облусунда. Чүй жана Ош облустарында төрттөн адам. Төртөө Орусиянын аскердик окуу жайларында окуган курсанттар, үчөө Соль-Илецк шаарынан кайтып келген эмгек мигранттары.
Кечээтен бери 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Жалпысынан 26-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1468 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1015 бейтап сакайып кетти.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. (RK)