Добавить новость
Июнь 2011
Июль 2011
Август 2011
Сентябрь 2011
Октябрь 2011
Ноябрь 2011
Декабрь 2011
Январь 2012
Февраль 2012
Март 2012
Апрель 2012
Май 2012
Июнь 2012
Июль 2012
Август 2012
Сентябрь 2012
Октябрь 2012
Ноябрь 2012
Декабрь 2012
Январь 2013
Февраль 2013
Март 2013
Апрель 2013
Май 2013
Июнь 2013
Июль 2013
Август 2013
Сентябрь 2013
Октябрь 2013
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014 Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015 Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015 Ноябрь 2015 Декабрь 2015 Январь 2016 Февраль 2016 Март 2016 Апрель 2016 Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016 Октябрь 2016 Ноябрь 2016 Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017 Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017 Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018 Июль 2018 Август 2018 Сентябрь 2018 Октябрь 2018 Ноябрь 2018 Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Кадр саясаты Самара Каримованын мисалында

0 98
Ырчы жана актриса Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын директорлук кызматынан баш тарткан арызын жарыялады. 


Буга эмгек жамаатынын аны бир жумадан ашуун кабыл албай, окуу жайында ага нааразылыктын күчөп кеткени себеп болду. Коомчулукта да аны кайра жетекчи кызматка дайындоодо мыйзамдык жана квалификациялык талаптар бузулганы белгиленди.


Самара Каримованын соттон утуп, бирок ал сот чечими күчүнө киргенге чейин министрлик ага каршы кийинки инстанцияга даттанбай эле, аны тез арада кызматка кайра дайындоо көп адамдар тарабынан кадр саясатынын калпыстыгы катары кабыл алынды. Буга байланыштуу маданият жана маалымат министри Нуржигит Кадырбеков маалымат бербегени да коомчулукта шек жаратты. Ал эми эки жыл мурдагы бул дайындоого кол койгон министрликтин статс-катчысы Бактыбек Секимов дооматты четке кагып, анын айыбы далилденсе жоопкерчилик тартууга даяр экенин айтты.


Сот чечиминин себеби ачыкка чыкты


Буга чейин Маданият жана маалымат министрлиги ырчы Самара Каримованы Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын директорлугуна кайра дайындоого Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими негиз болгонун жүйө келтирген. Анда арызды кабыл алуу мөөнөтү эбак өтүп кетсе да арыз соттук териштирүүгө кабыл алынганы суроо жараткан. Анткени Эмгек кодексине ылайык, жаран эки ай ичинде гана кызматынан алынганына каршы даттанып, сотко кайрылууга укугу бар.


Бирок Биринчи май райондук сотунун басма сөз катчысы Айзада Момунова ал сот чечими доогер менен жоопкер тараптын биргелешкен өтүнүчүнүн негизинде чыкканын билдирди:


«Кызматына калыбына келтирүүгө даттанган иштер автоматтык түрдө соттук териштирүүгө кабыл алынат. Анан ишти караган сот аны кароо мөөнөтү өтүп кеткени же кетпегени боюнча жараян маалында чечим кабыл алат. Самара Каримованын арызы каралып жатканда жоопкер тараптан «ишти мойнубузга алабыз» деген арыз келип түшкөн. Министрдин ишеним каты тиркелген. Аны жокко чыгаруу боюнча кат келген эмес. Анан сот тараптардын катышуусу менен жоопкердин доо арызды моюнга алышынын натыйжасында аны канааттандыруу тууралуу чечимге келген. Бул жерде Маданият министрилигинин өкүлү доогер тарап менен бирге доо арызды канааттандырып берүүнү суранган. Ошонун негизинде сот Самара Каримованын арызын канааттандырды».


2018-жылы ноябрь айында Самара Каримованы бул кызматка дайындоо тууралуу буйрук чыгып, бирок анда да нааразылык болуп, көп өтпөй эле аны бошотуу тууралуу буйрук чыккан.


Чечимди аткарууга шашкан министрлик


Жарандык активист Төлөгөн Келдибаев бул иште соттун арызды кароо тартиби гана эмес, аны аткаруу эрежеси да бузулганы мында жеке кызыкчылыктын бар экенин ырастайт деген оюн ортого салды:




«Биринчи Май райондук сотунун чечими чыгып, ал күчүнө киргенге чейин эле маданият министри аны аткарууга алып жатат. Мында министрлик соттун чечими менен макул эмес болсо, ошол эле учурда кийинки инстанцияларга чечимге каршы даттанышы керек болчу. Анан ал жактардан да утулуп калгандан кийин гана сот аткаруучу министрликке сот чечимин аткаруу барагын жиберет. Министр Нуржигит Кадырбеков ошондо гана соттун чечимин аткарып, аны кызматына кайра калыбына келтирүү тууралуу буйрук чыгарса туура болмок. Мыйзамдын тартиби ушундай. Бирок Нуржигит Кадырбеков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киришин күтпөстөн буйрук чыгарган».


Бул жагдай тууралуу маданият жана маалымат министри Нуржигит Кадырбеков менен байланышып, анын позициясын тактоо аракетибизден майнап чыкпады. Ал арада окуу жайынын эмгек жамааты министрликтин жетекчилигинин мамилесине нааразы болуп, каршылык акциясына чыкты. Окуу жайынын кыргыз улуттук аспаптар бөлүмүнүн мугалими Канжар Туташев мындай дейт:


«Биздин окуу жайыбызга карата министрлик тарабынан кайдыгер мамиле болуп, он күнгө чукул убакыттан бери ушундай абалда турабыз. Бирок окуу жараяны үзгүлтүккө учураган жок. Ал эми өзүн директормун деп жарыялаган Самара айым иш бөлмөсүн ээлеп эле отурат. Ага эч ким кирген деле жок. Ушул күнгө чейин бир да мугалим, бир да бөлүм башчы анын алдына басып барган жок. Биз министрликтен адамдардын келишин күтүп турабыз. Бирок ушунча күндөн бери бирөө-жарымы келип, «эмнеге нааразы болуп жатасыңар» деп көңүл буруп, биздин маселени чечип берүүгө ынтызар болбогонуна жан дүйнөбүз өрттөнүп жатат».


Такымда калган талаптар


Өкмөттүн токтому менен бекитилген маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин жетекчилик кызматтары үчүн квалификациялык талаптарда жогорку кесиптик билими, педагогикалык же жетекчилик кызмат орундардагы беш жылдык иш стажы болушу шарт экени көрсөтүлгөн.


Комуз күүлөрү боюнча  «Жаңы ыргак» жыйнагынын автору, маданияттын мыктысы жана  музыка чебери Кумаркан Эргешова кадр саясатындагы бул мыйзамсыздык чыгармачыл чөйрөнүн нааразылыгына себеп болгонун айтты:


«Бул жерде коомчулук ушунчалык ызылдап жаткандан кийин ал кайсы квалификациялык талаптардын негизинде атайын адистешкен музыкалык окуу жайынын жетекчи кызматына дайындалып жатканын алар бир сыйра карап коюшу керек болчу. Мурдагы да, анан эми азыр экинчи ирет дайындоо болгон учурда да. Эгерде маданият министри Нуржигит Кадырбеков компетенттүү министр болсо, анда соттун чечимин карап чыгып, буйрукка кол коюп жатканда анын мурда эмненин негизинде мурда кызматтан алынганына жана эмненин негизинде кайра дайындоо керек деген маселеге көңүл буруп, бул боюнча тиешелүү документтерге көз жүгүртүп койсо болот эле да? Анан бул иште министрликтин статс-катчысы Бактыбек Секимовдун аты бир нече жолу аталып жатат. Анткени 2018-жылы Самара Каримованы окуу жайына директор кылып дайындоо боюнча буйрукка ошол кездеги министрдин милдетин аткаруучу катары кол коюптур. Мүмкүн анын жеке кызыкчылыгы болуп жүрбөсүн? Болбосо квалификациялык талапка жооп бербеген адамды кантип «анын берген арызынын негизинде» деген шылтоо менен, билимине карабай туруп жетекчилик кызматка койду? Ал керек болсо нота тааныбайт».


Ырчынын окуу жайын реформалоо боюнча дымагы


Ырчы Самара Каримова өзү жарыялаган маалыматка ылайык, ал 2017-жылы Ош агрардык-экономикалык институтунун агроэномика факультетинин бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистигин аяктаган. Ошол эле жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунда юриспруденция багыты боюнча сырттан окууга тапшырып, 2020-жылы бүтүргөн. Ошондой эле ырчы 2019-жылдан азыркы күнгө чейин Жалал-Абаддын маданият техникумунда «Режиссура» адистиги боюнча сырттан билим алууда.


Ырчы Самара Каримова кызматтан кетүү тууралуу арызын жазганга чейин ал бул орунга мыйзамдуу келгенин билдирген болчу:




«Андай арыз берүү мөөнөтү тууралуу билбейт экенмин. Бирок юридикалык билими бар мыкты адистер муну карап чыгып, анан ошондон кийин өтсө керек. Анан бул жакта отуруп алып эле «антип коюптур, мынтип коюптур» деген ушактар болушу мүмкүн. Бирок бардыгы мыйзамдын чегинде болгон. Ал мыйзамдуу буйрукту азыр иштеп жаткан маданият министри Нуржигит Кадырбеков соттун чечиминин негизинде чыгарды. Мен буга чейин бардык жумушка жетишип келгем. Эми деле жетише берем. Андыктан мага убакыт бериңиздер. Иштеп көрөлү. Мен бардыгын карап, бул жакта көптөгөн реформаларды кылам деп жатам».


Эмгек жамааты да Самара Каримованын талапкерлигинин жогорудагы талаптарга дал келбей турганы боюнча маселе көтөргөн.


«Каримованын аты дүрбөлөң түшүрдү»


Анткен менен Маданият жана маалымат министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов 2018-жылы Самара Каримованы бул окуу жайынын жетекчи кызматына дайындаган учурда андай талаптар бекитиле элек болгонун айтты. Бирок чынында эле ал талаптар өкмөттүн 2020-жылы 29-майда чыккан токтому менен бекитилген. Ага чейин кандай талаптар болгону белгисиз. 


Ошол эле кезде Бактыбек Секимов эгерде Самара Каримовадан башка бирөө бул кызматка келсе, аны дайындоо эч кимге байкалбай деле калмак деп эсептейт.




«Эгерде бул иште менин күнөөм болсо, анда мен жоопкерчилик тартууга даярмын, - деди ал. - Азыр бул боюнча териштирүү жүрүп жатат. Ошол маалда биздин ага чейин бекитилген квалификациялык талаптарыбызда андай чектөөлөр жок болчу. Аны мен алты айлык сыноо мөөнөтү менен эки жылга дайындаган болчумун. Анан ал 2-3 күндөн кийин эле кайра бошотулган. Бул жолу аны кызматка калыбына келтирүү боюнча соттун чечими министрликке келгенде мен сыркоолоп, жумушта эмес болчумун. Анан жетекчиликте «эми соттун чечимин аткарабыз да, анан эмне кылабыз» деген сөз болгон. Эгерде Самара Каримованын ордунда башка киши болсо, аны эч ким деле билбей, укпай эле калмак. Бир чет популярдуулугунан уламбы, анын артынан эле сая түшүп, карап жатышпайбы».


Коомчулукта кадр саясатындагы мүчүлүштүктөр, анын айынан өлкөдөгү өз ишин билген кесипкөй адистер жетекчи кызматтарга келбей жатканы тууралуу көптөн бери эле сөз болуп келатат. Жакында президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Садыр Жапаров мындай көрүнүштөр бар экенин моюнга алып, жаңы бийликтин тушунда жетекчи кадрлар конкурстук негизде гана кызматка алынарын айтканы бар. 




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Тамбовская телебашня включит праздничную подсветку в День радио

В Екатеринбурге прошел фестиваль патриотической постановки «Классика Победы. Время Героев»

Ивент-маркетинг 2025-2026: 5 реальных кейсов, которые принесли миллионы и вывели бренды в топ

Участники брянской студии «Аллегро» стали лауреатами I степени фестиваля-конкурса в Пятигорске


Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Самара на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.