Добавить новость
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018 Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018
Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026 Июнь 2026 Июль 2026 Август 2026 Сентябрь 2026
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Поиск города

Ничего не найдено

"Салык азайбаса, күйүүчү май дагы кымбаттайт"

0 128
Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы “өлкөдө күйүүчү майлардын наркы дагы өсүшү мүмкүн” деген билдирүү жасап, бааны туруктуу кармоо үчүн өкмөттөн жеңилдиктерди сурады.


Буга дүйнөдө мунайдын баасынын өсүшү жана эл аралык рыноктогу тартыштыктар себеп болушу ыктымал. Бензин менен дизель Кыргызстанда ансыз кымбаттаган.


ОПЕК уюмунун саясаты 

5-октябрдагы басма сөз жыйынында Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов алгач мунай рыногундагы жалпы жагдайга түшүндүрмө берди.


Ал Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму – ОПЕК жана ОПЕК+ (Organization of Petroleum Exporting Сountries) бирикмелеринин жүрүшүнөн кеп салды. Бул топторго жалпы 20дан ашык мамлекет кирет жана дүйнөдөгү мунай өндүрүшүнүн басымдуу бөлүгүн камсыз кылат. Натыйжада, бааларды да ушул уюмдар аныктайт.




“2020-жыл экономикадагы аномалдуу жыл болгонун баарыбыз билебиз. Былтыр бардык өлкөлөрдө киргизилген карантиндерден улам экономика токтоп, мунайга болгон баа кескин түшүп кеткен. Мунай өндүргөн өлкөлөр андан чоң зыян тартышты жана мунайзаттарды өндүрүүнү максималдуу түрдө кыскартууга мажбур болушту. Натыйжада ОПЕК+ өлкөлөрү 2021-жылы мунайды анча шашпаган абалда өндүрүп жатышат. Иш жүзүндө алар дүйнөдө мунайдын тартыштыгын пайда кылып, ошонун негизинде бааны көтөрүшүүдө. Демек, былтыртан бери мунайдын баасы эки эсеге кымбаттады. Анын бир баррели 40 доллардан 80 долларга чейин чыкты. Ага байланыштуу мунайзаттарынын баасы да өсүп жатат. Күйүүчү-майлоочу майдын импортунан көз каранды өлкө катары Кыргызстан дагы дүйнөлүк тенденциядан кутула албайт”,-деди Канат Эшатов.


ОПЕК уюмунун негизги курамы 13 өлкөдөн турат. Алар Алжир, Ангола, Венесуэла, Габон, Ирак, Иран, Конго, Кувейт, Ливия, Бириккен Араб Эмираттары, Нигерия, Сауд Арабия жана Экватордук Гвинея.


Бул уюмдун саясатына толук макул болбогон башка мунай өндүрүүчү өлкөлөр дагы бир топ түзүшкөн. Аларга Азербайжан, Бахрейн, Бруней, Казакстан, Малайзия, Мексика, Оман, Орусия, Судан жана Түштүк Судан кирет. ОПЕК уюмуна бул өлкөлөрдүн кошулган альянсы ОПЕК+ деп аталат.


Кыргызстан мунайзаттарын аталган өлкөлөрдүн ичинен негизинен Орусиядан алат. Дээрлик 95% күйүүчү-майлоочу майлар ушул мамлекеттен алып келинет. Ошондон улам ОПЕК+ уюмунда кырдаал Орусияга таасир этсе, ал өлкөдөгү жагдай Кыргызстандагы абалды ары-бери калчап турат.


Маселен, кыргызстандык компаниялар Орусиядагы заводдордон былтыр ушул маалда бензиндин тоннасын 300 доллардан алып турушса, азыр аны 700 доллардан ашык каражатка сатып алышууда. Ал эми дизел отуну мурда 350-360 доллар болсо, азыр 600 доллардан ашкан.


Бизде баалар мына ушул себептүү өскөнү түшүнүктүү. Бирок кыргыз нефтетрейдерлер жагдайды ынсаптуу пайдаланганына ишендиргиси келет:




“Биздин нефтедрейдерлер бул жагдайды түшүнүү менен кабыл алып, баалардын жогорулоосун токтотуу үчүн бир катар чараларды көрүп жатат. Биринчи кезекте өз чыгымдарыбызды кыскарттык. Натыйжада компаниялардын кирешелүүлүгү бул жылы 1%дан ашкан жок. Мындан мамлекеттик органдар деле кабардар. Биз Орусиядан алып жаткан бензиндин баасы жыл башынан бери 130%га жогорулады. Бирок бекеттердеги чекене баадагы бензиндин наркы 59%га гана көтөрүлдү. Дизел отуну Орусиядагы дүң баасы 70% жогорулады, а биздеги чекене баа 40% гана өстү. Иш жүзүндө биз коңшуларга салыштырмалуу бааны арзан кармап жатабыз. Тажикстанда бизден 20 сомго кымбат, Арменияда, Беларуста, Молдовада, Украинада бизге караганда баалар 30 сомго жогору. Бир гана Казакстанда бизге салыштырмалуу баалар төмөнүрөөк. Себеби, биринчиден алардын өздөрүндө мунай өндүрүлөт, экинчиден мамлекет бензинди арзан кармоо үчүн керек болсо мунайдын өз наркынан да арзан кылып сатыкка чыгарууга көмөктөшүп турат”,-деди Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов.


Уюмдун жетекчиси маалымдагандай, Казакстанда жана Өзбекстанда күйүүчү-майлоочу майлардын дефицити пайда болуп жатат. Ал сентябрдын башында Ташкенттеги май куюучу жайлардын көбүндө бензин менен дизел отундарынын жетишсиздиги байкалганын белгилейт.


Коңшуларга салыштырмалуу Кыргызстанда кеминде эки-үч айлык запас бар экени маалымдалды.


Баалар дагы жогорулайт

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2020-жылдын октябрь айында Аи-95-маркадагы бензин 36-37 сом болсо, 2021-жылдын октябрь айында 56 сомдон 62 сомго чейин жетүүдө.




Ал эми Аи-92-маркадагы бензин былтыр ушул маалда орточо 33 сомдун терегинде сатылып турса, азыр анын наркы 55-60 сом болуп жатат.


Өткөн жылы октябрда дизель майы 32-33 сомдон болсо, ушул күндөрү анын наркы 50 сомдон 54 сомго чейин чыкты.


Бишкекте атаандаштык көбүрөөк болгону үчүн баалар салыштырмалуу бир аз арзаныраак. Бирок аймактарда жолдор алыстаган сайын баа өсө баштайт.


Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов нарк мындан ары да көтөрүлүшү ыктымал экенин коңгуроо кагууда. Октябрдын ортосуна чейин эле бензиндин наркы 1,5 сомго, дизелдики 1 сомго чейин өсүшү мүмкүн.


Эшатов мунун себептерин белгилеп, анын алдын алуу үчүн өкмөттөн жардам керек болорун айтты. 


“Биринчиден, мунайдын баасы дагы эле жогорулап баратат. Эл аралык эксперттер анын баасы 100 долларга чейин өсөт деп божомолдоп жатышат. Мындан тышкары абалды оорлоткон дагы бир нече жагдай бар. Биринчиден, Орусиядагы Орто Азияга багытталган эки ири Омск жана Орск мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун иши оңдоо жумуштарына байланыштуу токтоп калды. Иш жүзүндө биздеги компаниялар башка компаниялар оойт жана аларда баалар дагы көтөрүлүшү мүмкүн. Экинчиден, Казакстан Орусиядан айына кеминде 150 миң тонна дизелдик майын сатып алганы жатат. Бул дагы тиешелүү рынокто тартыштык жаратат. Ушунун баары орусиялык заводдордогу чыккан бааны жогорулатат. Алар көтөрүшсө биздин нефтедрейдерлер да чекене бааны көтөрүүгө аргасыз болушат. Ошол себептүү биз өкмөткө сунуш берип, акциздик салыктын ченин убактылуу төмөндөтүүнү жана дизелдик отунду импорттоону кошумча нарк салыгынан бошотууну суранып жатабыз”.




Күйүүчү жана майлоочу май ташып келген компаниялардын бирикмеси эгерде бул чаралар кабыл алынса, ал бензиндин чекене баасын 3 сом 70 тыйынга, дизелдин чекене баасын 4 сом 8 тыйынга чейин төмөндөтүүгө шарт түзөрүн маалымдоодо.


Арийне, Кыргызстанда учурда акциздик салык бензиндин бир тоннасына 10 миң сомго чейин, дизелдин бир тоннасына 2 миң сомго чейин коюлган. Мыйзамга ылайык, өкмөт аны нөлдөн ушул суммага чейин өйдө-төмөн кылып турууга укуктуу.


Азыркы шартка байланыштуу күйүүчү-майлоочу майлардын акциздик салыгын жана кошумча нарк салыгын албай турууга мүмкүнбү? Бул боюнча суроого жооп алуу үчүн Экономика жана финансы министрлигине кайрылып көрдүк. Бирок министрдин салык маселелери боюнча орун басары Бекболот Алиевге чалып, комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок.


Министрликтин басма сөз катчысы Махабат Маматова ага таянып, бул маселе азыр кароодо жок экенин айтты:


“Акциздик салык жана кошумча нарк салыгы боюнча Алиевге кирип чыктым. Ал бул маселе азырынча талкуулана электигин билдирди. Кыскача айтканда, аталган тема күн тартибинде жок”.


Бирок адистер тиешелүү товарларга болгон акциздик салыктарынан жана кошумча нарк салыктарынан түшкөн киреше Кыргызстандын бюджетинде ролу чоң экенин белгилеп, өкмөт андан баш тарта албайт деп эсептешет. Демек, күйүүчү-майлоочу майдын баасын кармоодогу негизги рычаг иштебейт десек болчудай.


Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов ушул темада үн кошту:




“Кошумча нарк салыгы менен менен акциздик салыкты алып турса жакшы болмок. Бирок андай болбойт. Себеби, өндүрүшкө жана импортко болгон кошумча нарк салыгы менен менен акциздик салык Кыргызстандын республикалык бюджетинин кирешесинин 13% түзөт. Өкмөт ошого карап иш кылат да. Ассоциация муну сунуштап жатат, бирок бийлик бул кадамга бара албайт го деп ойлойм”.


Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясына жалпы он чакты компания мүчө. Алардын ичинде "Газпромнефт-Азия", "Бишкек петрелеум", "Роснефть", “Партнёр Нефть” сыяктуу компаниялар негизги импортерлор болуп саналат. Өлкөдө ассоциацияга кирбеген ушул багыттагы дагы бир нече ишкана өз алдынча иш алып барат.


Өлкөдө күйүүчү майга болгон жылдык керектөө 1 млн. 300 миң тоннадан 1 млн. 500 миң тоннага чейин жетет. Быйылкы эсептер жылдын жыйынтыгында аныкталат.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также


Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Орск на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.