Добавить новость
Февраль 2010 Март 2010 Апрель 2010
Май 2010
Июнь 2010 Июль 2010 Август 2010
Сентябрь 2010
Октябрь 2010
Ноябрь 2010 Декабрь 2010
Январь 2011
Февраль 2011 Март 2011 Апрель 2011 Май 2011 Июнь 2011
Июль 2011
Август 2011 Сентябрь 2011 Октябрь 2011 Ноябрь 2011 Декабрь 2011 Январь 2012 Февраль 2012 Март 2012 Апрель 2012 Май 2012 Июнь 2012 Июль 2012 Август 2012 Сентябрь 2012 Октябрь 2012 Ноябрь 2012 Декабрь 2012 Январь 2013 Февраль 2013 Март 2013 Апрель 2013 Май 2013 Июнь 2013 Июль 2013 Август 2013 Сентябрь 2013 Октябрь 2013 Ноябрь 2013 Декабрь 2013 Январь 2014 Февраль 2014 Март 2014 Апрель 2014 Май 2014 Июнь 2014 Июль 2014 Август 2014 Сентябрь 2014 Октябрь 2014 Ноябрь 2014 Декабрь 2014 Январь 2015 Февраль 2015 Март 2015 Апрель 2015 Май 2015 Июнь 2015 Июль 2015 Август 2015 Сентябрь 2015 Октябрь 2015 Ноябрь 2015 Декабрь 2015 Январь 2016 Февраль 2016 Март 2016 Апрель 2016 Май 2016 Июнь 2016 Июль 2016 Август 2016 Сентябрь 2016 Октябрь 2016 Ноябрь 2016 Декабрь 2016 Январь 2017 Февраль 2017 Март 2017 Апрель 2017 Май 2017 Июнь 2017 Июль 2017 Август 2017 Сентябрь 2017 Октябрь 2017 Ноябрь 2017 Декабрь 2017 Январь 2018 Февраль 2018 Март 2018 Апрель 2018 Май 2018 Июнь 2018 Июль 2018 Август 2018 Сентябрь 2018 Октябрь 2018 Ноябрь 2018 Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Орус бийлиги: Демонстранттар тополоңчулар катары жазаланышы мүмкүн

0 127
Орусия полициясы жана Башкы прокуратура жекшембиде, 31-январда, убактылуу абактагы А.Навальныйды колдоп көчөгө чыкпагыла деп калайыкты эскертти. Бир нече ондогон шаарларда нааразылык жыйындары уюштурулаары күтүлүүдө.



Жыйын алдындагы эскертүү


Орусиянын полициясы абакта кармалып жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдоо иретинде 31-январда өлкөнүн ар кыл шаарларында нааразылык жыйындарга чыгууга беленденгендерге “көчөгө чыкпагыла” деп алдын-ала эскертти.




Орусия бийликтери жекшембиде боло турган нааразылык чаралары мыйзамсыз аракетке жатаарын баса белгиледи.


Орусиянын Башкы прокуратурасынын 29-январдагы билдирүүсүндө нааразылык жыйындарга катышкандардын иш-аракети тополоңго катышуу катары карала тургандыгы мындайча айтылат:


“Эгерде коомдук иш-чаралар маалында чагым жана зомбулук иш-аракет далаалаттары катталса, анда буга барган кишилердин иш-аракеттери Орусиянын Кылмыш кодексинин 212-беренеси аркылуу мүнөздөлүшү мүмкүн”.


Башкы прокуратура, ошондой эле, “Роскомнадзор” мекемесинен нааразылык чараларына чакырык камтылган интернет барактарга бөгөт коюуну талап кылды.




Москва шаарында калайык кыймылына чектөө киргизилмекчи жана шаар ортосунда бир нече метро бекети жабылмакчы. Нааразылык чаралары болушу ыктымал аймактарга жакын иш чөйрөлөрү, ресторандар жана кафелер да жабылат. Бул тууралуу Москва шаардык полициясы кабардады.


А.Навальныйдын тарапташтары коркутууларга карабастан, өлкө боюнча нааразылык жыйындарга чыгууга калайыкты чакырууда. 


Нааразылык чараларынын бири Федералдык коопсуздук кызматынын (мурдагы КГБнын) баш кеңсеси жайгашкан Лубянка аянтында жана президенттик администрация кеңселери жайгашкан “Старая площадь” аянтында өткөрүлө тургандыгы да күтүлүп жаткан.


30-январда Орусиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Ирина Волк нааразылык жыйындарынан баш тартуунун жүйөөлөрүнүн бири катары коронавирус алааматынын жайылышына бөгөт коюу зарылчылыгын атап өттү.

Бул илдетти жайылтууга каршы чараларга каршылык көрсөткөндөр кылмыш жообуна тартылат, деди Волк айым.




Жакынкы күндөрү Алексей Навальныйдын бир тууганы Олег, укук адиси Любовь Соболь жана башка шериктери убактылуу үй түрмөгө кармалды. 30-январда “Медиазона” интернет басылмасынын редактору Сергей Смирнов кармалып, бир нече сааттан кийин бошотулду.


Өлкөнүн башка шаарларында дагы айрым оппозициячыл саясатчылар убактылуу кармалганы маалымдалууда.


Айтмакчы, Москванын чордонундагы “Большой” жана “Малый” театрлары 31-январга белгиленген оюндарын өз маалында өткөрөөрү тууралуу кабардалды. Алар өз көрүүчүлөрүн эртерээк театр имаратына жетип алууга чакырышты.






Навальный жана нааразылык аракеттер



Орусиянын ар кыл аймактарында 23-январдагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды бошотууну жана жемкорлукка каршы күрөштү талап кылган нааразылык жыйындары – акыркы жылдардагы эң ири толкундоо болуп калды.

Анын жүрүшүндө полиция демонстранттарга карата күч колдонуп, 4000ге жакын киши кармалган. Орус бийлиги "бул жыйындар уруксатсыз өткөнү үчүн тартип бузгандар кармалды", деп билдирген.






44 жаштагы Алексей Навальный – Орусиянын бийлигине ачык каршы чыккан саясатчылардын бири. Ал былтыр август айында Сибирдеги Томск шаарында ууландырылып, ал түшкөн жүргүнчү учак Омск шаарына чукул кондурулган. Ал комада калган. Эс-учу жок жаткан саясатчыны Омск шаарынан түз эле Берлинге учак менен жеткиришкен. Ал Германиядагы ооруканалардын биринде дарыланган жана ал Томск шаарында «Новичок» деген уулуу зат менен ууландырылганы ачыкка чыккан.




Навальный жана бир нече маалымат каражаттары кийинчерээк иликтөө жүргүзүп, аны ууландыруу боюнча тымызын амалды Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү уюштургандыгы ашкереленген. Бирок Кремль бул доону алигиче четке кагып келет.



Ден соолугу калыбына келген соң Алексей Навальный 17-январда Германиядан Москвага келээри менен “Шереметьево” аба майданында полиция тарабынан кармалып, 30 күнгө камакка алынды.






Навальныйдын камакка алынышын бир катар демократиялуу өлкөлөр кескин сынга алып, Кремлди аны тез арада эркиндикке чыгарууга чакырып келишет.


Бир катар Батыш өлкөлөрү Навальныйдын ишинен улам Орусияга карата чектөөлөр күчөтүлүшү ыктымалдыгын эскертишкен.




Орусиянын президенти Владимир Путиндин эски досу, ишкер Аркадий Ротенберг «Mash» аттуу телеграм-каналга маек куруп, өзү Орусиянын түштүгүндөгү Геленжик шаарына жакын токой арасындагы «хан сарайдын» кожоюну экендигин айтты.


Дал ушул ак сарай оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жетектеген Жемкорлукка каршы күрөш фондунун атайын иликтөөсүнүн мерчеми болгон.

Ротенбергдин айтымында, ал сөз кылынган ак сарайдын «пайдасын көрүүчү» болуп саналат.



Навальныйдын тобу даярдаган жана 19-январда жарыялаган даректүү тасмада бул «хан сарай» Владимир Путинге таандык деп айтылган. Жалаң гана "хан сарайдын" баасы 100 миллиард рублдей (1,35 миллиард АКШ долларындай) акчага татыйт. Бул аксарай жайгашкан чакан аймактын үстүнөн учууга уруксат жок, кишилерге өтө катаал тартипте гана ал жакка кирүүгө мүмкүн.


Тасманы алгачкы күндөрү эле 100 миллиондой киши көргөнү айтылат.




Путин өзү болсо бул «хан сарайдын» кожоюндары – жеке менчик компаниялар деп билдирген.


Айрым адистер А.Навальныйдын кармалышы коомчулук үчүн “дүрмөт” болгону менен, өлкөдө ансыз да тереңдеген социалдык теңсиздикке жана улам күчөгөн жемкорлукка каршы коомдук чыңалуу байкалып келгенин, ошондуктан улам жаңы катмарлар нааразылык жыйындарга чыгууга бел байлап жаткандыгын баса белгилешет.

 




Все города России от А до Я

Загрузка...

Москва на Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Силы ПВО сбили за ночь 348 беспилотников над российскими регионами, сообщило Минобороны

Холдинг «РЕСЕТ Медицина» запускает услугу забора анализов на дому: точная диагностика без лишних шагов

МЧС РФ: в Адыгее объявлена беспилотная опасность

Ограничения на прием и выпуск самолетов сняты в аэропорту Нижнего Новгорода

Новости Москвы



Мэр Москвы Сергей Собянин

Частные объявления в Москве



Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Москва на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.