Добавить новость
Февраль 2010 Март 2010 Апрель 2010
Май 2010
Июнь 2010 Июль 2010 Август 2010
Сентябрь 2010
Октябрь 2010
Ноябрь 2010 Декабрь 2010
Январь 2011
Февраль 2011 Март 2011 Апрель 2011 Май 2011 Июнь 2011
Июль 2011
Август 2011 Сентябрь 2011 Октябрь 2011 Ноябрь 2011 Декабрь 2011 Январь 2012 Февраль 2012 Март 2012 Апрель 2012 Май 2012 Июнь 2012 Июль 2012 Август 2012 Сентябрь 2012 Октябрь 2012 Ноябрь 2012 Декабрь 2012 Январь 2013 Февраль 2013 Март 2013 Апрель 2013 Май 2013 Июнь 2013 Июль 2013 Август 2013 Сентябрь 2013 Октябрь 2013 Ноябрь 2013 Декабрь 2013 Январь 2014 Февраль 2014 Март 2014 Апрель 2014 Май 2014 Июнь 2014 Июль 2014 Август 2014 Сентябрь 2014 Октябрь 2014 Ноябрь 2014 Декабрь 2014 Январь 2015 Февраль 2015 Март 2015 Апрель 2015 Май 2015 Июнь 2015 Июль 2015 Август 2015 Сентябрь 2015 Октябрь 2015 Ноябрь 2015 Декабрь 2015 Январь 2016 Февраль 2016 Март 2016 Апрель 2016 Май 2016 Июнь 2016 Июль 2016 Август 2016 Сентябрь 2016 Октябрь 2016 Ноябрь 2016 Декабрь 2016 Январь 2017 Февраль 2017 Март 2017 Апрель 2017 Май 2017 Июнь 2017 Июль 2017 Август 2017 Сентябрь 2017 Октябрь 2017 Ноябрь 2017 Декабрь 2017 Январь 2018 Февраль 2018 Март 2018 Апрель 2018 Май 2018 Июнь 2018 Июль 2018 Август 2018 Сентябрь 2018 Октябрь 2018 Ноябрь 2018 Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Поиск города

Ничего не найдено

Кассага качып кирип аман калгам

0 75
"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялаган. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бүгүн, 25-августта соңуна чыккан бул сынакка окурмандар блог жазып, сүрөттөрдү жиберишти. Алар менен бул жерден толук таанышсаңыз болот.


Төмөндө Сурат Жылкычиевдин жиберген эскерүүсүн сунуштайбыз.


1991-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун композитордук бөлүмүн аяктадым. “Бишкек педагогикалык колледжде сабак берүү менен ара-чолодо музыка жазып турам” деген таттуу кыялым бар эле. Ошо жылы СССР улуу державасы бир заматта урап, 15 Союздук республика эгемендик алышты. СССРдин урашы менен Кыргыз композиторлор союзу Москва шаарынын каржы булагынан айрылды. Аны менен бирге менин кыялым да арабөк калды.


Студент кезимде Шабданбай Абдырамановдун кол жазмаларына таандык “Жар-жар-ай” жана “Толубай сынчы” аттуу чыгармаларына бирөөсүнө оперетта, бирөөсүнө опера музыкасын жазып кап ортолоп калган болчумун. Андан сырткары, “Комуз күү баяны” аттуу оркестрдин 157 аткаруучусунан турган эки бөлүктүү симфониялык поэмамды аяктагам. Мына ушуларга биздин композиторлор союзу калем акы төлөп бере турган шайманы жок учурга такалганбыз.


“Базар экономикасы” делип, кимди-ким билди, Быржыбайды там басты болуп, завод-фабрика, өндүрүш, айыл чарба деги койчу, чет-четинен ыдырап, таланып-тонолуп, анча-мынча акчасы барлар коммерция менен алектене баштады. Жардылык бардык элди каптап кирди. Мугалимдик жарыбаган айлыгым, кыргыз сомуна которгондо 20дан (жыйырма сом) ашпай биздин үй-бүлөнү багууга караандаган жок. 1993-жылы кышында бутума кадимки солдат өтүгүн студенттериме билгизбей, шымдын багелегин сыртына чыгарып алып кийип чыкканымды билем.


Көмүрканабыздын бурчунда эски кожоюндан калган бош бөтөлкөлөрдү атайын конок келген учурга калтырып, аны да мейманга билгизбей дүкөнгө өткөрүп нан-пан апкелип чай берчүбүз. Эгемендик алган алгачкы жылдары элибиз абдан кыйналды. Анын кесепети мага да катуу тийди. 1995-жылы жай мезгили келинчегимди эки балам (үч жана бир жаш) менен эжекесиникине жиберип, өзүм шаарда башка, айлыгы көбүрөөк жумуш издегени калдым. Антпесем такыр эле “итке минип”, ага-туугандардын, жоро-жолдоштордун катарынан чыгып, өлүү болуп көрдө жок, тирүү болуп жерде жок күндү башыман өткөрө баштадым.


Моюнга алыш керек, эки айдын ичинде (июнь-июль) чайкоочулук же алыпсатарлык ишти аркалай албай койдум. Эч ким мага подреал (товарды сатып бүткөндө акчасын берүү) товар бербей койду жана эч ким мага бир айга карыз акча бербей койду. Эртең менен таң эрте бир чыны чай ичип, көчөгө чыгып кетем. Иңир киргенде үйгө келем. Анда да бир чыны чай менен кайта жатам. Көтөрүм болуп, салмагым 65 килограммдан 54кө чейин түштү.


Бир күнү кечинде үйгө келсем жеңем, “Сага Бакыт деген бала чалды. Звонок кылып койсун деп номурун калтырды” деди. Телефон чалдым, Бакыт Чытырбаев экен. Банк ачканын айтып, эгер убактым болсо бир келип кетүүмдү суранды. Эртеси тура калып эле айткан дареги боюнча жөнөдүм. Бишкектин Скрябин көчөсүнө жайгашыптыр. Оңой эле таап алып, айткан банкына барсам Бакыт мени тосуп алды. Амандашып учурашып, мал-жанды, кай жерде иштеп атканымды сурап, эмгек өргүүдө жүргөнүмдөн пайдаланып, ал күнү а жерде кечке болдум. Акча алмаштыруу жайын “Банк” дептир.


Саман-топон акчаны көрүп тимеле көзүмөн учту. Кыргыз сому, орус рубли, казак тенгеси, өзбек суму, америка доллары. Кийинки күнү кайра келдим. Бакыттан сентябрь айына жумушка киргенче карызга 10 миң сом сурап, кумшекер алып сатып, биртике болсо да акча таап алуумду айтсам, “ал сенин колуңдан келбейт. Андан көрө биздин ишканада акча санап иштеп тур. Ошо таба турган акчаңды айлык катары берем” деди.


Үч күн катары менен келип, төртүнчү күнү катардагы акча алмаштыргыч болуп ишке белсендим. Кардар келет 20-30 миң сомун долларга айлантканы. Мен ошо акчаны так, эки сыйралап санап, ошол убактагы курс менен эсептеп, кардардын колуна долларды карматам. Тескерисинче, доллар көтөрүп келгенине сомун берем.


Оор деле жумуш эмес экен. Болгону так, тыкан, кардарга аябай сылык мамиле жасап, көөнүн калтырбаш керек. Жасаган ишим бардык жамаатка жагып, мени жумушка алышты. Бишкек коллежинде алган бир жылдык айлыгымды бир айга чегерип, 1995-жылы 1000 сомго жеткирди. Жөн эле маарып жатып калдым.


Айлыгы жакшы болгон менен аябай опурталдуу экен. Акча көп жерде дайым эле ошондой эмеспи. Талап-тоноочулук, акчанын айынан өлтүрүп кеткендерди кулак сыртынан угуп калып аттык. Обменкага куралчандар кирип кызматкерлерин алдын өлтүрүп, артын аркан-жип менен байлап, болгон акчаларын алып кетип атканы тууралуу маалымат анда-санда угулуп атты.


Андай үрөй учурган окуяга мен да туш болдум. Токтогул көчөсү менен Манас көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Ордо” аттуу акча алмаштыруу жайына 2004-жылы 15-июль күнү түш ченде куралчан, көзүнө бетинин жарымын жаап турган кара көз айнек кийген бейтааныш жигит кирип келип акча алмаштыруу жайдын ээсин так жүрөккө атып, сыртта калган обменканын экинчи кызматкерин кассанын жанына чейин кууп келет.


Сырткы эшик ачык турганын көргөн канкор “жаап келе коюп, акчаны тоноп алам” дегенче, кассир көз ирмемде акча жайгашкан бөлмөнүн ичине чуркап кирип эшигин ичинен жапканга үлгүрөт. Сыртта калган канкор каалга тарапка бир ок чыгарат да куржалак, ири суммадагы акчаны албай калганына көзү жетип, изин суутуп качып кетет.


Бул окуя өз башыман өттү, кассага кире качып аман калган каарман менмин. Ар жыл сайын 15-июль күнү экинчи туулган күнүм катары ичимен эстеп коем. Каргашалуу окуя Кыргызстан эгемен алган 13-жылы болгон эле.


Сурат Жылкычиев, Бишкек


 


 




Все города России от А до Я

Загрузка...

Москва на Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Компания R4S с проектом «Никитский 6» — партнер Благотворительного аукциона Фонда Cosmoscow и предаукционной выставки «Архитектура мечты»

Барнаул попал в список городов, нуждающихся в повышении качества жизни

В Новосибирске интерес к долгосрочной аренде квартир в марте вырос на 8% по сравнению с февралем

В год 90-летия Юрия Лужкова в Москва пройдут легкоатлетические старты "Территория бега"

Новости Москвы



Мэр Москвы Сергей Собянин

Частные объявления в Москве



Загрузка...
Rss.plus
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Москва на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.