Өзгөндөгү автокырсыктан бир адам өлүп, тогузу жараат алды
0
81
11-майда Өзгөндүн Ана-Кызыл айылынын тушунда, Бишкек-Ош жолунда Toyota land Cruiser жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Натыйжада 31 жаштагы эркек киши каза болду.
Дагы тогуз адам түрдүү жараат алган. Маркумдун сөөгү жана жарадар болгондор "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары дагы төрт адамды Өзгөн райондук ооруканасына жеткирген.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2021-жылы 7437 автокырсык катталып, анын кесепетинен 868 киши каза болуп, 11 миң 357 адам жараат алды. Жол кырсыктарынан мерт кеткендердин ичинен 114ү балдар.(ZKo)