Добавить новость
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11 12 13 14 15
16
17
18
19
20 21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Балдар арасында кургак учук жугузгандар көбөйдү

0 167
24-март - дүйнөдө кургак учук менен күрөшүү күнү катары белгиленип келет. 2020-жылы дүйнөдө 10 миллионго чукул адамда бул инфекция аныкталып, 1,5 миллион адам көз жумган. 


Ал эми 66 миллион киши оорудан айыккан. Адистердин айтымында, Кыргызстан кургак учукту эң көп жуктурган өлкөлөрдүн сап башында турат.


Адистердин эсебинде, кургак учук боюнча Кыргызстан кооптуу зона, жылына бул оору жети миңдей адамдан аныкталат. Акыркы жылдарда балдар арасында кооптуу дартты жугузуп алгандар арбыды.


Ооруну дарылоо жана аныктоо жаатында эл аралык уюмдар, ыктыярчылардын көмөгү менен жаңы ыкмалар колдонулуп келет.


Ошентсе да дартты жуктургандарды кемсинтүү, коомго аралаштырбай өгөйлөө дале күчүндө. Ушундан улам оорусун жашыргандар, ал тургай дарылануудан баш тарткандар арбын. Мунун баары кургак учуктун дарыга туруктуу формасына жол ачып жатат.


Кош бойлуу Курманжандын окуясы

27 жаштагы Курманжан Капар кызы экинчи баласы менен кош бойлуу. Азыркы тапта Курманжан кургак учуктан төртүнчү ирет дарыланууда. Ал өзүнүн диагнозу тууралуу сөз кылганда көзүнө жаш алмайын тура албайт. Улам ооруп, кыйналган жаш келин психологиялык жактан жабыркап, депрессия болгондуктан, "Кызыл ай" коомунун ыктыярчы медайымы ага көмөк көрсөтүүдө.



"2013-жылы алгач диагноз коюлуп, ооруканага жатып дарыланган элем. Жакшы болуп айыгып чыккандан кийин турмушка чыккам. Төрөгөндөн кийин кайра 2017-жылы ооруп калдым да, ооруканага экинчи жолу жаттым. 2019-жылы оору кайра кайталанды, дагы жаттым. Азыркы тапта да дарылануудамын. Менин эң чоң катам - экинчи, үчүнчү жолу ооруганда мага жазылган дары-дармекти акырына чейин ичпей койгом. Билбейм, жаштык кылдымбы, же төрөттөн кийинки депрессиялык абалым тоскоол болдубу, айтор дарыны аягына чыгара албай калгам. Сегиз жылдан бери эле ушул оору менен алышып келем."




Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкөдө кургак учук оорусу жаңы аныкталган бейтаптардын дээрлик 60% ашууну эркектер, 40%  чукул аялдарда оору билинип, дарылануу сунушталат. Кызыгы, аялдардын арасынан ооруга чалдыккандардын көбү ал-күчкө толуп турган 18 жаштан 35 жашка чейинки кыз келиндер.


Кыргызстанда инфекциялык оору жуккан адамды өз эркине жараша мажбурлап дарылоо мүмкүн эмес. Ушундан улам дарыгерлер бейтаптар менен иштөөдө ар түрдүү ыкмаларды пайдаланып жатышат. Замира кургак учук жуккан бейтаптарды дарылаган жоопту медайым. Ал оору жуктурган адамдардын психологиялык абалы өзгөчө маанилүү экенин айтат.



"Биз ай сайын ушундай бейтаптарды чогултуп, кургак учук инфекциясынан дарыланып жаткандарга психологиялык колдоо көрсөткөнгө аракет кылып турабыз. Бул үчүн кичине тасмал жайып, чай ичкенге чакырабыз. Оору жугуп, толук кандуу дарылануусу аяктаган бейтаптар да жаңы аныкталгандарга жакшы жардам бере алышат. Себеби, көп учурда оору жуктургандардын аягына чейин дарыланууга эрки жетпей калышы мүмкүн. Менин эсимде, ошондой чогулуштардын бирине абдан жаш, сулуу кыз келген. Ал аябай ыйлап, башында эч нерсе айта албай, катуу депрессияда эле. Улам-улам жолугушууларга чакырып жатып, акыры ал оорусунан айыгып, биздин топко ыраазычылык айткан эле".


"Коңшу керебеттеги адамдын өлүмү жашоомду өзгөрттү"

Кургак учукту дарылоо алты айдан тарта бир нече жылга чейин созулушу мүмкүн. Адистер эгер бул аралыкта жазылган дары-дармекти ичпей токтотуп койсо, инфекция антибиотикке туруктуу оор формага өтүп кетиши мүмкүн экенин эскертишет. Бейтапты ооруканага жаткыруу чечимин оорунун ачык же жабык формасына карата догдур жана эпидемиологдор аныкташат. Кыргызстанда кургак учук шилекей анализи, өпкө рентгени, ал эми балдардын колунан манту реакциясын алуу менен аныкталат.




Сапар Нармаматовдо үч жыл мурда оору аныкталып, алты ай ооруканада жаткан. Стационардан чыгары менен догдурлар жазып берген дарыны ичпей койгон. Экинчи ирет ал ооруканага абдан оор абалда түшүп, реанимацияга жатып калган.



"Дароо эле реанимация бөлүмүнө алып барышты. Эки-үч күндөн кийин палатага которулдум, ошондо жашоомду түп-тамыры менен өзгөрткөн окуя болду. Палатага которулуп, кичине өзүмө келип калганда жанымда эле жаткан байке көз алдымда каза болуп калды. Мына ушул окуя мага жашоо үчүн күрөшүүмө күч берди десем болот. Кандай болгон күндө да тирүү калайын дедим, ушул оорудан айыгып чыгып, бул инфекцияга чалдыккандарга бекер жардам берейин деген ой келди. Мурда чылым тартчумун, туура эмес тамактанчумун, ачка-ток болуп жүрө берчүмүн. Мунун баарын таштадым. Эң негизгиси, өзүмдүн саламаттыгым экенин аңдадым".




Сапар азыркы тапта илдет жуктурган адамдарга моралдык жактан жардам берип, ыктыярчылык кылууда. Статистикалык маалыматтарга ылайык, кургак учукка Чүй облусунун тургундары көп чалдыгат.  Экинчи орунда Ош облусу турат. Жалал-Абад жана Нарын кийинки сапта.


Чүй облусунун Лебединовка айылынын үй-бүлөлүк дарыгери Назима Ботоеванын айтымында, адатта бейтаптар оорусу өтүшүп кеткенде кайрылат:



"Эки жумадан ашык жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп, тердеп, алы кеткен бейтаптарды көрөр замат дароо реакция кылабыз. Алардын жашаган жерин сурайбыз, батирде турабы, үй-шарты кандай, жетиштүү тамактанабы, баарын такташыбыз керек. Мындай бейтаптарды дароо шектүү катары карап, анализдер алынат. Азыр туберкулездун жөтөлү жок эле формасы да күчөп жатат. Бейтаптын дене табы 37ге чейин эле көтөрүлүп, бир нече күн же жумалап жүрө берет. Ушул учурда анын өпкөсү катуу жабыркап жаткан болот. Дагы бир нерсени айтып коюш керек, мурдагыдай кургак учук болгонун жашырбай, же балким жанында бирөө болуп калса байланыштым эле деп кайрылгандар да көп болууда".


"Балдарда дарыга туруктуу форманы жуктургандар көп"

Бишкек шаардык кургак учук менен күрөшүү борборунун эсеби боюнча 2021-жылы 31 балада бул оору жаңы аныкталган. Алардын теңи дарыга туруктуу, өтүшүп кеткен формасы менен ооругандар. 2020-жылы Бишкектеги үч бала кургак учуктан чарчап калган.


Кыргыз медициналык академиясынын Фтизиатрия кафедрасынын окутуучусу Алтынай Байтилеева балдардагы туберкулездун өзгөчүлүгү тууралуу буларга токтолду:



"Кыргызстанды дүйнөлүк масштабдан алып карасак, туберкулездун туруктуу формасын жуктургандардын саны боюнча азыр алдыда келе жатат. Өлкөдө катары мындай дартка чалдыккандар көп болгондуктан абалыбыз кооптуу. Айрыкча балдар ушундай оор дартка учуроодо. Мындай формада ооруганда адамдын организми дарыны тоготпой калат. Ата-эне ооругандан кийин балага сөзсүз жугат. Болгондо да оор формасы жуккан кыргызстандык наристелер көбөйдү. Аларга албетте аябай оор антибиотиктерди берүүгө туура келет. Аларды балдар узак мөөнөт ичип, кыйналышат".




Саламаттыкты сактоо министрлиги былтыртан бери кургак учук ооруканаларын кыскартып, жаап жатат. Министр Алымкадыр Бейшеналиев былтыр туберкулезду дарылаган 17 стационар жабыларын айткан. Алардын бири Бишкектеги балдардын кургак учук ооруканасы. 


Бишкек шаардык кургак учук менен күрөшүү борборунун дарыгери Асел Кадырованын айтымында, балдардын ооруканасын жабуу алардын ишине өз кедергисин тийгизди.


"Стационардын жабылуусу бизге таасир этти. Буга чейин да бир ооруканабызда жаап коюшкан эле. Бишкектеги Жаш Гвардия бульварындагы биздин мурдагы стационарда туберкулездун ачык, дарыга туруктуу формасы менен ооруган балдар жатчу. Азыр аларды биз үйүнөн дарылап жатабыз. Үй шартында мындай оор диагнозу бар балдарга медициналык тейлөө көрсөтүү аябай кыйын. Себеби, кургак учуктан тышкары алардын организминде дагы бир топ оор дарттар козголушу мүмкүн. Биз ооруканада балдарга дароо тамчылатма сайып, улам карап турчубуз. Азыр анте албайбыз".




"Кургак учук жукту деп мал сарайга бөлүп койгон"

Кургак учукту дарылоо жаатында Саламаттыкты сактоо министрлиги эл аралык донорлордун көмөгү менен иш алып барат. Эл аралык уюмдар ооруну жуктуруп, диагнозу аныкталган адамдарды коомдун өгөйлөөсү күч экенин белгилешет. Ушундан улам аймактарда айылдык ден соолук комиссияларынын ыктыярчылары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет.


Алардын бири Жайыл районунун Алтын айылынын тургуну Айжамал Сариева кургак учук аныкталган айылдаштарын ар түрдүү дискриминация, басынтуудан коргоп, дарыны убагында ичүүгө, догдур жазган дарылануудан баш тартпоого үндөп келет.



"Мындан бир жыл мурда бир айылдашыбыз ооруп калды. Өзү эркек киши, аны бир туугандары бөлүп, муздак сарайга колуна бир эле электр жылыткычын карматып чыгарып коюшуптур. Байкуш ачка, жашаган жери аябай начар, сыз. Колунда бир тыйыны жок. Мындай инфекциялык дартка чалдыккандар айына бир ирет ооруканага барып, шилекейинен анализ тапшырып турушу керек да. Ооруканага барганга да жол киреси жок экен. Биз айылдык ден соолук комиссиясынын мүчөлөрү акча чогултуп, аны таза, жылуу үйгө киргиздик, ооруканага анализдерин тапшыртып, ысык тамак алып бердик. Дарыларын убагында ичсин деп улам көзөмөлдөп жаттык. Азыр ал сакайып кетти. Бизге ыраазычылыгын тынбай айтып турат".



Саламаттыкты сактоо министрлиги 2020-2021-жылда канча кишиге кургак учук жукканын азырынча эсептеп бүтө элек. Коронавирус пандемиясы туберкулезду аныктоого тоскоол болгон.


Эки инфекциянын белгилери окшош болгондуктан, аныктоо татаалдашып кеткен. Ал арада адистер коомдо мурда калыптанып калган туберкулез - жакырчылыктын оорусу деген түшүнүк эскиргенин, азыр бул бай-кедейге карабай эле баарында аныкталып жатканын эскертишүүдө.




Кургак учуктун негизги белгилери болуп эки аптадан ашкан катуу жөтөл жана дене табынын көтөрүлүшү эсептелет. Илдет абадан, оорулуу кишинин какырыгы, шилекейи аркылуу жугат. Ооруга чалдыккан адам сөзсүз адистин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү дары-дармектерди ичиши керек.


Дарылануу мөөнөтү алты айдан бир нече жылга чейин созулат. Кургак учукка чалдыккан бейтапты айыктырса болот.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Военнослужащие Росгвардии Тувы обеспечили проведение регионального этапа игры «Зарница 2.0»

В Туве сотрудники Росгвардии задержали нетрезвого угонщика автомобиля

Росгвардейцы провели встречу на тему будущей профессии со студентами кызылского техникума

При силовой поддержке спецназа Росгвардии в Республике Тыва задержан подозреваемый в хищении лошади

Новости Кызыла



Глава Тувы Владислав Ховалыг

Частные объявления в Кызыле



Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Кызыл на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.