Добавить новость
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Өкмөт Баткенге өзгөчө көңүл бурууну убада кылды

0 88
Министрлер кабинети 22-февралда Баткенде көчмө жыйын өткөрүп, облусту өнүктүрүүнүн саясий жана экономикалык багыттары талкууланды. Анда чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү жарлыгы, Баткен облусуна ири инвестицияларды тартуу тууралуу да сөз болду. Өкмөт башчы Акылбек Жапаров Баткенде жабылып турган чек аралар такталып, соода алака жанданып, келечекте транзиттик аймак болот деп ишендирди. 


Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы көчмө жыйынында аймакты өнүктүрүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды. Өкмөт башчы Акылбек Жапаров Баткен келечекте өнүккөн аймак болот деп ынандырууда. 




"Баткен облусу чек ара маселесинин чордону эмес, патриоттуулукка, кайраттуулукка, эр жүрөктүүлүккө шыктандыруучу жер болот деп ойлойм. Баткен саясий, аскердик жана экономикалык суверинитет эмне экенин далилдей турган жер. Дал ушул жер Кыргызстандын көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн коргой турган жер. Кыргызда айтат: жаман айтпай жакшы жок деп. Баткендеги чек арадагы жаңжал, жигиттердин жүрөгүн ойготуп, Баткенге келип иштөө, окууга даярмын деген сезимдерди өстүрдү го деп ойлойм".




Жыйында негизинен “Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы талкууланды. Президент Садыр Жапаров бул мыйзамга өткөн жылы сентябрда кол койгон.


Анда жергиликтүү тургундарга салыктык жеңилдиктер, социалдык жактан колдоо, ишкердик үчүн ыңгайлуу шарт түзүү каралган.  Документте тизмеге кирген айыл тургундарынын пенсиясын эки миң сомго көтөрүү жана жөлөк пулдун көлөмүн эки эсеге көбөйтүү, электр энергиясын жеңилдетилген шартта берүү каралган.


Акылбек Жапаровдун пикиринде, Баткен облусун Фергана өрөөнү жана Кытай менен тыгыз байланышкан соода-экономикалык транзиттик аймакка айлантууга толук ылайыктуу: 


"Тийиштүү шарттарды түзүп, фитосанитардык лабораторияларды ишке берсек, Эркечтам өткөрүү пункту аркылуу коңшу Кытайга сапаттуу жана экологиялык жактан таза продукцияларды экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кызыл-Кыя шаары Борбор Азия менен Кытайдын ортосундагы  аймактык чоң соода түйүнүнө айланат. Баткен жана Исфана аэропорттору эл аралык макам алат, Лейлек эркин экономикалык аймагы пландалгандай иштейт".


Жапаров аймактагы жолдорду асфальттоого быйыл 600 миллион сом бөлүнөрүн, облус аймагында суу ресурстарын оңдоп, төрт чоң суу сактагыч куруларын маалымдады.




Көчмө жыйында Баткен облусунун өнүктүрүү боюнча куратору болуп  биринчи вице-прьемер-министр Арзыбек Кожошев дайындалганы айтылды. Ал өткөн жылы Баткен облусун өнүктүрүүгө 1 миллиард 300 миллион сом бөлүнгөнүн, жаңыдан ишкерлик баштагандар салыктын  бир катар түрлөрүнөн бошотуларын эске салды:




"2012-жылдан 2020-жылга чейин Баткен облусун өнүктүрүүгө 1 миллиард 300 сом берилиптир. Өткөн жылы президенттин тапшырмасы менен бир жылда ушул сумманы бердик. Быйыл мындан да көбөйтөлү деп жатабыз. Былтыр сентябрда “Баткен облусунун өзгөчө макамы” тууралуу мыйзам кабыл алынды. Андан соң Баткен облусунун өнүгүү программасы кабыл алынып, ал жерде 500 миллион сомдон кем каражат бөлүнбөсүн деп чечим кабыл алынды. Ошону быйыл аткарабыз. Ага ылайык,  алты тармак боюнча,  айыл-чарба, кайра иштетүү, энергетика, инновация, тамак-аш жана жеңил өнөр жай тармагында ишкерлик баштаса, алар киреше салыгын 10% эмес, 5 % төлөйт. Сатуудан алынуучу салыктан, пайда салыгынан бошотулат. Жергиликтүү кеңештин сунушу менен жер жана мүлк салыгынан да бошотсо болот".




Көчмө жыйын бүткөндөн кийин Акылбек Жапаров Баткендин ар кайсы айылдарынан келген эл менен жолукту.  Сыртта чогулгандар “Баткен облусунун макамы” тууралуу мыйзамга кирген 62 айылдын тизмесин толуктоону суранышты.  


"Биз алыскы Лейлек районунун Маргун айыл өкмөтүнүн Дархун айылынан келдик. Биздин айылда жети эле үй бүлө калды. Беш үй-бүлөдө жалгыз бой энелер жана 18 эркек бала калыптыр. Алардын жарымы Орусияга кетип, жарымы Чүй облусуна барып жайгашып алыптыр. Биз азайып бараткан айылга айланып баратабыз. Туура, биз чек арадан алыс турган айылбыз. Бирок инфраструктурабыз, жашоо-шартыбыз начар. Ошондуктан биздин айылды ошол мыйзамга кошуп коюңузду суранабыз", - деди Дархун айылынын жашоочусу.


Акылбек Жапаров топтолгон элге  мындай жооп узатты:


"Биз быйыл Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурабыз деп жатабыз. Сабыр кылыңыздар, баарына жетсе эмнеге аяйт элек. Азыр биринчи этабы бүттү. Эми экинчи этабына киришип жатабыз. Баарына акча жетпейт. Азыр 62 айылды иреттеп бүттүк. Негизи эле биз Баткенден элдин кетишин каалабайбыз. Бул жакка жумушчу орун түзгөн ишкерлерге кепилдик берели деп жатабыз. Акчасын да берип, эптеп эле жумушчу орун түзгүлө деп".


Министрлер кабинетинин төрагасы Баткен облусуна өкмөт мүчөлөрү менен 21-февралда барган. Ал бир күн мурда чек арачыларга жолугуп, ишканалардын, социалдык объектилердин, жолдордун абалы менен таанышкан.




Өткөн жылдагы Баткендеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан кийин өкмөттүн калыбына келтирүү иштерине аралашып, байкоо салып жүргөн жарандык активист Гүлгаакы Мамасалиева коррупцияны жоймоюнча өкмөттүн убадалары ишке ашарынан күмөн санап жатат. 




"Ишке ашпайт. Арзыбек Кожошев өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына Баткендеги бүгүнкү жыйынды "тарыхтагы өзгөчө күн болду" деп жазыптыр. Мен ал жерге пикир жаздым. Жетекчилерди алмаштырмайынча эч нерсе өзгөрбөйт. Аябай коррупция көп экен Баткенде. Мен бир жылдан бери көрүп жатам да. Акимдер ачыктыкты жаман көрүшөт экен. Эч ким бейөкмөт уюмдар менен иштешүүнү каалабайт. Ошондой башкаруу менен бул бөлүнгөн каражаттар каякка кеткенин таппай калабыз".


Баткен облусунун Тажикстан менен тактала элек чектеш аймактарында  куралдуу кагылышка чейин жеткен жаңжалдар катталып турат. Ошондуктан эл бийликтен чек араны чечип, аймактын өнүгүшүнө көңүл бурууну талап кылып келет.




Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жеткен. Анда Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10у жараат алганын жазып чыкты.


Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ымала 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин кескин солгундап кетти. Андагы жаңжалда кыргыз тараптан 36 киши каза болуп, 154ү жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 адам мерт болуп, 87си жабыркаган. Эки тарапта тең ондогон үйлөр жана башка имараттар, автоунаалар өрттөлгөн. Бул эки өлкөнүн эгемендик тарыхындагы эң чоң чек ара жаңжалы болуп калды.


Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519у гана буга чейин такталганы айтылып келет. Акыркы маалыматтарга караганда, 81 чакырым боюнча орток пикир табылганы да айтылууда.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Военнослужащие и сотрудники Управления Росгвардии по Республике Тыва успешно сдали контрольную проверку за зимний период подготовки

Начальник Управления Росгвардии по Республике Тыва проверил безопасность детских лагерей на антитеррористическую защищенность

Новости Кызыла



Глава Тувы Владислав Ховалыг

Частные объявления в Кызыле



Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Кызыл на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.