Мы в Telegram
Добавить новость
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено
Бабаево Бабушкин Бавлы Багратионовск Байкальск Баймак Бакал Баксан Балабаново Балаково Балахна Балашиха Балашов Балей Балтийск Барабинск Барнаул Барыш Батайск Бахчисарай Бежецк Белая Калитва Белая Холуница Белгород Белебей Белёв Белинский Белово БелогорскАмурская область БелогорскКрым Белозерск Белокуриха Беломорск Белорецк Белореченск Белоусово Белоярский Белый Бердск Березники БерёзовскийКемеровская область БерёзовскийСвердловская область Беслан Бийск Бикин Билибино Биробиджан Бирск Бирюсинск Бирюч БлаговещенскАмурская область БлаговещенскБашкортостан Благодарный Бобров Богданович Богородицк Богородск Боготол Богучар Бодайбо Бокситогорск Болгар Бологое Болотное Болохово Болхов Большой Камень Бор Борзя Борисоглебск Боровичи Боровск Бородино Братск Бронницы Брянск Бугульма Бугуруслан Будённовск Бузулук Буинск Буй Буйнакск Бутурлиновка
Кадников Казань Калач Калач-на-Дону Калачинск Калининград Калининск Калтан Калуга Калязин Камбарка Каменка Каменногорск Каменск-Уральский Каменск-Шахтинский Камень-на-Оби Камешково Камызяк Камышин Камышлов Канаш Кандалакша Канск Карабаново Карабаш Карабулак Карасук Карачаевск Карачев Каргат Каргополь Карпинск Карталы Касимов Касли Каспийск Катав-Ивановск Катайск Качканар Кашин Кашира Кедровый Кемерово Кемь Керчь Кизел Кизилюрт Кизляр Кимовск Кимры Кингисепп Кинель Кинешма Киреевск Киренск Киржач Кириллов Кириши КировКалужская область КировКировская область Кировград Кирово-Чепецк КировскЛенинградская область КировскМурманская область Кирс Кирсанов Киселёвск Кисловодск Климовск Клин Клинцы Княгинино Ковдор Ковров Ковылкино Когалым Кодинск Козельск Козловка Козьмодемьянск Кола Кологрив Коломна Колпашево Колпино Кольчугино Коммунар Комсомольск Комсомольск-на-Амуре Конаково Кондопога Кондрово Константиновск Копейск Кораблино Кореновск Коркино Королёв Короча Корсаков Коряжма Костерёво Костомукша Кострома Котельники Котельниково Котельнич Котлас Котово Котовск Кохма Красавино КрасноармейскМосковская область КрасноармейскСаратовская область Красновишерск Красногорск Краснодар Красное Село Краснозаводск КраснознаменскКалининградская область КраснознаменскМосковская область Краснокаменск Краснокамск Красноперекопск КраснослободскВолгоградская область КраснослободскМордовия Краснотурьинск Красноуральск Красноуфимск Красноярск Красный Кут Красный Сулин Красный Холм Кремёнки Кронштадт Кропоткин Крымск Кстово Кубинка Кувандык Кувшиново Кудымкар Кузнецк Куйбышев Кулебаки Кумертау Кунгур Купино Курган Курганинск Курильск Курлово Куровское Курск Куртамыш Курчатов Куса Кушва Кызыл Кыштым Кяхта
Набережные Челны Навашино Наволоки Надым Назарово Назрань Называевск Нальчик Нариманов Наро-Фоминск Нарткала Нарьян-Мар Находка Невель Невельск Невинномысск Невьянск Нелидово Неман Нерехта Нерчинск Нерюнгри Нестеров Нефтегорск Нефтекамск Нефтекумск Нефтеюганск Нея Нижневартовск Нижнекамск Нижнеудинск Нижние Серги Нижний Ломов Нижний Новгород Нижний Тагил Нижняя Салда Нижняя Тура Николаевск Николаевск-на-Амуре НикольскВологодская область НикольскПензенская область Никольское Новая Ладога Новая Ляля Новоалександровск Новоалтайск Новоаннинский Нововоронеж Новодвинск Новозыбков Новокубанск Новокузнецк Новокуйбышевск Новомичуринск Новомосковск Новопавловск Новоржев Новороссийск Новосибирск Новосиль Новосокольники Новотроицк Новоузенск Новоульяновск Новоуральск Новохопёрск Новочебоксарск Новочеркасск Новошахтинск Новый Оскол Новый Уренгой Ногинск Нолинск Норильск Ноябрьск Нурлат Нытва Нюрба Нягань Нязепетровск Няндома
Саки Салават Салаир Салехард Сальск Самара Санкт-Петербург Саранск Сарапул Саратов Саров Сасово Сатка Сафоново Саяногорск Саянск Светлогорск Светлоград Светлый Светогорск Свирск Свободный Себеж Севастополь Северо-Курильск Северобайкальск Северодвинск Североморск Североуральск Северск Севск Сегежа Сельцо Семёнов Семикаракорск Семилуки Сенгилей Серафимович Сергач Сергиев Посад Сердобск Серов Серпухов Сертолово Сестрорецк Сибай Сим Симферополь Сковородино Скопин Славгород Славск Славянск-на-Кубани Сланцы Слободской Слюдянка Смоленск Снежинск Снежногорск Собинка СоветскКалининградская область СоветскКировская область СоветскТульская область Советская Гавань Советский Сокол Солигалич Соликамск Солнечногорск Соль-Илецк Сольвычегодск Сольцы Сорочинск Сорск Сортавала Сосенский Сосновка Сосновоборск Сосновый Бор Сосногорск Сочи Спас-Деменск Спас-Клепики Спасск Спасск-Дальний Спасск-Рязанский Среднеколымск Среднеуральск Сретенск Ставрополь Старая Купавна Старая Русса Старица Стародуб Старый Крым Старый Оскол Стерлитамак Стрежевой Строитель Струнино Ступино Суворов Судак Суджа Судогда Суздаль Суоярви Сураж Сургут Суровикино Сурск Сусуман Сухиничи Сухой Лог Сызрань Сыктывкар Сысерть Сычёвка Сясьстрой

Бишкек-Нур-Султан: экономикадагы тоскоолдук жана жаңы жолдор

0 71
Бишкек-Нур-Султан: экономикадагы тоскоолдук жана жаңы жолдор
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында да, андан тышкары дагы көптөгөн өлкөлөр менен экономикалык алакасын Казакстандын аймагы аркылуу жүргүзөт. Импортко көз каранды Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик жол болуп эсептелет. Саясий олку-солку мезгилдерде Кыргызстан мындан жабыр тартып калган учурлар да болуп турат. Ушундан улам адистер бийликти сабак алууга, тышкы экономикалык саясатта кошумча жолдорду издештирүүгө чакырып жатышат. Атамекендик ишкерлер алдыга өнүгүү үчүн атаандаш рынокторду жана транспорттук-коммуникациялык жолдорду өнүктүрүү зарылдыгын айтышууда. “Эртең жети пост тең жабылгандан кийин унду желкесине Кадырбеков (Нуржигит Кадырбеков-ред.) ташып келип береби? Ким ташып келип берет? Элибизди ким багат? Элибиздин, коомубуздун ичиндеги тынчтыкты ким сактайт?”. Бул Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевдин сөзү. Ал парламенттин жыйынында депутаттарга Казакстан чек арасын жаап койчу болсо Кыргызстан экономикалык кыйынчылыкка кептелерин кыйытып жатат. 7-январда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү чечимин кабыл алууда кыргыз бийлиги экономикалык тобокелдиктерге кабатыр болуп турду. Кыргызстанда парламенттик жана коомдук кызуу талкуу жүрүп жаткан учурда Казакстан чек ара бекеттерин биринин артынан бирин жаап жатты. Бул коңшу өлкөдөгү элдик толкундоолорго байланыштуу техникалык мүчүлүштүктөр жана мамлекеттик коопсуздук менен түшүндүрүлдү. Казакстандагы окуялар учурунда Кыргызстандын эл аралык транспорттук-логистикалык каттамдары үзгүлтүккө учурады. Жүк ташуучу автоунаалардын чек арадан өтүүсү кыйындаса, авиакаттамдар токтоду. Кыргызстандын эл аралык авиакаттамдардын олуттуу бөлүгү Алматы жана Астана аркылуу жүргүзүлгөндүктөн, кыргыз жолоочуларынын сапарлары аргасыз токтоп турду. Атамекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын башчысы Бакыт Дегенбаев тышкы экономикалык карым-катышта Бишкектин мүмкүнчүлүктөрү өтө чектелүү экенин айтат. “Мен Бишкек, Алматы, Ташкент аба майдандарын салыштырып, чакан талдоо жүргүзгөм. Бишкектен болгону 16 шаарга учат экенбиз. Анын 80% Евразиялык экономикалык биримдиктин ичиндеги өлкөлөр, көбүнчө Орусия менен Казакстан. Андан тышкары, Стамбул менен Делини айтпаганда чоң пункттар жок. Алматы менен Ташкенттен дүйнөнүн булуң-бурчуна 160тай ири шаарларга учуп барса болот. Ал жакта бизнести, туризмди өнүктүргөнгө чоң мүмкүнчүлүк түзүп берип жатышат. “Манаска” альтернатива катары ири аба майдандарын, транспорттук-логистикалык түйүндөрдү куруу зарыл”. Казакстан стратегиялык өнөктөш жана ири инвестор Кыргызстан импортко көз каранды өлкө. 2021-жылы тышкы товар жүгүртүүнүн 70% ашууну импортко туура келген. 2021-жылдын 10 айында Казакстандан Кыргызстанга 49,7 млрд. сомдук (588,8 млн. доллар) товар импорттолгон. Кыргызстан коңшу мамлекеттен көбүнчө мунай менен көмүрдү, буудай, азык-түлүк, тамеки жана электр энергиясын импорттойт. Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Нурлан Жусумалиев эки мамлекеттин соода алакасы өсүп жатканын билдирет. “Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. 2021-жылдын январь-октябрь айларында тараптардын соода жүгүртүүсү 900 млн. долларды түздү. Анын ичинде экспорт 311,2 млн. долларды түзүп, 24,1% өскөн. Ал эми импорт болсо 588,8 млн. долларды түзүп, 37% өскөн”, - деди Жусумалиев. Казакстандын ири компаниялары Кыргызстандын экономикасында бараандуу орунду ээлейт. Алар көбүнчө тоо-кен өндүрүшүндө, телекоммуникация, банк, өнөр-жай жана соода тармактарында иш алып барат. Банк тармагында казакстандыктардын ээлигиндеги “Оптима Банк”, “Халык Банк”, БТА Банк өңдүү каржылык уюмдар иштейт. Казакстандагы окуялар учурунда "Оптима Банк" менен "Халык Банктын" кардарларын тейлөө маал-маалы менен үзгүлтүккө учурап жатты. Кыргызстандын телекоммуникация рыногунда Beeline байланыш оператору менен “О!” бренди катары белгилүү “Нур Телеком” компаниясы казак олигархтарынын көзөмөлүндө. Beeline бренди менен иштеген Sky Mobile компаниясынын 49,9% үлүшү Булат Утемуратовго таандык. Ал эми “Нур Телеком” компаниясына Visor холдинги аркылуу Айдан Карибжанов менен Николай Варенко ээлик кылышат. Айдан Карибжановго Кант цемент заводу да таандык. Кыргызстандын тоо-кен өндүрүшүндө казакстандыктар Ала-Букадагы Бозумчак алтын-жез кенин иштетишет. Бул кенди иштеткен KAZ Minerals PLC компаниясы казакстандык ири олигархтар Владимир Ким менен Олег Новачукка таандык. Ким компаниянын 31%, ал эми Новачук 8% жакын акциясына ээлик кылышат. Кызыл-Кыядагы “Түштүк-кыргыз цемент заводу” жабык акционердик коому Казакстандагы “Верный Капитал” инвестициялык холдингине таандык. Компанияны казакстандык өнөктөштөр Тимур Исатаев, Ерлан Оспанов жана Гарик Микаелян биргеликте түзүшкөн. Компаниянын негизги демөөрчүсү Булат Утемуратов болуп эсептелет. "Форбс Казакстандын" рейтингинде 48-орунда турган бизнесмен Арманжан Байтасов “Бишкек көз карандысыз телеберүүсү” (НБТ) каналына ээлик кылат. Дагы бир олигарх Кайрат Мажибаевдин RG Brands компаниясы Pepsi, Mirinda, 7Up, DaDa, "Нектар Солнечный", ASU суусундуктарын өндүрөт. Компаниянын бул суусундуктарды Кыргызстандын базарына тараткан дистрибьютору бар. Кыргызстандагы “Технодом” турмуш-тиричилик жана компьютердик техникаларды саткан эки соода үйү Technodom Operator акционердик коомуна таандык. Компанияга "Форбс Казакстандын" рейтингинде 27-орунда турган олигарх Эдуард Ким ээлик кылат. Тышкы экономикалык саясат Адистер тышкы экономикалык саясатты көп тараптуу жүргүзүү зарылдыгын белгилешет. Коомдук талкууларда көп вектордуу тышкы экономикалык саясат жүргүзүү үчүн эл аралык талаптарга шайкеш келген экономикалык инфратүзүмдү даярдоо, бизнес уюмдар менен мамлекеттик мекемелердин тыгыз, бир логиканын алкагында иштөө зарылдыгы айтылат. Кыргызстандын тандоосунда бир нече ири экономикалык айдың турат. Серепчилер алардын ар биринин артыкчылыгын баса белгилеп, баары тең Кыргызстан үчүн экономикалык ири мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын айтып келишет. Бирок, алардын мүмкүнчүлүктөрүн жетиштүү колдонуу үчүн талап кылынган экономикалык инфратүзүмдөрдү, ыңгайлуу шарттарды түзүү иштери жана ошону менен катар бир топ саясий чечимдер кабыл алынбай арабөк турат. Өлкө эл аралык регламенттерге шайкеш келген алакага даяр эмес болуда. Атамекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Бакыт Дегенбаев экономикалык өсүү үчүн Орусия менен Казакстан багытына альтернативдүү жолдорду түзүү зарыл деген ойдо. “Импорт-экспортто Орусия менен Казакстанга көз карандыбыз. Негизги агым ушул багыттар аркылуу кетет. Ошондуктан башка альтернативдүү жолдорду дагы карашыбыз керек. Кыргызстандын төрт тарабы ачык болушу керек. Жаңы авиакаттамдарды, темир жолдорду, кара жолдорду ачуу, логистиканы өнүктүрүү зарыл. Өзбекстан, Түркмөнстан аркылуу жакшы логистикалык жолдор бар, алар иштебей турат. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сөз бойдон калууда. Казакстан жабылып калса эле бүт бардыгы токтоп калып жатат”, - деди Дегенбаев. Мындай көз карашты саясат таануучу Алмаз Кулматов да кубаттады. “Биз товарды тышка чыгаруунун жана алып келүүнүн альтернативдүү жолдорун табышыбыз зарыл. Бир жакка эле ыктай бербей, дипломатияда дагы багытыбызды, стратегиябызды так аныкташыбыз керек. Эгемен мамлекет катары батышы да, чыгышы да, түндүгү да, түштүгү менен дагы алака кылууга эркибиз болууга тийиш”. Евразиялык Экономикалык Биримдик Кыргызстандын тандоосу болгон континенттеги эң ири рыноктордун бири – бул Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ). Биримдикте Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения бар. 180 млн. керектөөчүсү бар бул рынокко Кыргызстан 2015-жылы кошулган. Экономист Нургүл Акимова Евразиялык экономикалык биримдиктин Кыргызстанга тийип жаткан пайдасына токтолду. “Биз ЕАЭБге киргенде ал жакта беш өлкөгө бир тариф болду. Ал тариф боюнча беш өлкө үчүн өз ара экспорт-импортто нөлдүк чен (ставка) болот. Бул жаатта биз утабыз. Анткени, биз күйүүчү майды Орусиядан миллиард долларга импорттоп жатабыз. Эгерде бажы алымын төлөсөк, анда күйүүчү майдын баасы өтө кымбат болуп калмак. Казакстандан дагы көптөгөн айыл чарба өндүрүмдөрүн, сырьё алып келебиз. Ошон үчүн бул мамлекеттер менен карым-катышта болуунун пайдасы бар”. Европа Биримдиги (ВСП+) Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, тараптардын жылдык товар жүгүртүүсү 500 млн. евро деп эсептелет. Кыргызстандын экспортунун 70% Германия, Италия жана Бельгияга жасалат. 500 млн. калкы (керектөөчүсү) бар бул рынокто ВСП+ программасы бар. Бул макам өзгөчө аярлуу жана аз корголгон өлкөлөргө ыйгарылат. Евробиримдик ушундай өлкөлөргө артыкчылык берүү менен алардын өнүгүшүнө жана инвесторлор үчүн жагымдуу болушуна жардам берүүнү көздөйт. Кыргызстан бул программага 2016-жылдын башында кошулган. Программа Европа өлкөлөрүнө товардын 6 миң 200 түрүн бажы алымысыз экспорттоо мүмкүнчүлүгүн берет. Эксперттер Кыргызстан мүмкүнчүлүктү толук колдонбой келатканын айтышат. Эл аралык мамилелер боюнча адис, саясий илимдердин кандидаты Чынара Эсенгул Кыргызстан тышкы экономикалык саясатын бир жактуу жүргүзүп жатканын белгиледи: “Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигине киргенден бери тышкы экономикалык саясатыбыз бир жактуу болуп калды. Биримдиктин алкагында Орусия менен Казакстанга 80% көз каранды болуп калдык. Евразиялык экономикалык биримдигине киргенибизге карабай,ВСП+ макамыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн колдонолу деп абдан көп изилдөөлөр болуп, көп аргументтер айтылды эле. Бирок, менимче ал дараметибизди колдоно алган жокпуз. Саясий оюндарды ойноп, анан коронавирус пандемиясы башталып кетти. Ал жагынан толук колдоно албай калдык окшойт”. Кытай. “Бир алкак – Бир жол” Чыгыш багытында 1,5 млрд. калкы жана дүйнөлүк лидерликке умтулган экономикасы менен Кытай турат. Кытай Кыргызстандын Орусиядан кийинки экинчи ири соода өнөктөшү болуп эсептелет. 2021-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Кытайдын 2021-жылдагы товар жүгүртүүсү 1 млрд. 155 млн. долларды түзгөн. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кытайдан негизинен кийим-кечек, бут кийим, синтетикалык жиптер, уюлдук телефондор, кара металл, автоунаалар менен шаймандар жана желим материалдар импорттолот. Экспорттун көлөмү жалпы товар жүгүртүүнүн 5% гана түзөт. Кыргызстан ал жакка жез, баалуу металлдардын уютмаларын, тамеки, керосин жана булгаары буюмдарын экспорттойт. Кытайдын “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында транзиттик карым-катыш түзүү үчүн Кыргызстанга индустриалдык парктарды өнүктүрүү шарттары коюлат. Эл аралык мамилелер боюнча адис Чынара Эсенгул кыргыз өкмөтү Кытай менен экономикалык карым-катыштын дараментин толук колдонбой жатат деген ойдо: "Өзүңүздөр билесиздер, Кытай дүйнөлүк чоң экономика болду. Анын инвестор катары каражаты да көп. Кытай өзүнүн товарын, мүмкүнчүлүгүн мындан дагы күчөтүү үчүн транспорт системаларын курууга көп көңүл буруп жатат. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу канча жылдан бери сүйлөшүлүп келатат. Бирок, үч мамлекет бир чечимге келип жылдыра албай келет. Биздин дараметибиз ушул жагынан солгундап калды. Анткени, Кыргызстан тараптан транспорттук-логистикалык даярдык көп көрүлгөн эмес, бир тараптуу эле болуп жатат. Мисалы, Казакстан менен чек арабыз жабылып калса биз кыйын эле учурга кептелебиз. Анткени, биздин товарлар көбүнчө түндүк багытка кетет. Транспорттук-логистикалык инфраструктура жакшы ойлонулган эмес". Түштүк Азия багыты. CASA-1000 Түштүк Азияга багыт алган "CASA-1000" долбоору Кыргызстан үчүн ири энергетикалык базардын эшигин ачат. Бул эл аралык энергетикалык чынжырча Борбор Азия менен Түштүк Азиянын Ооганстан жана Пакистан өлкөлөрүн электр линиялары аркылуу байланыштырат. Бирок, бул долбоорго эл аралык уюмдар ири каражат сарптаганы менен, иштин алдыга жылышы жайбаракат жүрүүдө. Анын үстүнө, Кыргызстандын өзүнүн энергетикалык тармагы да кризистен башы чыкпай, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү иштери түшүмүн бербей келет. Креативдүү экономика жаңы келечекпи? Адистер ааламдашуу жана төртүнчү өндүрүштүк революциянын алкагында креативдүү экономиканын мааниси алдыңкы планга чыгарын айтышат. Мында экономикалык алакалар чек арасыз жана бюрократиялык чектөөлөрү аз ченде болот. Каржылык жактан мүмкүнчүлүгү чектелүү Кыргызстан үчүн билимге, инновацияга жана маалымат технологияларына негизделген экономика тармагынын баасы өсүүдө. Креативдүү индустрия тармагы келечекте улуттук экономиканын тоо-кен өндүрүшүнөн жана мигранттардын каражатынан көз каранды болбой калат деген ишеним зор. IT адиси, Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү Азис Абакиров табигый ресурстары жок Кыргызстан инновациялык өндүрүмдөрү менен дүйнөнүн булуң-бурчуна колун созо аларын белгиледи. “Бизге интернет бешинчи океан болуп калды. Биз ошону колдонушубуз керек. Бизде мунай, газ сыяктуу ресурстар жок болсо да, таланттуу жаштарыбыз бар. Бизде бир гана адамдык капиталыбыз бар. Ошол аркылуу дүйнөлүк деңгээлдеги атаандаштуу экономикаларга да колубуз жетет деп ойлойм. Биз үчүн чек жок, ал интернет. Англис тилин билсек, биз дүйнөгө чыга алабыз”. Бейрасмий статистика боюнча учурда креативдүү экономиканын үлүшү ички дүң өндүрүмгө карата 1% тегерегин түзөт. Бул тармакта 2025-жылга карата 45 миң жумуш орунун түзүү болжолдонот. Андай болгондо, индустриянын ички дүң өндүрүмгө кошкон салымы 22 млрд. сом же 250 млн. долларга чейин жетет деп эсептелет. Кыргызстандагы креативдүү индустриялар ассоциациясынын мүдүрү Назгүл Кубакаеванын баамында, болжолдонгон өнүгүүгө жетишүү үчүн бул тармак мамлекеттин колдоосуна муктаж. “Бул ишке ашышы үчүн мамлекеттин саясаты дагы креативдүү индустрияларга ылайыктуу түзүлүшү керек. Азыркы учурда Экономика министрлигинде “Креативдүү индустриялар паркын түзүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Эгерде ал мыйзам долбоору колдоого алынса, анда креативдүү индустриялар үчүн жакшы өбөлгө болот. Көмүскөдө иштеген тармактар ачыкка чыгып, “биз дагы барбыз, иштейбиз, мамлекеттин колдоосуна ынанабыз” деген мамиле түзүлөт”. Кыргызстан коңшу Казакстанды өзүнүн эң жакын стратегиялык өнөктөшү катары эсептейт. Казакстан өлкө экономикасындагы ири инвестор өлкөлөрдүн бири. Расмий маалыматтарга ылайык, 2005-жылдан бери кыргыз экономикасына 1 млрд. доллар инвестиция салган. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын тогуз айында Казакстандан 38 млн. 758 миң доллар инвестиция келген. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын соода алакасында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан 32% үлүшү менен экинчи орунда турат.



Кызыл

По уровню доходов жителей город занимает 71-е место в стране


Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Разговор с артисткой Аригмой Цыремпиловой о работе в Бургосцирке - Россия, Культура, Театр и Дети

Межрегиональный конкурс родного языка в Бурятии, Культура и Россия

Офицер Росгвардии принял участие в акции «Линейка памяти» в кызылской школе

По уровню доходов жителей город занимает 71-е место в стране

Новости Кызыла

Разговор с артисткой Аригмой Цыремпиловой о работе в Бургосцирке - Россия, Культура, Театр и Дети

Офицер Росгвардии принял участие в акции «Линейка памяти» в кызылской школе

Росгвардейцы отыскали без вести пропавшую женщину в Туве

Межрегиональный конкурс родного языка в Бурятии, Культура и Россия


В России насчитали минимум 87 снежных барсов

Межрегиональный конкурс родного языка в Бурятии, Культура и Россия

Не можем уступить ни миллиметра своей суверенной территории - Пашинян

Куличи в окопах и молитвы в блиндажах. Бойцы ВС РФ рассказали, как отмечают Пасху на передовой


Ощущение безопасности для жителей села Киранц – наличие границы с Азербайджаном: Пашинян – о нерешенных вопросах в Тавуше

Аншлаг на битве лидеров и проверка для "Жетысу". Что нельзя пропустить в 7-м туре КПЛ?

Жители Киранца начали шествие в направлении Еревана (ВИДЕО)

Жителей Тувы приглашают на ярмарку недвижимости по льготной ипотеке


Глава Тувы Владислав Ховалыг
Тува

Глава Тувы Владислав Ховалыг поздравил земляков с Первомаем


Частные объявления в Кызыле



Загрузка...
Rss.plus
Персональные новости
Песня

Рекламная Афиша Песни, Сингла, Альбома. Рекламная Афиша Автора или Исполнителя.



Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Кызыл на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.


© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 123ru.net в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, "My Love", Ru24.pro, Russia24.pro и др.

В театре Эстрады состоялся финальный показ музыкально-драматического спектакля «Дом окнами в поле»

Культура России: как прошёл конкурс бурятского языка для детей в Бурятии?

Рассылка Песни или Музыки на все Радиостанции России, СНГ и Мира, а также по всем СМИ России.

Выпуск Музыкального релиза. Релиз песни. Релиз Музыкального альбома.


Потапова и Павлюченкова вышли в полуфинал турнира WTA в Мадриде в парном разряде

На кураже: Рублёв пробился в финал «Мастерса» в Мадриде, Медведев снялся из-за травмы

Чех Легечка пожелал здоровья россиянину Медведеву, который снялся с их матча

«У меня больше нет сил бороться». Елена Рыбакина раскритиковала WTA


Two Skinny Pitties Reunite A Year After Rescue - The Dodo

Tom Aspinall says UFC 304 start time is ‘awful’ and should be changed as Brit provides update on next opponent

Online Alarm Clock for efficient time management

13 Crops You'd Be INSANE Not To Plant in May