Добавить новость
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11 12 13 14 15
16
17
18
19
20 21 22
23
24
25 26 27
28
29 30
31

Поиск города

Ничего не найдено

"Господин комузчу"

0 69
Бир ирет Маданият министрлигине барганымда мурда филармонияда оркестрде иштеп кеткен ардагер музыкант таанышыма жолугуп ал-акыбалды сурашып калдым. Ал пенсиясы аздыгына, маданият тармагы каралбай калганына кейип-кепчип арманын айтып бүтө алчудай эмес. Эс алуу багындагы отургучта орун алдык.


- Господин келатат,- деп калды.


Карасам, колуна газетаны бүктөй кармап чыкыйган бир киши биз тарапка басып келаткан экен. Аны менен учурашып, бир аз туруп узатып коюп кайра келди.


-Кайран талант, кезинде атагы дүңгүрөп турган. Карабайсыңбы, бу дагы карып баратканбы, көзүм начар көрүп, кулакты кудай алып баратат дейт. Тааныйсыңбы?


- Жок,- дедим ыңгайсыз болуп.


- Ой бул сенин агаң болот, атактуу комузчу, обончу "господин Бейшеке Жандаров" деген ушу, - деди отургучка чалкалай.


- Жандаров байке ушу турбайбы... Чыгармаларын билем, а эмнеге господин?


- Бейшекем Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде солист комузчу болчу. "Көкөй кестини" укмуш чертчү. Союз мезгилинде ал оркестр көп чет мамлекетке барып өнөр көрсөткөн. Ошондой чет өлкө сапарлардын биринде концерттен кийин бир журналист Бейшекеме келип "господин Жандаров, интервью берип коюңуз" деп микрофон сунат. Анда Бейшекем "Фрунзеде үй-жайы жок жүрсөм, кайдагы господин таңкөрү, менден интервью албай эле койчу" деп баш тартат. Ошентип биз Фрунзеге (азыркы Бишкек) келгенде Бейшекемди партчиновниктер, КГБ "төө бастыга" алып чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салган. Ошондон кийин Бейшеке абдан чүнчүп кеткен, - деди ал.




Бейшеке Жандаров жалындаган жаш кезинен баштап өзүнүн бактысын улуу комузчулар Карамолдо Орозовдун, Токтогул Сатылгановдун, Атай Огомбаевдин, Ыбырай Тумановдун залкар күүлөрүн чертүүдөн издейт. Жаш шайыр 1953-жылы Бишкектеги Муратаалы Күрөңкеев атындагы кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын босогосун аттайт. Эл аспаптар бөлүмүндө профессор Асанбек Асакеевдин классында окуйт.


2-курстан Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштей баштайт. Ошентип ал окуп да, иштеп да күндөн күнгө комузга, күүгө болгон сүйүүсү баштагындан да жалбырттай жанат. Комузчу, обончу, аткаруучу катары калың элге таанылды.


Бейшеке Жандаровдун жээни азыр Кеминдин Ильич айылында жашаган, жашы сексенди таяп калган Айнакан апа:


"Бейиши болгур Бейшеке таякем бетке чабар, өзүнүкүн бербеген, айтканынан кайтпаган мүнөзү бар эле. Кийинчерек үй-бүлөсүндө да өйдө-ылдый болуп, шаарды таштап Кеминге -  Быстровкадагы маданият үйүндө, музыкалык мектепте иштеп калды", - деп эскерет.


"Бейшен мектепте окуп жүргөндө эле комуз чертчү. Классыбыз менен концерт даярдап майрамдарда, салтанаттуу күндөрдө концерт берчүбүз. Ошондо эле аябагандай уюштуруучулук жөндөмү бар бала болчу. 1954-жыл болсо керек, Фрунзеге окууга кетти кийин атактуу комузчу, обончу болбодубу. Анын "Кызыл гүл" деген ырын мен ырдап кыргыз радиосунун алтын фондуна жаздырганбыз" -деп классташы, 82 жаштагы Фатима Абдымомунова сыймыктануу менен эскерди.


"Комузду Бейшекедей мыкты ойногон комузчуну жолуктура элекмин",- деген профессор Асанбек Асакеев.


Бейшеке Жандаров музыкалык окуу жайда окуп жүргөндө эле Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине ишке алынган. Оркестр менен Асанбек Кыдырназаровдун "Кыргыз көчүн", "Көкөй кестини" аткарып мыкты комузчулугун көргөзөт. Атайдын "Ак тамак, көк тамагына" жан киргизип, Шекербек Шеркуловдун, Карамолдонун күүлөрүн эл арасына жайылтканга салымы зор болгон.




1980-жылдардын соңунда айылдагы мектепте таанымал комузчу ийрим түзгөнүн угуп, сураштырсам ал атактуу обончу аткаруучу Бейшеке Жандаров экен. Чынында ишенген жокмун. Кантип эле Жандаров ушул мектепте иштеп калсын деп ойлодум. Убактысын болжоп, мектепке барсам актовый залында комуздун добушу чыгып жатат. Баш багып калдым. Комузун токтотуп:


- Кел жигит, кайдан? Кимди издеп жүрөсүң? - деп шектүү карады. (КГБ деди окшойт).


Мен ушул айылдан экенимди, атайы учурашканы келгенимди, Нарын театрында иштеримди, Асанбек Асакеев агайдан окуганымдан бери айтып жибердим. Ошондо жай отуруп өткөн-кеткенди кенен сүйлөшкөнбүз.


- Агай, элдик ырга айланган "Айылдын ары жагынан" деген ырыңызды кайсы айылдан чыгардыңыз эле?-дедим кепке тартып.


- А-а, ал "Сагынуу" деген ыр. Кайдан чыгармак элем, Фрунзеде эле. Ушул Кичи-Кеминдин сай тарабындагы колхоздун калың алма багы бар эмеспи. Май айында гүлдөгөндө бир укмуш керемет кооз жер болуп калат. Мына ошону эстеп, жаштык кезден бир элес катары эргип чыгаргам. Текстин өзүм чиймелеп, анан белгилүү акын Какен Алмазбеков кыябына келтирип берген. Ошентип сөзү менен обону төп келип эл оозунан түшпөй калды.


Анын "Сагынуу" ырынын тексти:


Айылдын ары жагынан,


Алмалуу колхоз багынан.


Кеч курун иштен тең кайтып,


Келаткан күндү сагынам.


Алыстан суунун шарынан


Айтылып сырлар абыдан,


Ар дайым бирге болууга,


Антташкан күндү сагынам.




Жаштыктын ошол чагынан,


Кеталбай алыс жанынан.


Кылчактап улам кайрылып,


Коштошкон күндү сагынам.


Жаштыктын ошол чагынан,


Тең татып өмүр балынан,


Колунан кызыл гүл алып,


Коштошкон күндү сагынам.




Сагынам жаным сагынам,


Алыссың кантем жанымдан.


Сүйгөнүн эстеп сагынуу,


Эң кыйын экен баарынан.


Алгач бул ырды Зейнеп Шакеева ырдап чыгып, элдик ырга айланат.

1980- жылдарда Кичи-Кемин мектебинин директору Койсун эже:


"Атактуу комузчу, обончу Бейшеке агай музыка сабагынан мугалим болсомбу деп келиптир. Музыка сабагынан мугалимдин штаты бош эмес болчу, анан мектепте комуз ийримин уюштуруу боюнча макулдашып, агайга шарт түзүп бердик. Комузга кызыккан окуучулар көбөйдү, комуз үйрөнгөндөр мындан көп болду",-деп кеп салган.


2006-жылы жазга маал агай дүйнө салып, сөөгү Кеминдин Ильич айылына  коюлган. Ошондой атактуу киши менен иштегенине мектептин жамааты биз абдан сыймыктанчубуз. Ильичтеги жээни, жашы сексенди таяп калган Айнакан апанын айтымында, Жандаровдун бала-бакырасы өз турмуштары менен Бишкекте.


Кесипкөй музыка иликтөөчүлөрдүн баамында, Жандаров залкар күүлөрдү так, даана түп нускаларындай таза чертүү менен айырмаланган.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

В Горно-Алтайске прошел окружной учебно-методический сбор с начальниками пресс-служб территориальных органов Сибирского округа Росгвардии

Росгвардейцы Тувы за сутки задержали находившихся в федеральном розыске двух граждан по разным эпизодам

В ходе рейдов инспекторов рыбнадзора и бойцов ОМОН в Туве оштрафованы нарушители законодательства

На базе стрельбища Росгвардии Тувы силовики выявили сильнейших стрелков

Новости Кызыла



Глава Тувы Владислав Ховалыг

Частные объявления в Кызыле



Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Кызыл на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.